Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын эл өкүлдөрү “Жети дубан ынтымагы” иш-чарасына катышып келишти

Ош шаарынын эл өкүлдөрү “Жети дубан ынтымагы” иш-чарасына катышып келишти

26 август 2022, Пятница
838
0
      

Ош шаардык Кеңешинин депутаттары эки күндүк иш сапары менен Нарын шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын арасында “Жети дубан ынтымагы” аталышындагы иш-чарага катышып келишти. 

         Нарын шаардык Кеңеши тарабынан уюштурулган бул иш-чара шаардык кеңештердин депутаттарынын арасында биримдикти, ынтымакты жана достукту чыңдоо, кызматташуу аракетинде пайда болгон ар кандай маселелерди чечүүдө депутаттардын активдүүлүгүн жана чечкиндүүлүгүн арттыруу максатында өткөрүлдү. 

         Иш-чара Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Каракол жана Нарын шаарларынан келген депутаттарынын арасында кичи футбол боюнча достук беттешүүсү менен аяктады.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)