Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында жергиликтүү жамааттын элдик курултайы өткөрүлөт

Ош шаарында жергиликтүү жамааттын элдик курултайы өткөрүлөт

20 сентябрь 2023, Среда
486
0

Ош шаарында жергиликтүү жамааттын элдик курултайы өткөрүлөт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин токтомуна ылайык,  2023-жылдын 18-ноябрында, саат 10:00 дө Ош Улуттук кыргыз драма театрында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын  курултайы өткөрүлөт. 

Токтом

2023-жылдын 13-сентябры                  № 164                       Ош шаары


Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайын өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:

  1. 2023-жылдын 18-ноябрында саат 10-00 дө Ош Улуттук кыргыз дарама театрында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайы өткөрүлсүн.
  2. Курултайдын жалпы делегаттарынын саны 300 деп белгиленсин.
  3. Курултайдын кун тартибине төмөнкү маселе киргизилсин:

1.2023-жылдын 15-декабрында өтө турган Элдик курултайга делегаттарды шайлоо.

4. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайын уюштуруу жана өткөрүү бекитилсин (тиркеме 1).

5. Муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак аймактык башкармалыгында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүүнүн графиги, делегаттарды өкүлчүлүк чени  жана чогулуштарды алып бара турган депутаттардын тизмеси бекитилсин (тиркеме 2).



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)