Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Энергетика кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

21 декабрь 2023, Четверг
0
0
     Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын жыйындар залында энергетика тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы болуп өттү. Ага Ош шаардык кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары Кушбак Шайиев, Ош шаарынын мэриясынын шаардык чарба жана транспорт бөлүмүнүн башчысы Эшмамбет Кармышаков, энергетика тармагынын жетекчилери жана кызматкерлери катышышты.
Төраганын орун басары куттуктоо сөзүн сүйлөп өз сөзүндө энергетиктердин бүгүнкү күндөгү жасап жаткан иштерине кенен токтолуп, кыштын ызгаар суугуна карбай жасаган эмгектерин баса белгилеп, учурдагы техниканын өнүккөн заманында бул кесип эң ардактуу жана зарыл кесиптердин бири экендигин айтып өттү. Майрам ээлерин Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын жана депутаттарынын атынан кызуу куттуктап, мыкты кызматкерлерге шаардык Кеңештин Ардак Грамоталарын тапшырды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)