Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

22 декабрь 2023, Пятница
276
0

      Бүгүн, Кыргыз Республикасынын энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы            С. Назылбеков, Президенттин Ош областындындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э. Жантаев, Ош шаарынын мэринин орун басары С. Жунусбаев, Ош электр тармактары ишканасынын башчысы Э. Ысманов жана жалпы энергетика тармагынын кызматкерлери катышышты.
    Төрага шаардык Кеңештин депутаттарынын атынан энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен кызуу куттуктап, бул тармак өлкөбүздүн экономикасынын өзөгүн түзүп, алдыга карай өнүгүүдө ээлеген орду ат көтөргүс экендигин баса белгиледи. Ар бир үйдүн жарык жана жаркын жашоосун камсыз кылып, кандай гана кыйынчылыктар болбосун элибиздин кызматын талыкпай кылып келе жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип, иштерине ийгиликтерди жана үй-бүлөлүк бакыт каалады. Ошондой эле иш алып барууда өзүнүн мыкты кесипкөйлүгүн көрсөткөн кызматкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.
    Соңунда Ош электр тармактары ишканасынын кызматкерлери тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)