Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы 2022-жылдын 15-ноябрында өткөрүлөт

Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясы 2022-жылдын 15-ноябрында өткөрүлөт

09 ноябрь 2022, Среда
424
0

   Бүгүн, 9-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин президиумунун отуруму болуп өттү. Анда Ош шаардык Кеңешинин  кезектеги сессиясын  өткөрүү  маселеси жана   сессиянын  күн тартибинин долбоору  каралды.  Президиум мүчөлөрүнун сунуштарынын  негизинде, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясын  2022-жылдын 15-ноябрында  өткөрүү   чечими кабыл алынды.

  Ал эми,  сессиянын күн тартибинин долбооруна  13 маселени киргизүү сунушталды, алардын ичинен 2 маселе  бекитилген иш план  боюнча,   калганы пландан тышкаркы маселелер.   

Президиумдун отурумун Ош шаардык Кеңешинин  төрагасы Салман Назылбеков алып барды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)