Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында 8-март Аялдардын эл аралык майрамына арналган иш чара болуп өттү

Ош шаарында 8-март Аялдардын эл аралык майрамына арналган иш чара болуп өттү

07 март 2023, Вторник
380
0


   Бүгүн, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 8-март Аялдардын эл аралык майрамына арналган майрамдык салтанаттуу иш чара болду. 

  Майрамдык салтанатка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы СНазылбеков катышып, Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады.

   Салман Назылбеков, тарых барактарында аялзаты оор сыноолорду чыдамкайлыгы жана кайраты менен жеңип келгенин, азыркы мезгилде да кайсы тармакта болбосун айым лидерлер ийгиликтерди жаратып, жергебизде тынчтыктын өкүм сүрүшүнө, элибиздин жашоо-турмушун жакшы нукка буруп, өнүгүүгө карай баа жеткис эмгектерди жасап жатышкандыгын баса белгиледи.

 Төрага С.Назылбеков шаардын ар тараптуу өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон айымдарга Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)