Урматтуу Ош шаарынын тургундары !
Посмотреть онлайн файл: koomduk-talkuu-salyk-jemes-kiresheler.docx
Урматтуу Ош шаарынын тургундары !
Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексине ылайык, Ош шаарынын мэриясынын жана Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын каттарынын негизинде Ош шаарында таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитүү маселеси сунушталууда.
Аталган жыйым жеке жана юридикалык жактардан ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижара берүүчүлөрдөн (мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн акыны мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт) ар бир кызматкерге 100 (жүз) сом өлчөмүндө бекитүү маселеси сунушталууда.
Ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: 03222 5-57-48
___________№ ___________
___________№ ___________
Ош шаардык
Кеңешинин төрагасы
Б.Т. Баетовго
Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 74, 75 жана 76-беренелерине ылайык Ош шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө маселени сиздердин карооңуздарга сунуштайт.
Тиркеме: токтом долбоору, маалымкат-негиздеме, юридикалык корутунду, макулдушуу баракчасы, МСКнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын каты, 8 баракта.
Мэрдин орун басары З.Б. Юсупов
Долбоор
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Ош шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 2642, Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын ___ - ноябрындагы №____ чыгыш сандуу каттарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин 74-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык Ош шаардык Кеӊешинин ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексине ылайык келтирүү максатында, Ош шаардык Кеӊеши токтом кылат:
1. Ош шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1) жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иш-аракеттер үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр үчүн - ар бир кызматкерден 1 эсептик көрсөткүчтүн 100 пайызы өлчөмүндө;
2) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн - ар бир кызматкерден 1 эсептик көрсөткүчтүн 100 пайызы өлчөмүндө.
2. Жыйымдарды төлөөнүн, тиешелүү эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн жана администрациялоонун тартиби төмөндөгүдөй белгиленсин:
1) жыйымды төлөө боюнча тиешелүү эсептешүүлөрдү берүү төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин;
Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн жыйымды ошондой мүлк бекитилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.
2) ишкердик иште пайдаланылбаган турак жай курулмаларынын ээси болуп саналган жеке жактарды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын администрациялоо шаардык салык кызматына тапшырылсын.
3) жеке жактардан, ишкердик иш-аракеттер үчүн арналбаган турак жай курулуштарынын ээлеринен таштандылады ташып чыгаруу үчүн жыйымдарды администрациялоо “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына тапшырылсын.
4. Ош шаардык Кеӊешинин 2022-жылдын 10-февралындагы №31 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош областы жана Ош шаары боюнча юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ош шаардык
Кеӊешинин төрагасы Б.Т.Баетов
Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө”
токтомунун долбооруна
МААЛЫМ КАТ-НЕГИЗДЕМЕ
- Максаты жана милдеттери
Сунушталып жаткан токтомдун долбоору Ош шаардык Кеңешинин ченемдик укуктук актыларын Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” кодексинин ченемдерине ылайык келтирүү максатында аталган кодекстин 73,74,75,76-беренелерине ылайык иштелип чыкты.
- Баяндоочу бөлүгү
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 16-беренесине ылайык, жеке жактар ишкердик иш үчүн багытталган турак жай курулуштарынын ээлерин кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн төлөөчүлөрдүн, чегерилген жана төлөнгөн жыйымдарды көзөмөлдөйт жана эсебин жүргүзөт.
Кодекстин 74-беренесине ылайык, таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысы менен күчүнө киргизилет.
Кодекстин 75-76-беренелеринин негизинде жеке жана юридикалык жактар, ишкердик иш үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту жана анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр жумушчулардын санын бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө белгиленет.
Кодекстин 76-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан белгиленген мөөнөттө тийиштүү жергиликтүү бюджетке төлөнөт.
Жогорудагылардын негизинде таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымды киргизүү боюнча мурунку ченемдик укуктук актылар күчүн жоготкондугун эске алып, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаардык Кеңешинин “Ош шаарынын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын бекитүү жөнүндө” токтомдун долбоору демилгеленүүдө.
Төлөөчү жактар капиталдык жана/же убактылуу курулуштун ээси калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды төлөөчү болуп саналышат.
Жеке жактар ишкердик иш үчүн багытталбаган турак жай курулуштарынын ээлери ар бир жашоочу үчүн жыйым төлөйт.
Жеке жана юридикалык жактар ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр бекитилген аянтты жана жумушчулардын санын эсепке алган ставканын өлчөмүндө жыйым төлөшөт.
Мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн акыны мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт.
Токтомдун долбоору менен жеке жана юридикалык жактар - ишкердик иш-аракеттер үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр үчүн - ар бир кызматкерден эсептик көрсөткүчтүн 100 пайыз өлчөмүндө; мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн - ар бир кызматкерден эсептик көрсөткүчтүн 100 пайыз өлчөмүндө мурда колдонулган ставканы колдонуу жана жыйымды төлөөнүн тартиби жана тиешелүү эсептешүүлөрдү берүү төлөөчүлөр тарабынан жыл сайын үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен кеч эмес мөөнөттө жүргүзүү сунушталып жатат.
Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, бул токтомдун долбоору коомдук талкуу жүргүзүү жол-жобосунан өтүү үчүн Ош шаардык Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү
Берилген токтом долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат
Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
7. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо жөнүндө маалымат
Берилген токтом долбоору жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.
Ош шаарынын мэринин
биринчи орун басары М.А. Исаев
Ош шаарынын мэриясына
Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы Сиздерге сунуштайт, Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин (мындан ары - Кодекс) 16-беренесине ылайык, жеке жактар ишкердик иш үчүн багытталган турак жай курулуштарынын ээлерин кошпогондо, калктуу конуштардын таштандыларын чыгаруу үчүн төлөөчүлөрдүн, чегерилген жана төлөнгөн жыйымдарды көзөмөлдөйт жана эсебин жүргүзөт.
Кодекстин 74-беренесинде калктуу конуштарды таштанды чыгаруу үчүн чогултуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын ченемдик укуктук актысы менен белгиленет.
2018-жылдын 28-июнундагы Кодекстин киргизилгендигине байланыштуу 75-76-беренелеринин негизинде жеке жана юридикалык жактар, ишкердик иш үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту жана анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөр жумушчулардын санын бир эсептик көрсөткүчтөн көп эмес өлчөмдө белгиленет.
Белгилеп кете турган болсок, 2023-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине таштанды чыгаруу боюнча төлөмдөрдөн 1891,9 миң сом өлчөмүндө төлөм чогулган. Эгерде төлөмдүн көрсөткүчү 1 минималдык эсептик көрсөткүчтү (100 сомду) түзсө, шаардын бюджетине жылына 3783,8 миң сом акча каражаты түшөөрү маалым.
Жогоруда айтылгандардын негизинде жеке жана юридикалык жактардан ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери, анын ичинде курулушту же анын бир бөлүгүн ижарага берүүчүлөрдөн (мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган курулуштар үчүн акыны мындай мүлк бекитилип берилген уюмдар, ишканалар жана мекемелер төлөшөт) ар бир кызматкерге 100 (жүз) сом өлчөмдө таштанды чыгаруу үчүн чогултуу акысын бекитип берүүнү сунуштайбыз.
Начальниктин орун басары А.С.Байгазиев
Атк.ЖСБ.У.Казыбеков 0(3222)6-69-05