Ош шаардык Кеңешинин депутаттары №5 «Амир-Темир» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту
Шаардык Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушуулары аяктады.
Эл өкүлдөрү тарабынан 2022-жылдын 15-ноябрындагы кезектеги XIV-сессиясында “Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын отчёт берүү жана шайлоочулар менен жолугушуусун өткөрүү жөнүндө” №93 токтому кабыл алынган.
Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бекитилген графике ылайык, №1 “Туран”, №2 “Сулайман-Тоо”, №3 “Керме-Тоо”, №4 “Манас-Ата”, №5 “Амир-Темир”, №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында шайлоочулар менен жолугушуп, депутаттар өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт беришти жана шайлоочулардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти.
Муниципалдык аймактык башкармалыктарда жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында болгон жолугушууларга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Шайлоочулар менен жолугушуу учурунда тротуар, базар, суу, тазалык, свет, жол тыгындары, курулуштар, жылуулук жана кооперативтер жөнүндө ар тараптуу орчурдуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп берип, 2023-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчурдуу маселелер кат жүзүндө берилди.
![](/uploads/posts/2022-12/medium/1670500230_084a0834.jpg)
![](/uploads/posts/2022-12/medium/1670500212_084a0894.jpg)
![](/uploads/posts/2022-12/medium/1670500208_084a0929.jpg)
![](/uploads/posts/2022-12/medium/1670500262_084a0887.jpg)
Окшош жаңылыктар:
![Эл өкүлдөрү №2 «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту](/uploads/posts/2022-12/medium/1670325514_084a0658.jpg)
![Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушуусу уланууда](/uploads/posts/2022-12/medium/1669898185_084a0018.jpg)