Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу башталды

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу башталды

04 декабрь 2023, Понедельник
273
0


Бүгүн, 4-декабрда Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бекитилген графикке ылайык, №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. 


Жолугушууда эл өкүлдөрү өздөрүнүн аткарган иштери боюнча отчёт беришип, “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти. 


Шаар тургундарынан суу, тазалык, свет, жол тыгындары, курулуштар, жылуулук жана кооперативтер жөнүндө ар тараптуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп беришти. 

Ошондой эле, 2024-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчундуу маселелер кат жүзүндө берилди.


Белгилей кетсек, кийинки жолугушуу 2023-жылдын 5-декабрында №2 “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында  саат 15:00дө өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)