Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Шаардык Кеңештин депутаттары мекеме-ишканалар менен таанышышты

Шаардык Кеңештин депутаттары мекеме-ишканалар менен таанышышты

27 апрель 2023, Четверг
326
0


Ош шаарына 6 шаардан келген эл өкүлдөрү программанын алкагында "Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын насостук станциясы, суу топтоочу кампасы, суу жана саркынды сууларды тазалоочу жайы менен таанышышты. 

Ошондой эле экинчи борбордогу эң ири ишканалардын бири болгон “Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКнун ишмердүүлүгүн көрүшүп, андан соң “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына барышып, тажрыйба алмашышты. Программа бүгүн, 28-апрель күнү, спорттук иш-чаралар менен уланып, депутаттардын ортосунда футбол боюнча мелдеш өткөрүлөт.

 Эскерте кетсек, Ош шаарына Бишкек, Жалал-Абад, Каракол, Нарын, Баткен, Талас шаардык кеңештеринин депутаттары эки күндүк тажрыйба алмашуу иш сапары менен келишкен.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)