Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

08 февраль 2023, Среда
583
0

     Бүгүн, 8-февралында Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Шахназар Бакир уулу., комиссия мүчөлөрү  Ракия Абдыкадырова., Кушбак Шайиев., Максатбек Маматкулов., Эмилбек Раимов., депутаттар Мирбек Маматов., Ильяз Турдуев катышып, Ош шаарында көп батирлүү үйлөрдү үлүштүк куруунун тартиби жана шарттары жөнүндө, Ош шаарынын мэриясы тарабынан ипотекалык шартта турак-жай бөлүп берүүнүн тартиби жана Ош шаарындагы муниципалдык жерлерге, жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө маселелерди карап чыгып, талкуулап, шаардыктардын жашоо шартын жеңилдетүү боюнча бир топ сунуштарын беришти. Жыйынтыгында туруктуу депутаттык комиссиянын чечимдери кабыл алынды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)