Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат

14 август 2023, Понедельник
419
0

Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндө маалымат

          Ош шаардык Кеңеши 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгында   бекитилген иш план боюнча жана андан тышкары дагы иштерди алып барды. Аталган убакыт ичинде 4 жолу  шаардык Кеңештин сессиясы өткөрүлүп, аларда ар кандай тармактарды   камтыган 38 маселе каралды. Атап айтканда, киреше жана чыгаша   бөлүктөрү 2 509 306,2 миң сомду түзгөн  Ош шаарынын 2023-жылга бюджети кеңири  коомдук талкуудан өткөрүлүп,  бекитилди.  Бул сумма 2022-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 908 796,2 миң сомго көп дегенди билдирет. Ошондой эле, “Улуу Жибек жолун жандандыралы” аталышындагы Ош шаарын 2023-2026-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасы,  “Ош шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча Эрежелер”,  “Ош шаарындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө” Жобо  бекитилди.  Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы   тарабынан аткарылып жаткан  иштер жөнүндө, Ош шаарында калктын саламаттыгын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө,  Ош шаарындагы айрым жолдорду тартипке келтирүү жөнүндө, Ош шаарынын мэринин 2022-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана   бюджетинин аткарылышы боюнча   отчету жөнүндө, Ош шаарында коомдук коопсуздукту камсыздоо,  жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук  бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу,  диний агымдардын жана экстремисттик-террористтик  көз караштагы кыймылдардын терс көрүнүштөрүнө  карата көрүлүп жаткан иштери жөнүндө,  Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуунун  жана пайдалануунун абалы жөнүндө, Ош шаарынын мэриясынын  Ош шаарына инвестиция тартуу, тышкы экономикалык байланыштарды түзүү жана ишкерлерге түзүлгөн шарттар  боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө, “Ош шаарынын мэриясынын  борбордук базар дирекциясы” жана “Жапалак унаа базары”муниципалдык ишканаларынын   жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө жана башка  шаардын жана шаардыктардын турмушуна түздөн-түз тиешеси бар маселелер каралып, аларда орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чечимдер кабыл алынып, аткаруу үчүн тиешелүү  жактарга тапшырылды. Алардын ичинде  “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалынын аймагында поликлиника куруу,   таштанды таштоочу жай “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкандыгына байланыштуу  ал жерде жашоочуларга тийгизген зыяндуулугун аныктап, таштанды үчүн төлөнүүчү акыны женилдетүү,шаардын жарандарына ыңгайлуу шарт түзүү максатында шаарда  тез жардам бекетинин филиалдарын ачуу,  А.Масалиев көчөсүндөгү айлампадан  (Грензовод) тарта Ош шаарындагы №2 К.Маркс атындагы орто мектебине чейин А.Шакиров көчөсүнө оор жүк ташуучу унааларды жол боюна токтотууга (парковка) тыюу салуу,  Ы.Монуев жана А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган жол чыракты жана шаардагы башка жол чырактарын текшерүүдөн өткөрүү, жол тыгындарын азайтуу максатында аларды  кайра программалоо,  Ош шаарынын аймагындагы ички жолдордун абалын көзөмөлгө алуу жана аларды оңдоо сыяктуу көптөгөн маселелер бар.

          Шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдордун аткарылышын жана  бюджеттик каражаттардын максаттуу жана туура пайдаланылшын    көзөмөлдөө боюнча иштер  жүргүзүлдү. Бул багытта шаардык Кеңештин туруктуу депутаттык комиссиялары жергиликтүү  бюджеттин эсебинен шаарда курулган тротуарлардын,  Масалиев проспектисинин курулушун, Масалиев проспектиси менен Навои көчөсүндө курулуп жаткан жер үстүндөгү жөө өтмөктүн курулушун, шаардык стадиондун ремонтун, 6 миң кубдук  4 даана  суу резервуарларынын курулушун,  6 жаңы курулган жана 6 калыбына келтирилген  суу скважиналарын, Ленин көчөсүндөгү 1 км  аралыктагы жолдун жана тирөөч дубалдын курулушун, Т-формасындагы жол менен туташтыруучу,  поезд жолундагы 20м  өтмөк жолдун, Амир-Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында жана Жапалак  айылдык аймактык   башкармалыгында курулуп жаткан 100 орундуу  бала бакчалардын курулушун,  менчиктештирүү программасына киргизилген   28 муницпалдык обьекттин  абалын   жерине  чыгып көрүшүп, аткарылып жаткан иштердин сапаттары боюнча өз пикирлерин билдиришип, орун алган кемчиликтерди  жоюу жана  бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарын  беришти. Айрыкча жаңы курулган тротуарлардын сапаты  начар экендигин белгилешип, аларды оңдоо боюнча шаардык жолдор башкармалыгына катуу талап коюшту.

Ош шаардык Кеңеши,   муниципалдык аймактык башкармалыктардагы жолугушуулар  учурунда шайлоочулар тарабынан берилген  суроо-талаптардын аткарылышын көзөмөлдөп турат. Шайлоочулардын  суроо-талаптарын аткаруу үчүн, үстүбүздөгү жылы,   Ош шаардык жолдор башкармалыгы аркылуу шаардын жолдорун жана тротуарларын асфальттоо үчүн 33500,0 миң сом, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн алдына балдар ойноочу жана кичи футбол аянтчаларды, ошондой эле саркынды суу түтүктөрүн тартуу үчүн 16500,0 миң сом акча каражатары каралган.  Эскертип кетүүчү нерсе,  бул акча каражаттары эки ишкананын капиталдык курулуш боюнча негизги титулдук баракчасында каралган акча каражатынан сырткары,  шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча эл өкүлдөрүнүн демилгеси менен бөлүнүп жаткан акча каражаттары болуп эсептелет. Депутттардын демилгеси менен,  Амир-Темур кичи шаарчасынын №53 орто мектебинин бүтпөй турган жыйындар залы жана ашканасын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү,   Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көп жылдан бери суранып келе жаткан кайрылуусунун  негизинде, кыргыз тарыхындагы  маанилүү   ордун эске алып, Алай канышасы  Курманжан Датканын айкели анын туулуп өскөн Орке айылында  тургузулду. Айкелдин бийиктиги 2,10 метр, постаменти менен 4,20 метрди түзөт.  Ушул эле башкармалыктын Тээке айылында узундугу 1 чакырым аралыктагы жолду түнкү  жарыктандыруу иштери аяктады. 

Ош шаардык Кеңеши  муниципалдык чарба маселелерин  такай көзөмөлгө  алып турат.  Шардагы ээлери аныкталбаган электр көмөк чордондорун райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү,  ошондой эле  Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ишканаларынын эскилиги жеткен, жараксыз болуп калган автоунааларын эсептен чыгаруу боюнча маселелер туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарында талкууланып, алардын аткарылышы боюнча шаардык мэрияга жана тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Азыркы учурда шаар боюнча  бардыгы болуп 2048 көмөк чордону болсо,  алардын ичинен  620сы    ээсиз болуп эсептелет. Ээси жок болгондуктан, аларды тейлөө  кыйынчылык туудуруп, алардан пайдаланган калкты электр энергия  менен камсыздоо үзгүлтүккө учуроодо.  Азркы учурда  ээсиз делген 620 көмөк чордондун 31нин документтери даярдалып бүткөн.  Бул маселелер туруктуу депутаттык комиссиянын көзөмөлүндө турат. 

Социалдык  тармак   боюнча бир топ  иштер  аткарылууда. Бул тармакты караган туруктуу депутаттык комиссия  Кармышак Ташбаев атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагына,  мектептерге, балдар бакчаларынва  жана фельдшердик-акушердик пункттарына барып, алардын иштери жана  абалы менен  таанышып чыгышты. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын  Орке айылындагы фельдшердик-акушердик пунктунун,  №60 “Арча-Бешик” балдар бакчасынын, №52-мектептин, №29-мектептин,  №16-мектептин   абалдарын жакшыртуу  жана жылытуу системаларынын ишин  жолго салуу боюнча  мэрияга жана билим берүү башкармалыгына  сунуштарын беришти.  

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбековдун демилгеси менен мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчалары  жөнүндө маселени көтөрүп,  бүгүнкү күнү аларды муниципалдык менчикке кайра кайтаруу боюнча иштер алып барылууда. Бул маселе боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлүп,  башка жактарга берилип кеткен бала бакчаларынынын   азыркы учурдагы абалы жана  кандай багытта иштетилип жаткандыгы менен   жеринде таанышып  чыкты. Аныкталган маалыматтар  боюнча бардыгы болуп 35  бала бакча, анын ичинен  15и жеке менчикке, 20сы мамлекеттик мекемелерге берилип кеткен. Азыркы учурда мамлекеттик мекемелерге берилип кеткен  17 бала бакчаны  кайтаруу   боюнча маселе Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна сунушталды.

          Ош шаардык Кеңеши маданият тармагын өнүктүрүүгө анын ичинде шаардыктар үчүн маданияттуу эс алууга жакшы шарттарды түзүүгө, эс алуучу жайларды, парктарды, сейил бактарды жашылдандырып, көрктөндүрүүгө көңүл буруп келүүдө. Шаарда элге белгилүү болгон эки чоң парк - Навои жана Токтогул атындагы парктар бар. Тилекке каршы,  бул парктар өз багытында  пайдаланылбай, айрыкча Навои паркы, андагы дарактардын көбү кыйылып, эс алуучу жай эмес, кирген адамды чарчата турган,  соода-сатык жайлары жана  эсепсиз   оюн-зоок  аттракциондору  жайгашкан базарга эле айланып калган. Бул жөнүндө шаардыктардан депутаттардын атына көптөгөн сын-пикирлери  келип түшкөн.    Парктагы   муниципалдык жерлерди  ижарага алгандардан шаардын бюджетине айына болгону 115миң сом  түшүп, негизги пайданы ижарачылар гана көрүп калышкан. Анткени,  алар пайда көрүү максатында ижарага алган жерлерин башка ишкерлерге субарендага берип, парктын ичинде дээрлик бош жер калган эмес.   Мындан улам, шаардыктардан түшкөн көптөгөн кайрылууларды эске алып, шаардык Кеңеш, жакында эле реконструкция болгон   Токтогул паркын дагы  базарга айландырбастан, шаардыктар бош убактыларында   тынч отуруп, китеп, гезит окуп, музыка угуп эс ала турган, эрте менен, кечинде Ак-Буура дарыясын бойлой сейилдеп, же спорт менен машыгып, рахат ала турган жайга  айландыруу максатында, Т.Сатылганов атындагы эс алуу паркында аттракцион, батут, велосипеддерди ижарага берүү жана башка балдардын оюн-зоок курулмаларын жайгаштырууга тыюу салуу, майрам күндөрдөн сырткары соода сатык иштерине жол бербөө, ал эми А.Навои эс алуу паркында, муниципалдык жерлерди ижарага берүүдөн шаардын бюджетине түшүүчү каражаттарды көбөйтүү максатында,  иш жүргүзүп жаткан жеке ишкерлер менен Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын ортосунда түзүлгөн келишимдерди башкадан карап чыгып, аукцион өткөрүү жөнүндө  2022-жылдын 29-сентябрында токтом кабыл алган жана анын аткарылышы шаардык Кенештин көзөмөлүндө турат.

Ош шаардык Кеңешинде республикадагы жергиликтүү кеңештер менен байланышты, достукту, өз ара кызматташууну чыңдөө боюнча иштер  аткарылууда.   Бул багытта,  Ош шаары,  Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Баткен, Нарын, Талас шаардык кеңештеринин эл өкүлдөрүн жана аппарат кызматкерлерин  Ош шаарында тосуп алып,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  маселелери боюнча тажрыйба   алмашуу, шаардын  тарыхы, кооз жерлери,  бир катар мекеме-ишканалардын ишмердиги  менен тааныштыруу  иш-чараларын жүргүздү. Ошондой эле,  аталган  6 шаардык кеңештердин депутаттарынын  ортосунда  футбол   боюнча достук беттешүү өткөрүлдү.


Ош шаардык Кеңешинин  иш планында белгиленгендей, шаардык  Кеңештин депутаттары эл аралык уюмдар, коомдук уюмдар, башкаруу органдары  тарабынан өткөрүлгөн,  тренингдерге, семинарларга  жана башка иш-чараларга катышып, билим деңгээлдерин жогорулатып, иш-тажрыйбаларын арттырышууда. Бул багытта, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын тобу Россия Федерациясынын Казань шаарында “Евразия шаарлары жана глобалдык тренддер” деген темада “Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийликтер” Бүткүл дүйнөлүк уюмунунун (ОГМВ) Евразиялык аймактык бөлүмү жана Казань шаарынын мэриясы уюштурган евразиялык тренингге катышып келишти. Андан депутаттар эл аралык муниципалдык  кыймыл  чөйрөсүндө шаарларды өнүктүрүү, муниципалитеттер аралык өз ара кызматташуунун күчөтүү, эң жакшы практикалар менен алмашуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу,  туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарын ишке ашырууда жергиликтүү бийликтердин катышуусун камсыздоо, глобалдык максаттарды ишке ашырууга жана дүйнөлүк   маанидеги  көйгөйлөрдү чечүүгө салым кошуу  жөнүндө угуп, үйрөнүп, практикалык иштерге катышып, билим алып келишти. 

Ош шаардык Кенешинде, Эл аралык республикалык институту  “Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун укуктары, ролу жана орду” деген темада семинар өткөрүп, анда   Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешеси бар мыйзамдар боюнча кеңири түшүнүктөр берилип, аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө презентациялар жасалды. Ошондой эле, иш-чарада мамлекетте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун таасирин күчөтүү боюнча эдвокаси карталарын түзүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишмердигиндеги чечүүнү талап кылган маселелерди иликтеп табуу, аларды чечүү үчүн борбордук бийлик органдары менен байланышта иш алып баруу боюнча   кичи топтордо практикалык иштер алынып барылып,  депутаттар жергиликтүү  көйгөйлөрдү чечүү багытында  иш-тажрыйбаларын арттырышты.

Депутаттардын тобу, “Аракет” коомдук бирикмеси   тарабынан уюштурулуп,   Ош шаарынын пилоттук  конуштарынын өкүлдөрү  үчүн муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана кварталдарда өткөрүлгөн коомдук форумдарга катышып, жер-жерлерде орун алган көйгөйлөрдү изилдөө,   анын максаттары жана   методологиясы,  негизги жыйынтыктарды көрсөтүү, кичи коомдук кеңештерди түзүү, алардын ролдору жана функциялары,  аталган иштерди аткаруу жолу менен көйгөйлөрдү чечүү жөнүндө түшүнүктөргө ээ болушту. 

Ош шаардык Кеңешинде бардык иш кагаздар электрондук түргө өткөрүлүп, кирген-чыккан документтерди каттоо “Инфодокс” системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Жыл башынан бери  592    кат кирген, анын  54ү жогорку органдардан,  485и  мекеме-ишканалардан,  53ү   жарандардан келген кайрылуулар. Катталып кирген бардык  каттар   мыйзам чегинде   каралып,  алардын   ээлерине тиешелүү жооптор   берилген. 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)