Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин XIX сессиясы болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин XIX сессиясы болуп өттү

20 июнь 2023, Вторник
460
0



Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин кезексиз XIX сессиясы болуп өттү. Кезексиз сессияга шаардык Кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды:

- Ар түрдүү маселелер;

-“Ош шаарындагы  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана  жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө”  Жобону бекитүү жөнүндө;

- Ош шаарынын катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү    жогорулатуу жөнүндө;

- Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №117 “Ош шаарынын 2023-жылга  бюджетин жана 2024-2025-жылдарга пландык көрсөткүчтөрүн   бекитүү жөнүндө” токтомуна   өзгөртүү киргизүү жөнүндө;

- Муниципалдык мүлктү ижара акысынан бошотуу жөнүндө;

- Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы №123-“Ош шаарынын мэриясынын резервдик фонду жөнүндогү   Жобону бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө;

- Ош  шаарынын муниципалдык  мүлкүн  менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2023-2024-жылдарга карата Ош шаарынын   муниципалдык мүлктү менчиктештирүү Программасын  бекитүү жөнүндө;

- Ош шаарынын прокуратурасынын 2023-жылдын 16-майындагы № 11-7б-676-23 ченемдик укуктук актылардын бузулушун четтетүү жөнүндө сунуштамасынын негизинде Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын                  27-мартындагы № 156 токтому менен бекитилген Жобонун 11-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө;

-Ош шаарынын аймагындагы кээ бир геграфиялык обьекттердин аталыштарын өзгөртүу жөнүндө;

- Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” № 212 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө;

Каралган маселелер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери тарабынан аткарылып жаткан иштери жөнүндө маалыматтар угулуп, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, кызуу талкууланып, тиешелүү токтомдор кабыл алынып, протоколдук тапшырмалар берилди.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)