Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ош шаарынын тургундары !

Урматтуу Ош шаарынын тургундары !

17 декабрь 2024, Вторник
29
0

Урматтуу Ош шаарынын тургундары !


Административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунан Ош шаарынын аймагына кошулуп жаткан аймактарда зоналык коэффициенттердин сүрөттөлүшүнө өзгөртүүлөр киргизилгендигине байланыштуу Ош шаарынын мэриясы жана Мамлекеттик салык кызматынын  Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын  Салык Кодексинин 5, 388, 404-беренелеринин негизинде Ош шаарында мүлк жана жер салыгы боюнча Кз зоналдык коэфициенттердин өлчөмүн жана нарктык зоналардын чектерин бекитүү жөнүндө маселе шаардык Кеңешке сунушталууда.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин              388-беренесине ылайык  Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында нарктык зоналардын чектери, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн зоналык коэффициент Кз 0,3төн 2ге чейинки өлчөмдө жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.

Ошондой эле Кодекстин 404-беренесине ылайык, нарктык зоналардын чектери, ошондой эле 0,3төн 2,0 чейинки өлчөмдөгү калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналык коэффициент Кз жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.


Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел:   03222 5-57-48

koomduk-talkuu-mlk-zher-kz-2025.docx [24,9 Kb] (cкачиваний: 6)

Посмотреть онлайн файл: koomduk-talkuu-mlk-zher-kz-2025.docx
tirkeme-1-kyrg_-toktom-dolbooruna-tek-tirkeme-bolot.pdf [314,25 Kb] (cкачиваний: 3)

Посмотреть онлайн файл: tirkeme-1-kyrg_-toktom-dolbooruna-tek-tirkeme-bolot.pdf
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)