Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму аяктады

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму аяктады

03 февраль 2023, Пятница
340
0

     Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин долбоорунун чыгаша бөлүгүн кароо боюнча үч күнгө созулган отуруму өз ишин жыйынтыктады. 


  Тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү жана Ош шаардык Кеңешинин башка депутаттарынын катышуусунда өткөн отурумга Ош шаарынын биринчи вице-мэри М.Исаев катышып, жергиликтүү бюджеттин долбоору боюнча кеңири маалымат берди.  

  Үч күнгө созулган отурумда жергиликтүү бюджеттен каржыланган муниципалдык ишканалардын бюджеттеринин долбоору эл өкүлдөрү тарабынан талкууланып, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин ушул жылга түзүлгөн бюджеттери  боюнча маалыматтары угулду. Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин суммасы тармактар боюнча такталды. 

    Отурумда эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуштардын негизинде, бюджеттин долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор жалпыланып, туруктуу депутаттык комиссиясынын корутундусунун негизинде бюджеттин долбоору коомдук угууга жана Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)