Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

14 сентябрь 2021, Вторник
911
0

Ош шаардык Кеңешинин V чакырылышынын архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын биринчи отуруму бүгүн, 2021-жылдын 14-сентябрында болуп өттү. Отурум туруктуу депутаттык комиссиянын толук курамынын катышуусунда өткөрүлдү.

 Күн тартибиндеги маселелер кеңири талкууланып, “Ош шаардык жолдор” башкармалыгына жолдорду оңдоо сапатына, Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгына капиталдык курулуштардын сапатына жана куруу мөөнөтүнө көңүл бөлүү, муниципалдык менчик башкармалыгына мыйзамсыз курулуштарды өзгөчө көзөмөлдөө тапшырмалары берилди. “Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак жай бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону” бекитүү маселеси шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)