Ош шаарынын Ардактуу атуулдары

| № | Аты жөнү | Ишмердүүлүгү |
| 1. | Даррел Д.Люти | Ош шаарынын жана Америка Кошмо Штаттарынын Хьюстон шаарынын ортосундагы соодалык кызматташ байланышын бекемдөөгө салымын кошкон АКШнын Хьюстон шаарынын мэри |
| 2. | Тетсуджи Танаке | Кыргыз Республикасынын Президентинин экономика маселелери боюнча Кеңешчиси |
| 3. | Латибжанов Тухтасин | Ош шаарынын коммуникациясынын өнүгүүсүнө жана өркүндөшүнө зор салым кошкон ишмер, депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин I чакырыгынын төрагасы |
| 4. | Камилжан Атаханов | Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоосуна зор салым кошкон медицина илимдеринин кандидаты |
| 5. | Таш Мияшев | Акын, прозачы, драматург, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер |
| 6. | Акимбаев Орозбек | Ош областынын жана Ош шаарынын өнүгүшүнө зор салым кошкон ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки жолку депутаты, Ош шаардык Кеңешинин I чакырыгынын депутаты |
| 7. | Сабиров Равшан | Ош шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө жана инфраструктурасынын жакшыруусуна зор салым кошкон инсан, Ош шаардык Кеңешинин төрт чакырыгынын депутаты |
| 8. | Турдубаев Эркин | Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Республикасынын тоо-кен өндүрүшүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон ишмер |
| 9. | Мухиддинов Таджидин | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Кыргыз Республикасынын ИИМнин ардагери |
| 10. | Сатыбалдиев Жантөрө | Ош шаарынын инфраструктурасынын өнүгүшүнө, социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө зор салымын кошкон Ош шаарынын биринчи мэри |
| 11. | Сергеев Виталий Прокопьевич | Көп жылдар бою Ош областынын саламаттыкты сактоо тармагында эмгектенген, Ош областтык оорукананын түптөлүшүнө, курулушуна, өсүп-өркүндөшүнө зор салымын кошкон инсан, «Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген даарыгери», “СССРдин элдик врачы» наамдарынын ээси |
| 12. | Атабаев Данияр Суйунович | Ош шаардык Кеңешинин IIIжана IV чакырылыштарынын депутаты, ишкер |
| 13. | Өмүрзаков Сүйүнбек | Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору |
| 14. | Эргешбай уулу Курсантбек | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы тарабынан “Мыкты салык төлөөчү” наамы ыйгарылган “Сафари” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, ишкер |
| 15. | Камчыбеков Калмат | “Даңк” орденинин кавалери, СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу |
| 16. | Эсенбаев Куттубай | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосунун мыктысы, эмгек ардагери |
| 17. | Атамбаев Алмазбек Шаршенович | Кыргыз Республикасынын экс-президенти |
| 18. | Нурунбетов Балтахун Аттокурович | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, профессор |
| 19. | Асилбекова Дарийкан | коомдук ишмер |
| 20. | Азимов Худайберди | Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер, Ош шаардык Кеңешинин эки жолку чакырылышынын төрагасы, персоналдык пенсионер |
| 21. | Алиев Алмазбек Маматович | Ош шаардык Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, жеке ишкер |
| 22. | Алдаяров Абдиманап Мирзаевич | жеке ишкер |
| 23. | Төлөнөв Байыш | Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер |
| 24. | Кокочоров Долатбек Курманбекович | Ош шаардык Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты, муниципалдык кызматтын мыктысы |
| 25. | Асанов Курсан Сатарович | Милициянын генерал-майору |
| 26. | Алыкулов Мукамбек Калмаматович | Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты |
| 27. | Абытов Байболот Капарович | Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги |
| 28. | Эсенбаева Гульсана Баараимовна | Апрель революциясынын баатыры, Ош шаардык Кеңешинин эки жолку чакырылышынын депутаты |
| 29. | Абилдаев Болот Ералханович | Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти |
Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)
