Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында милиция кызматкерлеринин күнү белгиленди

Ош шаарында милиция кызматкерлеринин күнү белгиленди

01 ноябрь 2022, Вторник
482
0

    Бүгүн, Ош шаардык ички иштер башкармалыгында 1-ноябрь Кыргыз Республикасынын милиция кызматкерлеринин күнүн белгилөөнүн алкагында иш-чаралар өткөрүлдү.

     Иш-чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Акылбек Мамасейитов, укук коргоо органдарынын жана күч органдарынын жетекчилери катышты.

    Төрага Салман Назылбеков өз сөзүндө, көп улуттан турган шаарыбызда туруктуулук, тынчтык, шаарыбыз өсүп-өнүгүүнүн үстүндө. Мында сиздердин да салымыңыздар чоң. Мындан ары да шаардын калкынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биргеликте иш алып баруу зарыл экендигин белгилеп өттү.

    Ош шаардык Кеңеши ички иштер органдарынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлерин Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйлады.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)