Ош шаардык кеңешинин төрагасы айымдарды майрамы менен куттуктады

Бүгүн, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болотбек Баетов 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Төрага айымдар Ош шаарынын өнүгүшүнө бараандуу салымын кошуп жаткандыгын белгилеп, аларга тереӊ ыраазычылыгын билдирди жана Ош шаардык кеңешинин Ардак грамотасын тапшырды.
Сыйлангандардын арасында III Курултайдын катышуучулары, билим берүү, саламаттыкты сактоо, муниципалдык мекемелердин кызматкерлери, тейлөө тармагында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан аялдар бар.
«Ар бириңиздердин эмгегиӊиздер баа жеткис. Баардык аялзаты — апалар болобу, эже-карындаштар болобу баарынан мурда үй-бүлөсүнө, балдарына, жакындары менен туугандарына күйөт. Ошол эле маалда аялдар иштеп дагы жетишип, коом турмушуна дагы жигердүү аралашат. Баарыӊыздарга бекем ден соолук, аялзатына тиешелүү бакыт каалайм», — деди Болотбек Баетов.

Окшош жаңылыктар:
Пикирлер (0)