Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу уланууда

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу уланууда

05 декабрь 2023, Вторник
332
0

Бүгүн, 5-декабрда Ош шаардык Кеңешинин депутаттары бекитилген графикке ылайык, №2 «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. 


Жолугушуунун жүрүшүндө эл өкүлдөрү өздөрүнүн жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчёт беришип, «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти. Жолугушууга депутаттар Абдибаева Д.Р, Зайнидинов А.Т., Ормонова Ж.А., Раимов Э.Ж., Каримов Н.А., Жоошбаева Р.К., Токтоназар уулу Ч. жана  Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрүмекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.


Шаар тургундарынан суу, тазалык, свет, жол тыгындары, курулуштар, жылуулук жана башка ар тараптуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп беришти. 

Ошондой эле, 2024-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчундуу маселелер кат жүзүндө берилди.


Кезектеги шайлоочулар менен жолугушуу 2023-жылдын 6-декабрында №3 “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында  саат 15:00дө өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)