Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

23 май 2022, Понедельник
670
0


2022-жылдын 23-май күнү Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы, Ош шаарында тазалыкты сактоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана турак-жай коммуналдык чарбасын өнүктүрүү боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө, Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелеринин 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү боюнча аткарган иштеринин жыйынтыгы, Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун жана шаардык байланыш түйүндөрүнүн аткарып жаткан иштери жана Ош шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүн жана эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобону талкуулоо маселелерин карашты. 

Жогорудагы маселелердеги көйгөйлөр, алдыга коюлган иш-чаралар боюнча мекеме-ишканалардын жетекчилери маалыматтарын беришип, маалыматтары депутаттар тарабынан талкууланып, суроолор жана сунуштар берилип, жыйынтыгында маалыматтар эске алынды жана Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)