Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу уланууда

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу уланууда

07 декабрь 2023, Четверг
285
0
  • Бүгүн, 7-декабрда Ош шаардык Кеңешинин депутаттары менен  №4 «Манас-Ата» муниципалдык аймактын жашоочулары Б. Алыкулов атындагы мектеп-гимназиясында жолугушту. 

    • Жолугушууну  Ош шаардык Кеңешини төрагасынын орун басары Нуранов Шайырбек Шермаматович ачып,  шаардык Кеңештин жыл ичинде аткарган иштерине токтолуп,   чогулуштун катышуучуларына  кеңири маалымат берди.

    • Чогулуштун жүрүшүндө «Манас-Ата» муниципалдык аймагынын жашоочулары көйгөйлүү маселелер боюнча суроо, сунуш-талаптарын депутаттарга   беришти.  Алар негизинен менчике берилип кеткен бала-бакчалар, мыйзамсыз курулуштар, көчөлөрдө  түнкү жарыктандыруу,  жатаканалардагы  жашоочулардын ал абалы, жаңы курулган үйлөргө коммуналдык кызматтарды  көрсөтүү, таштанды таштоочу урналарды орнотуу, ички көчөлөрдү оңдоо, асфальттоо,  көп кабаттуу үйлөргө балдар ойноочу аянтча салуу, онкология ооруканасын жылдыруу, үй коммитеттердин башчыларынын  айлык акыларын көтөрүү жөнүндө болду. Жыйында берилген ар бир суроо-талаптарга депутатар жооп берип,  мекеме иш-каналардын жетекчилери тарабынан түшүндүрмө берилип, баардык көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү жактарга тапшырмалар берилди.  Жашоочулар көйгөйлөрдү айтып тим болбостон,  аталган аймакта  депутаттар тарабынан  аткарылып жаткан иштерге   ыраазы   болушуп,  келээрки жылга да жакшы иш-пландарды киргизип, элдин көйгөйлөрүн  сессия, отурумдарга алып чыгып, мындан ары дагы жакшы иштердин аткарылышына ишенимдерин билдиришти.  Аталган аймактан шайланган ар бир депутаттар жашоочулардын ал абалын сурап, чечилбеген меселелерди чечип, эл менен иштешүүнү улантышы керектиги айтылды. Чогулуштун жыйынтыгында, Ош шаардык Кеңешинин төргасынын орун басары Нуранов Шайырбек Шермаматович эл менен дайыма тыгыз байланышта болушаарын, чогулушта айтылган бардык  сунуштар,   суроо-талаптар  өткөн жылдагыдай эле шаардык  Кеңештин сессиясында каралып, аткаруу үчүн  шаардык мэрияга тапшырылаарын, ал эми шаардык  Кеңеш алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүлөөрүн баса белгилеп кетти. Жолугушууга депутатар Таалайбек уулу Айбек, Абдыманапов Медербек Арыстанбекович, Эргешов Алымбек Калмурзаевичтер катышышты.

    • Кезектеги шайлоочулар менен жолугушуу 2023-жылдын 8-декабрында №5 “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыгында саат 14:30 дө өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)