Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында “Билим берүү күнү” белгиленди

Ош шаарында “Билим берүү күнү” белгиленди

01 сентябрь 2023, Пятница
391
0

Бүгүн, Ош шаарында “Билим күнү” белгиленип мектептерде биринчи коңгуроолор кагылды. Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков шаардагы №3 М.В.Ломоносов мектебине барып, мектеп жамаатын бүгүнкү “Билим күнү” жана Кыргыз Мамлекетинин Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгы менен шаардык Кенештин депутаттарынын атынан куттуктады.

 Салман Назылбеков шаарыбыздагы №3 Михаил Васильевич Ломоносов атындагы мектептин педагогикалык жамаатынын кесипкөй жана жигердүү аракетинин натыйжасында шаарыбыздагы алдыңкы мектептердин бири болуп эсептелээрин баса белгиледи.  Төрага окутуунун заманбап ыкмалары колдонулуп,  келечек ээлеринин сабаттуу, билимдүү болушуна салымдарын кошкон мугалимдердин эмгегин баалап, Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын тапшырды.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)