Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XXI сессиясы өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XXI сессиясы өткөрүлдү

11 октябрь 2023, Среда
321
0

 


Бүгүн, 11-октябрда Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XXI сессиясы болуп өттү

Сессияны баштаардын алдында  Ош шаардык Кенешинин төрагасы Назылбеков Салман Сатыгулович жаңы депутаттык мандат алган “Улуттар Биримдиги”  депутаттык фракциясынын мүчөлөрү Гулсара Турдубаеваны, Талантбек Кадыровду, Аскат Токтосуновду  депутаттарга тааныштырды жана    Ош шаардык Кеңешинин ишмердүүлүгүн жакшыртууга салым кошкон депутаттарга  Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын  тапшырды. Андан соң сессия ачык деп жарыяланып,  сессиянын күн тартибинин долбоору каралып, депутаттардын   сунуштарынын негизинде  анда белгиленген  10 маселенин ичинен 2 маселе алынып салынды жана бир маселе кошумча киргизилди. Жыйынтыгында, 9 маселеден турган  сессиянын күн тартиби  бекитилди.

Каралган ар бир маселе кызуу талкууланып,  депутаттар тарабынан суроолор берилип, сын-сунуштар айтылып, эң көп талаш-тартыш жараткан “Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкелерин сатууга мораторий жарыялоо жөнүндө” жана “Жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө” маселелер, кайрадан  карап чыгуу үчүн,   сессияга сунуштаган тараптар  жактан кайтарылып алынды.  


Сессияга Ош шаарынын мэринин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери, укук коргоо  органдарынын   жана   жалпыга  маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)