Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттары улуттук демократиялык институту тарабынан өткөрүлгөн тренинге катышты

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары улуттук демократиялык институту тарабынан өткөрүлгөн тренинге катышты

24 ноябрь 2022, Четверг
436
0

     Бүгүн, 24-ноябрь күнү улуттук демократиялык институту тарабынан тренинг уюштурулуп, ага шаардык Кеңештин депутаттары жана жарандык активистердин катышуусунда шаардагы актуалдуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча долбоорлорду талкуулоо жана иштеп чыгуунун алкагында маселелер каралды.

  Эл өкүлдөрү улуттук демократиялык институтунун эксперти Бакыт Абдуллаевдин «Билим берүү демилгелери” жөнүндө презентациясына күбө болуп, көптөгөн суроолорун жана сунуштарын берип, Ош шаарындагы мектептердеги мугалимдердин жана окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу алкагында бир топ ой-пикирлерин айтышты.


   Жыйынтыгында,аталган институт менен 2023-жылдан баштап, белгиленген графике ылайык шаардык Кеңештин депутаттары, коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык активистер менен биргелиекте жолугушуулар өткөрүлөөрү айтылды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)