Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү

06 август 2020, Четверг
1 051
0

2020-жылдын 6-август күнү Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму өткөрүлдү. Отурумга комиссиянын төрагасы Н.Рашев, мүчөлөрү К.Камчы уулу, Х.Хакимов, Э.Раимов, А.Турдубай уулу, Н.Алимбеков, аткаруу органынын өкүлдөрү жана тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери катышышты.

Өтурумда өзгөчө кырдаал учурунда курулуш жаатында шмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ишкерлердин ишине бөгөт койбоо жана карантин нормаларын сактоо менен иш жүргүзүү максатындагы маселелер талкууга алынып, күн тартибиндеги маселелердин чегинде суроолор жана тапшырмалар берилди. 

Комиссиянын мүчөлөрүнүн сунушунун негизинде аталган маселени Ош шаардык Кеңешинин сессиясында сурамжылоо жолу менен кабыл алуу боюнча токтом кабыл алынды.

Отурум учурдун талабына ылайык санитардык эрежелерди сактоо менен өткөрүлдү. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)