Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт.

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт.

11 февраль 2026, Среда
16
0

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт.


Урматтуу Ош шаарынын тургундары !


Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт. Андыктан коомдук угуу иш-чарасына активдүү катышып бериңиздер.

Күнү: 2026-жылдын 24-февралы саат 10:00дө.
 Өтүүчү жайы: Ош шаары, Ош мамлекеттик Университетинин башкы корпусунун чо
ң жыйындар залы. 

Дареги : Алымбек Датка көчөсү № 331.


 
 

Ош шаардык кеңешинин

“2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана

2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” токтомунун долбоору




ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ


Т О К Т О М


2026-жылдын    -февралы                 № ___                              Ош шаары



2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 

2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө


Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 жана                  39-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши


                                         ТОКТОМ КЫЛАТ:


  1. Ош шаарынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетинин кирешелери 1-тиркемеге ылайык жана чыгашалары 2-тиркемеге ылайык  6 505 536,4 миң сом суммасында бекитилсин.
  2. 2027-2028-жылдарга Ош шаарынын бюджетинин төмөнкүдөй пландык параметрлери 3, 4-тиркемелерге ылайык жактырылсын:

- кирешелер жана чыгашалар боюнча 2027-жылга 6 682 507,3 миң сом суммасында, 2028-жылга 6 717 225,4 миң сом суммасында.

- 2026-2028-жылдарга жактырылган шаардын бюджетинин пландык параметрлери аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда такталууга тийиш.

  1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
  2. 2026-жылга чыгашаларды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде жүргүзүлө тургандыгы. Мында биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча чыгашаларды (эмгек акы,  Социалдык фондко төгүмдөр, медикаменттер, тамак-аш азыктарын  алууга, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар) каржылоо жүргүзүлөт.
  3. каражаттарды чыгымдоо жана чыгаша беренелерин максаттуу пайдалануу жоопкерчилиги бюджеттик мекемелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
  4. Бюджеттик мекемелерге жана ишканаларга атайын каражаттарды казыначылык тутумунан тышкары пайдаланууга тыюу салынсын. 
  5. Ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди өзгөртүү ага тиешелүү түзөтүүлөр кабыл алынганга чейин зарыл болгон учурда  Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы менен макулдашуу боюнча аткарылышы мүмкүн.
  6. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекеме-ишканаларга берилүүчү субсидиялардын көлөмү 5-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  7. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу билим берүү уюмдарындагы жана башка социалдык мекемелердеги балдардын жана карыялардын күнүмдүк тамактануусунда төмөндөгү ченемдер белгиленсин:
  8. жалпы билим берүү уюмдарындагы 1-4-класстардын окуучулары үчүн – 20 сом;
  9. кургак учук оорусуна каршы санатордук типтеги № 40 Наристе мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдар үчүн – 50 сом; 
  10. № 11 В.В. Терешкова атындагы мектеп-интернатында жатып окуган окуучулар үчүн – 220 сом;
  11. №12 атайын көмөкчү мектебинин окуучулары үчүн – 220 сом;
  12. “Алтын Уя”, “Лотос” балдар үйлөрүндөгү балдар үчүн – 220,0 сом;
  13. “Боорукердик” үй-интернатындагы карыялар үчүн – 200,0 сом, балдар үчүн – 220,0 сом;
  14. Ош шаардык бокс жана оор атлетика спорт мектебинин  интернатындагы балдар үчүн – 220,0 сом.
  15. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 142 токтому менен бекитилген "Ош шаарындагы  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жѳнүндѳ" жобого ылайык Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясынын суммасы бир жаранга бир айына 1250 сом өлчөмдө белгиленсин.
  16. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын                                      29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого" ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн бир кызматкерге бир айына 10 000 сом өлчөмдө кошумча жеңилдиктер белгиленсин.
  17. Ош шаардык Кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын, Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекеме-ишканалардын техникалык тейлөө жана кенже тейлөө персоналдарынын кызматтык маяналарына 2026-жылдын 1-январынан тартып ай сайын төлөнүүчү үстөк акылардын пайызы 6-тиркемеге ылайык белгиленсин.
  18. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын көрктөндүрүү боюнча мастердин, күнөскананын, питомниктин, парктын, гараждын башчылары, агроном технолог, экономист, эколог, агроном-мастер, ландшафтный-дизайнер, дизайнер-флорист, сатып алуулар боюнча адис, ирригациялык түйүндөр боюнча мастердин кызматтык маяналарына – 6 000 сомдон, курулуш монтаждоо боюнча бригадир,  жумушчу, сантехник, жыгач уста, ширетүүчү, электрик, слесарь-автоэлектрик, сугатчынын кызматтык маяналарына – 10 000 сомдон, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын электромонтер, автоэлектро слесарь, электромонтер-диспетчер, приборлор боюнча адистинин кызматтык маяналарына –  10 000 сомдон,  “Ош шаарынын мэриясынын автоунааларды башкаруу кызматы” муниципалдык ишканасынын механигинин кызматтык маянасына  – 6 000 сомдон 2026-жылдын 1-январынан тартып ай сайын  үстөк акы белгиленсин.
  19. Ош шаарынын мэриясынын  борбордук аппаратынын, Ош шаардык кеңешинин аппаратынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгынын    муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 пайыз өлчөмдө үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин. 
  20. Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар  башкармалыгынын, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин,  Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын муниципалдык кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 пайыз  өлчөмдө үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин. 
  21. “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын, “Ошсвет” муниципалдык ишканасынын, ”Ош шаарынын жарандарын тейлөө бюросу” муниципалдык ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасынын,  “Ош шаарынын мэриясынын автоунааларды башкаруу кызматы” муниципалдык ишканасынын, Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасынын административдик башкаруу кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 70 пайыз өлчөмдө үстөк 2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин. 
  22. “Кармышак Ташбаев” атындагы Ош шаардык борборлоштурулган китепкана тармагынын, “Боорукердик” үй-интернатынын, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борбору” мекемесинин   кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 10 000 сом үстөк 2026-жылдын                           1-январынан тартып белгиленсин. 
  23. Ош шаарынын спорттук медицинаны калыбына келтирүү борборунун, “Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек” муниципалдык мекемесинин, Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар башкармалыгынын (иш чаралары) кызматкерлеринин кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 6 000 сом үстөк                       2026-жылдын 1-январынан тартып белгиленсин.
  24. Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларын каржылоого чыгашалар 7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  25. 2026-жылга жана 2027-2028-жылдарга Ош шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү 8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  26. Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2026-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен каржылануучу иш-чаралардын тизмеси 9-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  27. Салык жана салыктык эмес түшүүлөр боюнча бекитилген киреше бөлүктүн (ар бир түрү боюнча) толук көлөмдө аткарылышы үчүн Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, “Ош шаарынын борбордук базар дирекциясы”, “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
  28. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
  29. Токтом жарыяланган күндөн баштап  күчүнө кирет.
  30. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И.Шайиев) жүктөлсүн .
  31. Ушул токтом 2026-жылдын 1-январынан тартып колдонулат.



Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                             Б.Т. Баетов




Ош шаардык Кеңешинин

“2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана

2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” токтомунун долбооруна

ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ


Бюджеттин киреше бөлүгү

2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2025-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 189,9 % га өсүп, же болбосо 3 080 222,6 миң сомго көп болуп,  6 505 536,4 миң сомго аныкталды, анын ичинен:

- салык кирешелери 3 620 783,8 миң сомду (55,7 % жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

- салык эмес кирешелери 2 284 752,6 миң сом (35,1 % жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 600 000,0 миң сом (9,2 % жалпы бюджеттен) түздү.

«Кыргыз Республикасынын 2026-жылга Республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдарга пландуу мезгили жөнүндө» Мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:

- киреше салыгы – 100 %;

- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык – 50 %;

- мүлк салыгы – 100 %;

- жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүг чегерүүлөр – 20 %

-патенттин негизиндеги салык – 100 % өлчөмүндө жергиликтүү бюджетинин кароосунда калууда.

Ал эми, «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга Республикалык бюджети жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгили жөнүндө» Мыйзамынын негизинде 2027-жылга Ош шаарынын киреше бөлүгүнүн болжолу 6 682 507,3 миң сом жана 2028-жылга 6 717 225,4 миң сом өлчөмүндө сунушталууда.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү 

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2026-жылга атайын каражаттарды кошкондо 6 505 536,4 миң сомду түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу 3 080 222,6 миң сомго көбөйгөн. 

2026-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөндөгүдөй сунушталууда: 

- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар – 18,6 %;

- коргонуу – 0,2 %;

- экономикалык маселелер – 22,0 %;

- турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр – 36,9 %; 

- эс алуу, спорт жана маданият – 4,8 %;

- билим берүү – 16,9 %;

- социалдык коргоо – 0,6 %.

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар тармагына 1 210 010,2 миң сом каралууда, анын ичинен:

- Ош шаардык Кеңешин каржылоого – 23 543,2 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясын каржылоого – 125 272,9 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясын, Ош шаарынын мэриясынын автоунааларды башкаруу кызматын, Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгын каржылоого – 255 944,1 миң сом;

- карыздарды тейлөөгө (тышкы, ички) жана мүчөлүк акыларды төлөөгө – 481 200,0 миң сом;

- мэриянын резервдик фондуна – 70 000,0 миң сом; 

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары – 254 000,0 миң сом. 

Коргоо тармагына 10 745,9 миң сом каралууда, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 715 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобого ылайык райондук аскер комиссариаттарынын кенже, техникалык, аскердик-учеттук персоналдарын күтүү, ошондой эле жыл сайын жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө кезектеги чакырууга байланыштуу Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык топтоо пунктунун кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акыларына, коммуналдык төлөмдөрүнө, жарандарды аскердик кызматка чакыруу чыгымдарына жана стратегиялык чыгымдарга (ЧС) каралууда.

Экономикалык маселелерге 1 433 763,5 миң сом каралууда, анын ичинен:

- “Ош шаардык автоунаа” муниципалдык ишканасына жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол акысына субсидия берүүгө -                  80 000,0  миң сом; 

- “Ош шаардык жолдор" муниципалдык ишканасынын титулдук баракчасына – 1 300 000,0 миң сом; 

- Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасына – 26 281,2 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын “Санарип Ош” муниципалдык ишканасына – 23 482,3 миң сом;

- "Сүт ашканасы" муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө – 4 000,0 миң сом;

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 2 398 470,3 миң сом каралууда, анын ичинен:

- “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына - 425 496,4 миң сом;

- “Ошсвет”  муниципалдык ишканасына – 136 599,6 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросуна – 24 194,4 миң сом; 

- “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасына – 39 208,7 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 969 721,2 миң сом; 

- Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 800 000,0 миң сом;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 3 250,0 миң сомду түзүүдө.

Эс алуу, спорт жана маданият тармагына 312 513,3 миң сом каралууда, анын ичинен: 

- маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө – 65 216,4 миң сом;

- Ош шаардык борборлоштурулган китепканасына – 17 219,5 миң cом;

- маданият үйлөрүн кармоого – 2 754,5 миң cом;

- А.Сүйүмбаев атындагы "Ош шаардык стадиону" жана "Алай" футболдук клубу муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө – 150 000,0 миң сом;

- “Ош шамы” гезитине субсидия берүүгө – 6 000,0 миң сом;

- “ОшТВ” телерадиокомпаниясына субсидия берүүгө – 5 000,0 миң сом;

- Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна – 5 908,2 миң сом;

- фольклордук-эстрадалык топторуна – 29 418,0 миң сом;

- маданият жана жаштар башкармалыгынын, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин аппараттарын каржылоого – 30 496,7 миң сом:

- бюджеттик мекелердин атайын кажаттары 500,0 миң сомду түзүүдө. 

Билим берүү тармагына 1 101 547,0 миң сом каралууда, анын ичинен:

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүүчү уюмдарындагы 1-4-класста окуган окуучулардын тамак-ашына –                              122 225,9 миң сом, “Алтын Уя”, “Лотос” балдар үйлөрүндөгү балдардын тамак ашына – 1 766,6 миң сом, № 11 В.Терешкова мектеп-интернатынын жана №12 атайын көмөкчү мектебинин тамак ашына – 22 664,4 миң сом, кургак учук оорусуна каршы санатордук типтеги № 40 Наристе мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак ашына – 2 200,0 миң сом  жана спорт мектебинин тамак ашына – 1 760,0 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу билим берүү мекемелеринин жана мектептен тышкаркы мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө (байланыш кызматы, сууга акы, электроэнергия, жылуулук, көмүр сатып алууга) – 288 076,7 миң сом;

- Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине караштуу спорт мектептериндеги кызматкерлердин эмгек акысына жана социалдык фондго чегерүүсүнө – 76 386,3 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын борборлоштурулган эсепканасынын кызматкерлеринин эмгек акысына жана социалдык фондго чегерүүсүнө – 5 291,2 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүү мекемелерине жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына,  ошондой эле мектептен тышкаркы мекемелерге (спорт мектептери, балдар үйү, балдардын чыгармачылык борборлору) эмеректерди сатып алууга –                   93 618,9 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүү мекемелерин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине – 50 000,0 миң сом, учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 12 000,0 миң сом жана “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна оңдоп-түзөө иштерине 200,0 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына чарбалык максаттагы буюмдарды жана материалдарды сатып алууга – 13 000,0 миң сом;

- билим берүү мекемелеринин күзөт кызматына, таштандыларды чыгарууга, залалсыздандырууга жана башка чыгымдарына – 70 407,0 миң сом;

- билим берүү мекемелеринин атайын каражаттары 341 950,0 миң сомду түзүүдө. 

Социалдык коргоо тармагына 38 486,2 миң сом каралууда, анын ичинен:

- Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча                         иш-чараларга – 6 200,0 миң сом;

- “Боорукердик” үй-интернатына – 22 518,4 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу Үй-бүлөөгө жана балдарга жардам берүү борборуна – 3 871,5 миң сом;

- "Туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн түнкү башпаанек" муниципалдык мекемесине – 3 133,7 миң сом;

- Кыргызстан элинин ассамблеясына – 1 393,5 миң сом;

- Ардагерлер Кенешине – 1 069,1 миң сом сунушталууда;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 300,0 миң сомду түзүүдө. 

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрү 2027-жылга 6 682 507,3 миң сом, 2028-жылга 6 717 225,4 миң сомго сунушталууда.



Ош шаарынын мэринин

биринчи орун басары                                                            А. Шаршеналы уулу


 
 



Ош шаардык Кеңешинин

“2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү 

жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө”

токтомунун долбооруна

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМ КАТ



  1. Долбоордун максаты жана милдеттери

        Ош шаардык Кеңешинин “2026-жылга Ош шаарынын бюджетин бекитүү жана 2027-2028-жылдарга пландык мезгили жөнүндө» токтомунун долбоорунун максаты жана милдети Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жергиликтүү бюджеттен каржыланууга тийиш болгон негизги багыттарды аныктоо болуп саналат. 


2. Баяндоочу бөлүк

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин болжолунун негизи катары 2026-2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн күтүлүүчү болжолдору кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын                        25-июлундагы № 443 “2026-2030-жылдарга Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу жөнүндө” токтомуна ылайык, 2026-жылга Ош шаары боюнча региондук дүң продуктунун (РДП) күтүлүүчү болжолу 105,3 % реалдуу өсүү темпи менен 129 млрд 780,8 млн сомду түздү.

Жогоруда көрсөтүлгөндөрдүн негизинде, 2026-жылга карата Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын долбооруна жана 2027-2028-жылдарга болжолуна, ошондой эле шаардын салык салынуучу базасына негизденип, алдыдагы жылдарга карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин болжолу түзүлдү.

2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 6 505 536,4 миң сом суммасында болжолдонуп, 2025-жылдын бекитилген бюджетине карата өсүү темпи 189,9 пайызды (%) түздү, же   3 080 222,6 миң сомго көбөйдү.

Салык кирешелери 3 620 783,8 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 55,7 %), салыктык эмес кирешелери 2 284 752,6 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 35,1 %) жана бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 600 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттен 9,2 %) түзөт.

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2026-жылга атайын каражаттарды кошкондо 6 505 536,4 миң сомду түзүп, 2025-жылга салыштырмалуу                    3 080 222,6 миң сомго көбөйгөн. 

2026-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар – 18,6 %, коргонуу – 0,2 %, экономикалык маселелер – 22,0 %, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр – 36,9 %, эс алуу, спорт жана маданият – 4,8 %, билим берүү – 16,9 %, социалдык коргоо – 0,6 % түзөт.



Жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү (атайын каражаттарды кошкондо) 2027-жылга 6 682 507,3 миң сомду, 2028-жылга 6 717 225,4 миң сомду түзүүдө.


3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Ош шаардык Кеңешинин токтомунун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.


4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык, 2026-жылга карата Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин долбоору коомдук бюджеттик угууга чыгарылат.


5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүнө талдоо

Сунушталган токтом долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.


6. Каржылоо зарылдыгы жана булактары жөнүндө маалымат

Токтом долбоору бюджеттин баланстуулугу принцибинин негизинде даярдалды, анда бюджеттин каралган чыгашаларынын көлөмү бюджеттин ресурстарынын суммаланган көлөмүнө шайкеш келет. 


7. Жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү жөнүндө маалымат

Сунушталган долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган эмес.



Ош шаарынын мэринин

биринчи орун басары                                                            А. Шаршеналы уулу


























2026-жылдын __-февралындагы


кезексиз ___ сессиясынын


№ __ токтомунун 6-тиркемеси




Ош шаардык Кеңешинин, Ош шаарынын мэриясынын аппаратынын 

жана Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекеме, ишканалардын

техникалык жана кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык

маяналарына үстөк акы




Ишканалардын жана кызматтардын аталышы

Пайызы


Ош шаардык Кеңеши


1

Башкы бухгалтер

130%

2

Инженер программист, жетекчинин катчысы

150%

3

Кызматтык жайларды тазалоочу

200%


Ош шаарынын мэриясы


4

Башкы бухгалтер

150%

5

Бухгалтер, бухгалтер-кассир, инженер программист, жетекчинин катчысы,

150%

6

Административдик чарба бөлүмүнүн башчысы, архивариус, оператор

200%

7

Кенже тейлөөчү кызматкерлер (кызматтык жайларды тазалоочу, электрик)

200%


Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы


8

Башкы бухгалтер

100%

9

Бухгалтер, чарба башчысы, архивариус, жетекчинин катчысы, комендант

150%

10

Кенже тейлөөчү кызматкерлер (кызматтык жайларды тазалоочу,күзөтчү)

200%


Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгы


11

Бухгалтер, инженер программист

150%

12

Кызматтык жайларды тазалоочу

200%


Ош шаарынын мэриясынын айылдык аймактык башкармалыктары жана аймактык муниципалдык башкармалыктар


13

Бухгалтер

130%

14

Жетекчинин катчысы

150%

15

Кенже тейлөөчү кызматкерлер (кызматтык жайларды тазалоочу, күзөтчү)

200%


Ош шаарынын мэриясынын маданият жана жаштар     башкармалыгы


16

Башкы бухгалтер

80%

17

Бухгалтер

130%

18

Кенже тейлөөчү кызматкерлер (кызматтык жайларды тазалоочу, жеңил автомобилдин айдоочусу)

200%


Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети


19

Башкы бухгалтер

80%

20

Чарба башчысы, жетекчинин катчысы

150%

21

Кенже тейлөөчү кызматкерлер (кызматтык жайларды тазалоочу, жеңил автомобилдин айдоочусу)

200%


Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы


22

Бухгалтер

130%

23

Кызматтык жайларды тазалооучу

200%


"Ош шаарынын мэриясынын автоууналарды башкаруу кызматы" муниципалдык ишканасы


24

Бухгалтер

130%

25

Иш кагаздарын жүргүзүүчү

150%

26

Жеңил автомобилдин айдоочусу

150%

27

Слесарь, механик, күзөтчү, кызматтык жайларды тазалоочу

200%


Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба муницпалдык ишканасы


28

Бухгалтер

130%

29

Иш кагаздарын жүргүзүүчү

150%

30

Кызматтык жайларды тазалоочу, күзөтчү

200%

31

Кампа башчысы, жеңил автомобилдин айдоочусу, жүк ташуучу автоуунанын айдоочусу

150%


"Ош шаарынын мэриясынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты"муниципалдык ишканасы


32

Башкы бухгалтер

80%

33

Материалдык бухгалтер, эсептик бухгалтер, программист, коомчулук байланыш боюнча адис

130%

34

Иш кагаздарын жүргүзүүчү, кадрларды эсепке алуу боюнча инспектор, диспетчер, ирригациялык түйүндөрдү көзөмөлдөөчү, архивариус

150%

35

Кампа башчысы

160%

36

Жеңил автомобилдин  айдоочусу

150%

37

Атайын техникалардын айдоочучу

170%

38

Кенже тейлөөчү кызматкерлер (курулуш монтаждоо боюнча бригадир, жумушчу,сантехник, жыгач уста, ширетүүчү, электрик, слесарь-автоэлектрик, сугатчы, күзөтчү, кызматтык жайларды тазалоочу)

200%


"Ошсвет" муниципалдык ишканасы


39

Башкы бухгалтер

80%

40

Материалдык бухгалтер

130%

41

Иш кагаздарын жүргүзүүчү

150%

42

Ага мастер

70%

43

Жүк ташуучу унаанын жана  атайын техниканын айдоочусу

150%

44

Электромонтер, автоэлектрослесарь, электромонтер-диспетчер, приборлор боюнча адис, электро ширетүү боюнча мастер, кызматтык жайларды тазалоочу

200%


"Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросу" муниципалдык ишканасы


45

Башкы бухгалтер, материалдык бухгалтер

80%

46

Оператор, кызматтык автомобилдин  айдоочусу

100%

47

Кладовщик

70%

48

Жүк ташуучу автоуунанын айдоочусу

120%

49

Ширетүүчү, электрик, жыгач уста, жумушчу, короо тазалоочу, күзөтчү, кызматтык жайларды тазалоочу

200%


"Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак-жай коммуналдык ишканасы" муниципалдык ишканасы


50

Башкы бухгалтер

80%

51

Материалдык бухгалтер, архивариус, кадрларды эсепке алуу боюнча адис, инженер-камсыздоочу, участканын башчысы, участканын мастери, мастер-электрик, диспетчер

130%

52

Кампа башчысы

150%

53

Электрик, сантехник, ширетүүчү, жумушчу, айдоочу, кызматтык жайларды тазалоочу

200%





Ош шаардык Кеңешинин



аппарат жетекчиси

И.Э. Абдыраимов

































Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)