Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

12 июнь 2023, Понедельник
420
0


             Бүгүн, 12-июнь күнү Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Отурумду тукуртуу депутаттык комиссиянын төрагасы Бексултан Усонов алып барып, мүчөлөрү Х.А.Исамова., Н.Ж. Мурзахмедов.,  Р.А.Мирзаева   катышышты.


Күн тартибиндеги төмөнкү маселелер каралды.

1. Ош шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн жана женилдиктерди алууга укугу бар тургундарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарына социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө.

2. Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигин менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобосун жана 2023-2024-жылдарга карата ош шаарынын мэриясындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө.

3. Ош шаардык жарандык абалдын актыларын жазуу, паспортташтыруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн аткарылган жана аткарып жаткан иштери жөнүндө.


        Каралган маселелер депутаттар тарабынан кеңири талкууланып, суроо сунуштар айтылып, чечимдер кабыл алынып, шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)