Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоонун жыйынтыктары

Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына өкүлдөрдү шайлоонун жыйынтыктары

27 октябрь 2025, Понедельник
140
0

Ош шаарынын жергиликтүү  коомдоштугунун  жыйынына   өкүлдөрдү шайлоонун жыйынтыктары

белгиленген,  жыйынды уюштуруу жана өткөрүү  боюнча жумушчу топтун курамы бекитилген,  муниципалдык жана айылдык аймактарда жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча   чогулуштарды өткөрүүнүн  графиги жана  шайлана турган өкүлдөрдүн  саны, квота   бекитилген.  График боюнча  17-октябрда жана 20-октябрда бардык муниципалдык жана айылдык аймактарда   чогулуштар өткөрүлүп,   Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынына   Алымбек Датка  муниципалдык аймагынан 24 өкүл, Сулайман Тоо муниципалдык аймагынан 39 өкүл, Керме Тоо муниципалдык аймагынан  37 өкүл, Манас Ата муниципалдык аймагынан 49 өкүл, Жибек Жолу муниципалдык аймагынан 34 өкүл, Курманжан Датка муниципалдык аймагынан 39 өкүл, Жапалак айылдык аймагынан 24 өкүл,  Кызыл-Кыштак айылдык аймагынан 29 өкүл,  Төлөйкөн айылдык аймагынан  25 өкүл   шайланган, баардыгы болуп  жогоруда  айтылгандай, 300 өкүл шайланган.  Өкүлдөрдү   шайлоо  ачык-айкын,  баардык   каалоочулардын катышуусу менен   эркин өттү.  Жергиликтүү  калкка эч ким басым жасаган жок,  элдер өздөрү   каалагандарын  өкүл кылып шайлап алышты.  Бийлик органдары тарабынан эч кандай  кийлигишүүлөр болгон жок.  Жер-жерлерде чогулуштар  Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун  мүчөлөрүнүн   катышуусунда  өттү. Чогулуштарды жумушчу топтун мүчөлөрү  алып барышты.   Шайланган өкүлдөрдүн  сапатык курамына токтолсок,  алардын ичинен 134ү  аялдар, 166сы эркектер.  Жаш курагы боюнча  20 жаштан 30 жашка чейинкилер - 8,  31 жаштан 40 жашка чейинкилер- 33,  41 жаштан 50 жашка чейинкилер - 37,  51 жаштан 60 жашка чейинкилер – 75,  61 жаштан 70 жашка чейинкилер – 92,  71 жаштан 80 жашка чейинкилер – 52,  80 жаштан   жогоркулар -1. Ээлеген  кызматы боюнча  пенсионерлер -130,  жеке ишкерлер-35,  үй кожейкелери  -19, убактылуу иштебегендер – 21,  медицина тармагында иштегендер – 8, билим берүү тармагында иштегендер – 22,  мекеме-ишканаларда  иштегендер- 19, башка тармактарда иштегендер – 46. Чогулуштардын протоколдору шайланган өкүлдөрдүн  тизмесин көрсөтүү менен Ош шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топко тапшырылды.

Жумушчу топтун төрагасы                                                   Б.Т.Баетов


kurultaj-2025-kldrd-shajloonun-zhyjyntyktary.docx [14,42 Kb] (cкачиваний: 6)

Посмотреть онлайн файл: kurultaj-2025-kldrd-shajloonun-zhyjyntyktary.docx
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)