Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата иш-чара болуп өттү

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата иш-чара болуп өттү

23 июнь 2023, Пятница
655
0



Бүгүн, 23-июнда Ош шаарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленип, сыйлоо аземи болуп өттү. 

Ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековшаар мэри Бакытбек Жетигенов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты. 

Салман Назылбеков Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат — бул өзгөчө мамилени жана өз милдеттерин кесипкөйлүк менен аткарууну талап кылган чөйрө экендигин билдирди. 

Мамлекеттик жана муницпалдык кызматчылар билимдүү, чарбачыл жана өз ишин сүйүп иштеген жерде ар дайым өнүгүү жана өсүү болот. Ушул залда отургандардын, учурда өз жумушунда жүргөн кызматкерлердин ар биринин шаарыбыздын өнүгүүсүнө кошкон салымы бар. Ал үчүн мен сиздерге ыраазылык билдирем. Коомубузда кандай гана учур, кандай гана кырдаал болбосун биздин бир гана кызыкчылык – бул мамлекеттин кызыкчылыгы болушу керек. 

Сиздерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик күнү менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктайм!

Ишиңиздерге албан ийгиликтерди каалап, мамлекетибиз, элибиз үчүн ак кызмат кылууга баарыңыздарды чакырам жана Сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт, бактылуу турмуш каалайм.

Иш-чаранын жүрүшүндө төрага Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон барандуу салымы, ак ниет эмгеги үчүн бир нече кызматкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды. 

Айта кетсек, БУУнун Ассамблеясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын коомдогу ордун жана ролун эске алып, 2002-жылдын 20-декабрында 23-июнду Мамлекеттик кызматкерлердин күнү катары белгилөө чечимин кабыл алган. 

Ошол күндөн бери жыл сайын 23-июнь күнү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленип келет.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)