Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңеши жетектөөчү адис ваканттык кызмат орунун ээлөөгө кароо-сынак жарыялайт

Ош шаардык Кеңеши жетектөөчү адис ваканттык кызмат орунун ээлөөгө кароо-сынак жарыялайт

14 декабрь 2020, Понедельник
1 903
0
Ош шаардык Кеңеши жетектөөчү адис   ваканттык кызмат орунун ээлөөгө 
кароо-сынак жарыялайт 
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
-  жогорку кесиптик билим же орто кесиптик билим (Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык-экономикалык, Айыл чарба, Медициналык, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика, Маалыматтык технология адистиктери боюнча).
2.Иш стажы жана иш тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:

-  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
- “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
- Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын: 
- “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
- “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”;
- “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдары. 
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №517 токтому.
Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн  зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди.
Билгичтиги:
- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
- натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
- ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
- командада иштөө.
Көндүмдөрү:
- мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; 
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
Жетектөөчү адистин функционалдык милдеттери:
- шаардык Кеңештин тиешелүү туруктуу депутаттык  комиссиясы менен иш алып барат;
- тейлеген туруктуу депутаттык комиссиянын аткара турган иштери боюнча жылдык пландарды түзөт, аткарылышынын жыйынтыгы менен отчетторду даярдайт, комиссиянын отурумдарынын протоколдорун алып барат, шаардык Кеңештин сессияларынын  кароосуна киргизилүүчү маселер боюнча токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгат;
- сессияларга, отурумдарга депутаттардын жана өзү тейлеген маселелер боюнча чакырылгандардын катышуусун камсыз кылат;
- тейлеген туруктуу депутаттык комиссияга тиешелүү болгон маселелер боюнча жарандардан, жеке жактардан, мекеме ишканалардан келип түшкөн каттар жана арыздар менен иш алып барат;       
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коомдук органдары жана муниципалдык аймактык башкармалыктары менен иш алып барат;
- аксакалдар соттору менен иш алып барат жана аларды каттоого алат. Аксакалдар сотторунун төрагаларына жана алардын мүчөлөрүнө күбөлүктөрдү жасатып берүү боюнча иш жүргүзөт; 
- сессиялардын  стенограммаларынын бөлүнүп берилген бөлүгүн  жазат;  
- шаардык Кеңештин жана бөлүмдүн ишмердигине тиешелүү башка иштерди аткарат. 
Кароо-сынакка катышуу үчүн керектелүүчү документтер:
  1. Кароо-сынакка катышуу жөнүндөгү жеке арыз.
  2. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык ырасталган).
  3. Өздүк баракча.
  4. Сүрөт 3х4 өлчөмүндөгү (2 даана).
  5. Эмгек китепченин көчүрмөсү (нотариалдык ырасталган).
  6. Поспорттун көчүрмөсү.
  7. Өмүр баян.
  8. Резюме.
Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Ленин көчөсү-221, №39-кабинет. 
Сурап билүү телефону 7-11-96, 5-55-12.
Кароо-сынакты өткөрүүнүн убагы жана датасы кошумча маалымдалат.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)