Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун Ош шаар күнүнө карата куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун Ош шаар күнүнө карата куттуктоосу

05 октябрь 2023, Четверг
421
0

Урматтуу Ордолуу Ош шаарыбыздын тургундары жана меймандары!


Баарыңыздарды Ош шаарыбыздын майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм.

Ош шаары 3000 жылдан ашуун тарыхы бар, чыгыш жана батыш өлкөлөрүн байланыштырган Улуу Жибек жолундагы маанилүү жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүндө өзгөчө ролу, орду бар байыркы шаар. Бекеринен «Ош шаары – Кыргызстандын жүрөгү» деп айтылбаса керек.

          Мамлекетибиз эгемендүүлүктү алгандан бери шаарыбыздын жашоо турмушу бирде ылдый, бирде жогору көтөрүлүп, аны көп улуттуу элибиз чыдамкайлык, сабырдуулук менен жеңди. Ар бир шаардын тургуну «бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», бирдиктүү, ынтымакты туу тутуп, өнүгүү жолуна түштү. Өзгөчө кийинки жылдары сүйүктүү шаарыбыз Түштүк борбору статусуна ылайык келип, мартабасы жогорулоодо. Ага баарыбыз күбө болуудабыз. 

Бул жетишкендиктерге шаардыктардын эбегейсиз эмгеги зор. Шаардагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө, мыйзамдуу иш-аракеттерге туура түшүнүү менен аткаруу бийлигине чоң жардам беришүүдө. Бул, жаңы көпүрөлөрдүн, жолдордун салынышы, социалдык жана жеке менчик багытындагы имараттар, маданий, спорттук жайлар, мектеп, бала бакча жана башкалар курулуп, шаардын көркүн ачкан, карт тарыхыбызды эске салып, жаштарды патриоттук духта тарбиялоодо терең мааниге ээ болгон көп иш-чаралар эсептелет.

          Ош шаардык Кеңешинин депутаттары жергиликтүү бийлик менен биргеликте  көп улуттуу шаарыбызда биримдикти, туруктуулукту, тынчтыкты сактоодо колубуздан келген аракетибизди жасап, шаарыбыздын келечегин жана өсүп-өнүгүүсү өз колубузда экендигин көрсөтүп келе жатабыз.

          Анткени, баарыбыздын максатыбыз да, тилеген тилегибиз да ушул десем эч жаңылбаган болоор элем.

          Ылайым баарыбыздын Ордолуу Ош шаарыбыз ар тараптан гүлдөп, өсүп-өнүгө берсин. Ал үчүн шаарыбыздын патриоту катары баарыбыз өз салымыбызды кошолу. Ылайым Ош шаарыбызда аманчылык, тынчылык болсун, жылдызы жанып, асманы ачык болсун. 


Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                                 С.С.Назылбеков


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)