Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө МААЛЫМАТ
Ош шаардык Кеңешинин 2024-жылда аткарган иштери жөнүндө МААЛЫМАТ
2024-жылы республика боюнча административдик-аймактык реформалар жүргүзүлгөндүгүнө байланыштуу, Ош шаарында да административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, Ош шаарынын карамагына Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Кызыл- Кыштак айылдык аймактары жана Нариман айылдык аймагынын Жаңы-Маала, Жим жана Жийделик участоктору, Папан айылдык аймагынын Ак-Буура 1,2,3 участоктору жана Шарк айыл аймагынын Имам-Ата айылы кошулган. Бул маселе шаардык Кеңештин ишмердигине түздөн-түз таасирин тийгизди. Натыйжада Ош шаарынын калкынын саны 361273төн 456125ке көбөйүп, аталган аймактардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын санына кошулуп, шаардык Кеңештин депутаттарынын саны бардыгы болуп 117 депутатты түздү. Бул болсо, шаардык Кеңештин ишмердигин бир топ татаалдатты. Анткени шаардык Кеңештин сессияларды өткөрүү залы 45 гана депутатка эсептелген болчу. Андыктан шаардык Кеңештин сессияларын сессия өткөрүүгө шарттар каралбаган Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн чоң жыйындар залында жана шаардык мэриянын чоң жыйындар залында өткөрүүгө туура келип жатты. 117 депутаттын сессияларга жана туруктуу депутаттык комиссиялардын отурумдарына камсыз кылуу да кыйынчылыктарды жаратты. Ошол эле учурда, шаардык Кеңештин кызматкерлеринин саны дагы 8 бирдикке кыскартууга дуушар болуп, алардын ичинен айлык акы алып иштеген 2 туруктуу депутаттык комиссиянын төрагалары, 6 муниципалдык кызматкер жана 2 техникалык персонал кыскартылган. Административдик-аймактык реформанын алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, Ош шаарынын 2024-жылга каралган бюджети шаардык Кеңеш тарабынан бекитилбей, Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилди.
Ош шаардык Кеңеши 2024-жылы өзүнүн бекитилген иш планы боюнча, туруктуу депутаттык комиссиялардын иш пландары боюнча иштерди жана пландардын тышкаркы иштерди алып барды. 2024-жылы Ош шаардык Кеңешинин 14 сессиясы өткөрүлүп, аларда 61 маселе каралып, ар бир маселе боюнча тиешелүү токтомдор кабыл алынып, токтомдор, аткаруу үчүн, аткаруу органына, анын түзүмдөрүнө жана башка тиешелүү жактарга тапшырылган. Тактап айтканда, Ош шаарынын мэринин 2023-жылдын жыйынтыгы менен Ош шаарынын социалдык-экономикалык абалы жана бюджетинин аткарылышы боюнча отчету, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын, Ош шаары жана Түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгынын, ошондой эле Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Ош шаарынын 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышын камсыздоо боюнча аткарган иштери жөнүндө, Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун аткарып жаткан иштери жөнүндө, Ош шаарынын аймагындагы географиялык объекттердин аталыштарын өзгөртүү жөнүндө, Ош шаарынын муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин бекитүү жөнүндө, Ош шаарындагы Базар көчөсүндө жайгашкан борбордук базарды башка жайга көчүрүү жөнүндө, “Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна тоорук өткөрүүсүз ижара укуктарын акы алуу менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобону бекитүү жөнүндө, Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө Жобону жана 2024-жылга карата Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги мүлктөрдү менчиктештирүү Программасын бекитүү жөнүндө, айрым мамлекеттин менчигиндеги мүлктү муниципалдык менчикке кабыл алууга жана муниципалдык менчиктеги мүлктү мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлерди кароо жөнүндө, Бишкек шаарынын карамагындагы 100 бирдик троллейбустарды, алардын иштешин камсыз кылуучу жабдыктары менен бирге, Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө жана башка маселелер каралган.
Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы Ош шаардык Кеңешине жарандардын, мекеме-ишканалардын жана Ош шаарынын мэриясынын кайрылууларынын негизинде комиссиянын кароосуна сунушталган каттарды кароо боюнча 6 жолу отурум өткөрүп, анда 20 маселе каралды жана 11 маселе шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна сунушталып, сессияда каралып, тиешелүү токтомдор кабыл алынды..
Социалдык маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия жыл ичинде 3 жолу отурум өткөрүп, аларда 10 маселе карап, 1 маселени шаардык Кеңештин кароосуна киргизген.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы 3 жолу отурум өткөрүп, 4 маселе караган.
Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, Регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия 2 отурум өткөрүп, анда 3 маселе каралып, сессиянын кароосуна киргизилген.
Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы жыл ичинде 1 отурум өткөрүп, 2 маселе карады.
Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын аткарып жаткан иштери жөнүндө отчеттук маалыматтарды, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынан жана мекеме-ишканалардан келген кайрылууларды кароо боюнча 10 ирет отурум өткөрдү. Жалпысынан комиссиянын отурумдарында 40 маселе каралып, туруктуу депутаттык комиссиянын чечимдери менен Ош шаардык Кеңешинин сессиясына 28 маселе сунушталды. Тиешелүү 21 токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 6-августундагы №256 Жарлыгына ылайык, башка жергиликтүү Кеңештер менен катар, Ош шаардык Кеңеши да таркатылып, жаңы шайлоолор дайындалган. Аталган Жарлыкка ылайык, Ош шаардык Кеңешине шайлоолор өтүп, административдик-аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде алтынчы чакырылыштагы Ош шаардык Кеңешине 5 саясий партиядан 51 депутат шайланды. Анын ичинде “Жаңы Кыргызстан” партиясынан 22 депутат, “Ынтымак” партиясынан 10 депутат, “Мурас” партиясынан 8 депутат, “Милдет” партиясынан 6 депутат, “Бир Бол” партиясынан 5 депутат шайланды. Партиялардан шайланган депутаттар депутаттык фракцияларды түзүшүп, алар шаардык Кеңеште катталышты. “Жаңы Кыргызстан” жана “Ынтымак” депутаттык фракциялары биригишип, шаардык Кенештеги көпчүлүк коалициясын түзүштү. “Бир Бол” депутаттык фракциясы оппозициялык багытта калды. Ош шаардык Кеңешинин төрагалыгына “Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынын мүчөсү Баетов Болотбек Талайбекович, анын орун басарлыгына “Ынтымак” депутаттык фракциясынын мүчөсү Нурбаев Ниязбек Мамадрасулович шайланды. Шаардык Кеңеште ар тармактарды камтыган, алты туруктуу депутаттык комиссия түзүлдү. Алар:
- Бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
- Архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
- Мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
- Социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
- Транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссия.
2024-жылы өткөрүлгөн 14 сессиянын ичинен 3 сессия жаңы шайланган Кеңеш тарабынан өткөрүлүп, аларда жалпысынан 12 маселе каралды. Тактап айтканда 7 маселе уюштуруу маселелери, алардан сырткары, Ош шаардык Кеңешинин жаңы Регламенти иштелип чыгып бекитилди, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген “Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги жер тилкесин мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө, Ош шаарындагы мамлекеттик менчиктеги жолдорду Ош шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө маселелер каралган.
Жаңы шайланган шаардык Кеңештин аткарган маанилүү иштеринин бири болуп Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону уюштуруу болду. Шаардык Кеңештин Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү жөнүндөгү токтому менен Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү датасы, жыйындын күн тартиби, муниципалдык жана айылдык аймактарда өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча чогулуштарды өткөрүү графиктери, жыйынга өкүлдөрдү шайлоо боюнча өкүлчүлүк чендери, чогулуштарды өткөрө турган депутаттардын тизмеси, Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча шаардык Кеңештин төрагасы баштаган жумушчу топ бекитилип, 2024-жылдын 4-декабрында 6 муниципалдык аймакта жана 3 айылдык аймакта чогулуштар өткөрүлүп, чогулуштарды шаардык Кеңештин депутаттары алып барышты. Ал чогулуштарда шаардык өкүлчүлүктүү жыйынга 300 өкүл шайланды. 2024-жылдын 7-декабрында шаардык Кеңештин төрагасы Б.Т.Баетовдун төрагалыгы астында Ош шаарынын жергилигиктүү жамаатынын өкүлчүлүктүү жыйыны өткөрүлүп, анда Ош шаарынан Элдик Курултайга 43 делегат шайланды.
Жыл ичинде шаардык Кеңешке келип түшкөн каттар жана кайрылуулар менен иштер жүргүзүлдү. 2024-жылы Ош шаардык Кеңешине бардыгы болуп 750 кат келип түшкөн. Алардын ичинен 53 кат жеке жактардын жана жамааттардын арыздары, 556 кат шаардагы мекеме, ишканалардан келген, 141 кат жогорку органдардан келген каттар. Ошол эле убакта, аларга жооп катары, шаардык Кеңештен 594 кат чыгарылды.
2024-жылы Ош шаардын Кеңешинин жетекчилиги тарабынан 83 жаран жана мекеме-ишканалардын жетекчилери ар кандай маселелер боюнча кабыл алынды. Алардын ичинен 34 жаран жеке маселелери боюнча, 18 жаран Элдик Курултайга шайлоо маселелери боюнча кайрылышкан.
Ош шаардык Кеңешинин өздүк курамы боюнча иштер алынып барылды. 2024-жыл ичинде Ош шаардык Кеңешинин өздүк курамы боюнча 77 буйрук чыгарылды.
Чыгарылган буйруктардын негизинде шаардык Кеңештин кызматкерлери өргүүлөргө чыгышты, иш сапарларга барышты, окууларга жиберилишти, аттестациялар жүргүзүлдү, резервге конкурстар өткөрүлдү ж.б.
Ар кандай майрамдарга, кесиптик күндөргө, даталуу салтанаттарга карата 32 тескемеге ылайык 201 ардак грамота даярдалды.
23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата шаардык Кеңештин жетектөөчү адистери Ч.Абдиевге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Ардак грамотасы, жетектөөчү адис Н.Азимбековго аталган агенттиктин Грамотасы тапшырылды.
31-август Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси И.Абдыраимов “Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызматынын отличниги”, жетектөөчү адиси Н.Джудашева “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун отличниги” төш белгилери менен сыйланышты.
V чакырылыштагы Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.С.Назылбековго, төраганын орун басары Ш.Ш.Нурановго “Муниципалдык кызматтын 3-класстагы муниципалдык кеңешчиси” жана бөлүм башчысы К.Жамаловго “Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси” класстык чендери ыйгарылды.
2024-жылдын январь айында башкы адис-юрист кызмат орунуна конкурс жарыяланып, конкурстун жыйынтыгы менен 1 талапкер кадрлар резервине киргизилди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы пж №169 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасында аттестация өткөрүү жана сыноо мөөнөтүн өтүү маселелери жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Ош шаардык Кеңешинин административдик кызмат орундарын ээлеген 7 кызматкер аттестациядан өтүштү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтому менен бекитилген Республикалык маанидеги Ош шаарынын шаардык Кеңешинин штаттык санынын чегинин негизинде кыскартуулар жүргүзүлүп, Ош шаардык Кеңешинин жаңы түзүмү бекитилди.
Август айында 3 кызматкер – башкы адис М.Раманов, жетектөөчү адис Н.Джудашева, адис М.Жолдошева Ыссык-Көл областынын Бостери айылында “Аэропорт Манас” пансионатында өткөрүлгөн “Жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруу-укуктук маселелери” боюнча окуу курсунда окуп келишти.
Андан сырткары аппараттын кызматкерлери жыл ичинде Бишкек, Баткен, Талас, Токмок шаарларында Кыргыз Республикасынын шаардык Кеңештеринин депутаттарынын арасында, достук мамилени чыңдоо жана спортко болгон кызыгууларын арттыруу максатында уюштурулуучу кичи-футбол боюнча турнирлерге депутаттар менен биргеликте катышышты.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Б.Т.Баетов