Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ордолуу Ош шаарында Билим күнү белгиленип жатат

Ордолуу Ош шаарында Билим күнү белгиленип жатат

01 сентябрь 2022, Четверг
600
0

1-сентябрь күнү Ош шаардык Кеңешинин депутаттары шаар аймагындагы мектептерге барып, мугалимдерди жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты. 


Ош шаардык Кеңешинин төрага орун басары Нуранов Шайырбек Шермаматович Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Аматова Санталат Юсуповнаны жана эмгек жамаатын өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгы жана «1-сентябрь-Билим күнү» менен куттуктады. 

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан эмгек жамааттын кызматкерлерин ушул удаа келген кош майрам жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, окуу-тарбия иштеринде ийгиликтерди каалады. 

Ш.Нуранов өз сөзүндө мектептерде балдардын саны өсүп жатканы, мугалимдер окутуунун заманбап ыкмаларын колдонуп, тарбиялык иштерди туура жолго коюп, жаштарыбыздын сабаттуу, билимдүү болушуна таалим-тарбия, тартип жана мыйзамсыз иштерден оолак болуусу үчүн катуу көзөмөлдүн болуусу керек экендигин жана бул маселелерде шаардык Кеңештин депутаттары дайыма жергиликтүү бийлик менен биргеликте кеңешип иш алып бараарын белгиледи. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)