Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт.

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт.

14 февраль 2025, Пятница
70
0



Урматтуу Ош шаарынын тургундары !


Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга карата долбоору боюнча шаардын коомчулугунун катышуусунда коомдук бюджеттик угуу өткөрүлөт. Андыктан коомдук угуу иш-чарасына активдүү катышып бериңиздер.

Күнү: 2025-жылдын 25-февралы саат 10:00дө.
Өтүүчү жайы: Ош шаары, Ленин көчөсү № 221, Ош шаарынын мэриясы.



Ош шаардык кеңешинин

“2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана

2026-2027-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” токтомунун долбооруна


ТҮШҮНДҮРМӨ КАТ



Бюджеттин киреше бөлүгү 

2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2024-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 108,8 пайызга (%) өсүп, же болбосо 264 397,7 миң сомго көбөйүп,  3 275 313,8 миң сомду түзүүдө, анын ичинен:

- салык кирешелери 2 320 753,8 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 70,9 %);

- салыктык эмес кирешелери 543 560,0 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 16,6 %);

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 411 000,0 миң сомду (жалпы бюджеттен 12,5%) түзөт.  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Мыйзамына ылайык жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрү төмөнкүдөй ченемде белгиленген:

-киреше салыгы - 90%;

-жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык - 50%;

-мүлк салыгы - 100 %;

-патенттин негизиндеги салык - 100%. 

Жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү (атайын каражаттарды кошкондо) 2026-жылга 3 279 821,1 миң сомду, 2027-жылга 3 325 452,9 миң сомду түзүүдө.

Бюджеттин чыгаша бөлүгү 

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2025-жылга атайын каражаттарды кошкондо 3 275 313,8 миң сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 264 397,7 миң сомго көбөйгөн. 

2025-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөндөгүдөй сунушталууда: 

- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар – 24,4 %;

- коргонуу  0,3 %;

- экономикалык маселелер – 9,6 %;

- турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр – 29,5 %; 

эс алуу, спорт жана маданият – 6,6 %;

- билим берүү – 28,7 %;

- социалдык коргоо – 0,9 %.

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар тармагына 800 029,2 миң сом каралууда, анын ичинен:

- Ош шаардык кеңешин каржылоого - 22 945,2 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясын каржылоого – 121 567,7 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарын, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы автогаражын каржылоого – 185 816,3 миң сом;

- карыздарды тейлөөгө (тышкы, ички) жана мүчөлүк акыларды төлөөгө – 383 700,0 миң сом;

- мэриянын резервдик фондуна – 30 000,0 миң сом; 

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары – 56 000,0 миң сом. 

Коргоо тармагына 10 018,7 миң сом каралууда, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 13-апрелиндеги № 201 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобого ылайык райондук аскер комиссариаттарынын кенже, техникалык, аскердик-учеттук персоналдарын күтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыл сайын чыгуучу Жарандарды анык аскердик жана альтернативдик  кызматка чакыруу жөнүндө токтомуна ылайык Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык топтоо пунктунун кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акыларына, коммуналдык төлөмдөрүнө, жарандарды аскердик кызматка чакыруу чыгымдарына жана стратегиялык чыгымдарга (ЧС) каралууда.

Экономикалык маселелерге 314 215,0 миң сом каралуудаанын ичинен:

- Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасына жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол акысына субсидия берүүгө -                  80 000,0  миң сом

-“Ошасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын аппаратын каржылоого – 4 391,0 миң сом, титулдук баракчасына –  200 000,0 миң сом; 

- Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба” муниципалдык ишканасына – 9 073,1 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын “Санарип Ош” муниципалдык ишканасына – 18 000,0 миң сом;

- бюджеттик мекеме-ишканалардын атайын каражаттары 2 750,9 миң сомду түзүүдө.

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө 964 704,3 миң сом каралууда, анын ичинен:

- “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына - 220 036,7 миң сом;

- “Ошсвет”  муниципалдык ишканасына – 107 739,3 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросуна – 14 532,8 миң сом; 

- “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасына – 24 154,1 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 163 700,0 миң сом; 

- Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 431 500,0 миң сом;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 3 041,4 миң сомду түзүүдө.

Эс алуу, спорт жана маданият тармагына 217 038,5 миң сом каралууда, анын ичинен: 

- маданият жана спорт боюнча ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө –                   36 650,0 миң сом;

- Ош шаардык борборлоштурулган китепканасына 11 930,9 миң cом;

- маданият үйлөрүн кармоого – 2 473,6 миң cом;

- А.Сүйүнбаев атындагы "Ош шаардык стадиону" жана "Алай" футболдук клубу муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө – 115 000,0 миң сом;

ОшТВ телерадиокомпаниясына субсидия берүүгө – 2 000,0 миң сом;

- Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна – 4 533,6 миң сом;

- фольклордук-эстрадалык топторуна – 15 376,2 миң сом;

- маданият башкармалыгынын, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча комитеттеринин аппараттарын каржылоого – 26 896,5 миң сом:

- Ош шаарынын маданият башкармалыгынын бухгалтериясын каржылоого – 1 677,7 миң сом;

- бюджеттик мекелердин атайын кажаттары 500,0 миң сомду түзүүдө. 

Билим берүү тармагына 940 303,3 миң сом каралууда, анын ичинен:

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүүчү уюмдарындагы 1-4-класста окуган окуучулардын тамак-ашына –                              92 585,7 миң сом, “Алтын Уя”, “Лотос” балдар үйлөрүндөгү балдардын тамак ашына – 1 766,6 миң сом, № 11 В.Терешкова жана № 12 Н.Крупская атындагы мектеп интернаттардын тамак ашына – 9 649,2 миң сом, кургак учук оорусуна каршы санатордук типтеги № 40 Наристе мектепке чейинки билим берүү уюмундагы балдардын тамак ашына – 2 220,0 миң сом  жана спорт мектебинин тамак ашына – 1 760,0 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу билим берүү мекемелеринин жана мектептен тышкаркы мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө (байланыш кызматы, сууга акы, электроэнергия, жылуулук, көмүр сатып алууга) – 247 079,4 миң сом;

- Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетине караштуу спорт мектептериндеги кызматкерлердин эмгек акысына жана социалдык фондго чегерүүсүнө – 57 591,5 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын борборлоштурулган эсепканасынын кызматкерлеринин эмгек акысына жана социалдык фондго чегерүүсүнө – 4 553,2 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүү мекемелерине жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарына,  ошондой эле мектептен тышкаркы мекемелерге (спорт мектептери, балдар үйү, балдардын чыгармачылык борборлору) эмеректерди сатып алууга – 48 600,0 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу жалпы билим берүү мекемелерин жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын капиталдык оңдоп-түзөө иштерине – 50 000,0 миң сом, учурдагы оңдоп-түзөө иштерине 2 200,0 миң сом жана “Келечек” балдардын чыгармачылык борборуна оңдоп-түзөө иштерине 256,0 миң сом;

- Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына чарбалык максаттагы буюмдарды жана материалдарды сатып алууга – 20 000,0 миң сом;

- билим берүү мекемелеринин күзөт кызматына, таштандыларды чыгарууга, залалсыздандырууга жана башка иш-чараларына – 53 654,0 миң сом;

- билим берүү мекемелеринин атайын каражаттары 348 407,7 миң сомду түзүүдө. 

Социалдык коргоо тармагына 29 004,8 миң сом каралууда, анын ичинен:

- Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларга – 596,0 миң сом;

Боорукердик” үй-интернатына – 16 308,0 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборуна – 2 150,4 миң сом;

- Ардагерлер Кенешине – 650,4 миң сом сунушталууда;

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 300,0 миң сомду түзүүдө. 

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрү 2026-жылга 3 279 821,1 миң сом, 2027-жылга 3 325 452,9 миң сомго сунушталууда.



Кыргыз Республикасынын 

Финансы министрлигинин 

Ош финансы башкармалыгынын 

начальниги                                                                       К.К. Абдыкадыров


 





Ош шаардык кеңешинин


2025-жылдын __-февралындагы


кезексиз ___ сессиясынын


№ __ токтомунун 1-тиркемеси






2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү


(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери0,0
1Киреше салыгы1 878 143,0
1Патенттин негизиндеги салык80 000,0
1Кыймылсыз мүлккө салык 193 635,8
1Транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык73 247,0
1Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы30 000,0
1Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы3 200,0
1Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы57 815,0
1Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык4 713,0

Салыктык эмес кирешелер0,0
1Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн  акы төлөө 180 000,0
1Жерлердин ижарасы үчүн акы төлөө340 000,0
1Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы5 500,0
1Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар3 550,0
1Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым10 000,0
1Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр700,0
1Алкоголдук жана этил спирт продукцияларына лицензия алуудан түшүүчү төлөмдөр2 200,0
1Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым1 610,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)0,0
1Атайын каражаттар411 000,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошкондо)0,0


 





Ош шаардык Кеңешинин


2025-жылдын __-февралындагы


кезексиз ___ сессиясынын


№ __ токтомунун 2-тиркемеси






2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 
чыгашалар бөлүгү


(миң сом)
ЧыгашаларСуммасы
701Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар, анын ичинен:0,0

мэриянын резервдик фонду0,0

карыздарды тейлөөгө (тышкы, ички, мүчөлүк акы)0,0

атайын каражаттар0,0
702Коргоо тармагы0,0
704Экономикалык маселелер0,0

атайын каражаттар0,0
706Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр0,0

атайын каражаттар0,0
708Эс алуу, спорт жана маданият тармагы0,0

атайын каражаттар0,0
709Билим берүү0,0

атайын каражаттар0,0
710Социалдык коргоо0,0

атайын каражаттар0,0

Жалпы0,0

атайын каражаттар0,0

 


Ош шаардык Кеңешинин


2025-жылдын __-февралындагы


кезексиз ___ сессиясынын


№ __ токтомунун 3-тиркемеси






2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын 
пландык көрсөткүчтөрү


(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери0,0
1Киреше салыгы1 947 204,8
2Патенттин негизиндеги салык50 000,0
3Кыймылсыз мүлккө салык 201 529,1
4Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы35 000,0
5Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы68 500,0
6Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык4 939,2

Салыктык эмес кирешелер0,0
7Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн  акы төлөө 186 148,0
8Жерлердин ижарасы үчүн акы төлөө345 000,0
9Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы5 800,0
10Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар3 700,0
11Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым10 000,0
12Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр750,0
13Алкоголдук жана этил спирт продукцияларына лицензия алуудан түшүүчү төлөмдөр2 300,0
14Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым1 700,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)0,0
15Атайын каражаттар417 250,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошкондо)0,0




ЧыгашаларСуммасы
701Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар0,0

атайын каражаттар0,0
702Коргоо тармагы0,0
704Экономикалык маселелер0,0

атайын каражаттар0,0
706Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр0,1

атайын каражаттар0,0
708Эс алуу, спорт жана маданият тармагы0,0

атайын каражаттар0,0
709Билим берүү0,0

атайын каражаттар0,0
710Социалдык коргоо0,0

атайын каражаттар0,0

Жалпы чыгашалар:0,0

атайын каражаттар0,0

 


Ош шаардык Кеңешинин


2025-жылдын __-февралындагы


кезексиз ___ сессиясынын


№ ___ токтомунун 4-тиркемеси






2027-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын 
пландык көрсөткүчтөрү


(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери0,0
1Киреше салыгы1 969 630,6
2Патенттин негизиндеги салык50 000,0
3Кыймылсыз мүлккө салык 204 454,6
4Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы38 000,0
5Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы69 000,0
6Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык5 467,7

Салыктык эмес кирешелер0,0
7Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн  акы төлөө 188 900,0
8Жерлердин ижарасы үчүн акы төлөө350 000,0
9Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара акысы6 000,0
10Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар4 000,0
11Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым10 000,0
12Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр800,0
13Алкоголдук жана этил спирт продукцияларына лицензия алуудан түшүүчү төлөмдөр2 400,0
14Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйым1 800,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)0,0
15Атайын каражаттар425 000,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошкондо)0,0




ЧыгашаларСуммасы
701Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар0,0

атайын каражаттар0,0
702Коргоо тармагы0,0
704Экономикалык маселелер0,0

атайын каражаттар0,0
706Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр0,0

атайын каражаттар0,0
708Эс алуу, спорт жана маданият тармагы0,0

атайын каражаттар0,0
709Билим берүү0,0

атайын каражаттар0,0
710Социалдык коргоо0,0

атайын каражаттар0,0

Жалпы чыгашалар:0,0

атайын каражаттар0,0

 





Ош шаардык Кеңешинин


2025-жылдын __-февралындагы


кезексиз ___ сессиясынын


№ __ токтомунун 5-тиркемеси






 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен 
субсидия берилүүчү мекеме-ишканалар


(миң сом)
Ишканалардын аталышыСуммасы
1Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасы 0,0
2“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасы0,0
3А.Суюмбаев атындагы "Ош шаардык стадиону" жана "Алай" футболдук клубу муниципалдык ишканасы0,0
4“ОшТВ” телерадиокомпаниясы

Жалпысы0,0


 





Ош шаардык Кеңешинин


2025-жылдын __-февралындагы


кезексиз ___ сессиясынын


№ __ токтомунун 6-тиркемеси






Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык мекемлердин, ишканалардын
кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөмдөр


(сом)
Кызматтардын аталышыСуммасы
1Автобустун, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу6 000
2Жеңил автоунаанын айдоочусу4 500
3Транспорттук-жыйноочу машина, электр жана автомашинанын айдоочусу6 000
4Уста, сантехник, слесарь, электрик, ширетүүчү, жүктөгүч, ит атар, жумушчу (короо тазалоочу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, көчө шыпыруучу, ж.б.)12 000
5Электромонтер12 000
6Жол оңдоочу жумушчу16 500
7Көр казуучу4 500
8Кароолчу (вахтер), имараттарды тейлөө жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн жумушчу, кызматтык жайларды тазалоочу2 300


 





Ош шаардык Кеңешинин


2025-жылдын __-февралындагы


кезексиз __ сессиясынын


№ __ токтомунун 7-тиркемеси






2025-жылга Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо
боюнча иш-чараларына каралган чыгымдар


(миң сом)
АталышыСуммасы
1Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамынын алкагында коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга1 500,0
2Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын     20-июнундагы №142 токтому менен бекитилген "Ош шаарындагы  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жѳнүндѳ" жобого ылайык 2 жашка чейинки балдарды акысыз сүт азыктары менен камсыздоого3 000,0
4Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын     20-июнундагы №142 токтому менен бекитилген "Ош шаарындагы  аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жеңилдиктерди алууга укугу бар тургундарга социалдык колдоо көрсөтүүнүн тартиби жѳнүндѳ" жобого ылайык Ош шаарынын мэринин ай сайын берилүүчү стипендиясы (бир жаранга бир айына 1250 сом өлчөмүндө)2 000,0
5ВИЧ Спид оорусун жуктурган балдарга материалдык жардам көрсөтүүгө (бир балага бир айына 1000 сом өлчөмүндө)276,0
6Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 токтому менен бекитилген "Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул300,0
7Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-февралындагы № 157 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын социалдык кызматкери жөнүндө жобого" ылайык Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Ош шаардык башкармалыгында иштеген социалдык кызматкерлер үчүн  кошумча жеңилдиктерге (бир кызматкерге бир айына 7000 сом өлчөмүндө)2 520,0

Жалпысы0,0

 








Ош шаардык Кеңешинин



2025-жылдын ___-февралындагы



кезексиз ___ сессиясынын



№ __ токтомунун 8-тиркемеси










2025-2026-2027-жылдарга Ош шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү


(миң сом)
ПР кодуБюджеттик программаларПрограммалар боюнча каржылоо 
2025-жылга 2026-жылга пландык көрсөткүч2027-жылга пландык көрсөткүч
001Пландоо, башкаруу жана администрлөө                                                            Программанын максаты:                                                                           Башка программаларды ишке ашырууга кординациялык жана уюштуруучулук таасирин тийгизүү0,00,10,0
002Экономикалык өнүктүрүү                                                             Программанын максаты:                                                                 Шаардын инфраструктуранын жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жолу менен экономикалык өнүктүрүүгө жана ишке орноштурууну жогорулатууга көмөк көрсөтүү944 742,70,00,0
003Айлана чөйрөнү коргоо                                                                Программанын максаты:                                                                                        Экологиялык чөйрөнүн абалын жакшыртуу0,00,00,0
004Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр                                        Программанын максаты:                                                                             Калкты турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу167 499,00,00,0
005Коопсуздук жана укук тартиби                                                      Программанын максаты:                                                                 Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдан калкты жана аймактарды коргоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу0,00,00,0
006Эс алуу, маданият жана спорт                                                      Программанын максаты:                                                                    Калкты маданият жана спорттук иш чараларга тартууну кеңейтүү, эс алуу жана бош убакыттарды өткөрүү шарттарын жакшыртуу0,00,00,0
007Билим берүүгө колдоо көрсөтүү                                         Программанын максаты:                                                                                 Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо0,00,00,0
008Социалдык коргоо                                                                  Программанын максаты:                                                                            Калктын бардык аярлуу катмарын социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камтылышын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу                       0,00,00,0
                            Жалпысы:
0,00,00,0




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)