Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ош шаарынын тургундары !

Урматтуу Ош шаарынын тургундары !

14 февраль 2025, Пятница
14
0


Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин

2025-жылга долбооруна жана 2025-2026-жылдарга

пландык көрсөткүчтөрүнө түшүндүрмө 



Бюджеттин киреше бөлүгү 

2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2024-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 109,5% өсүп, же болбосо 270 867,7 миң сомго көбөйүп,  3 281 783,8 миң сомду түзүүдө, анын ичинен:

- салык кирешелери 2 345 753,8миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 103,6%);

- салык эмес кирешелери 526 030,0 миң сомду (жалпы бюджеттин көлөмүндө 101,8%);

- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 410 000 миң сомду (жалпы бюджеттен 185,9%) түзөт.  

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрү төмөнкүдөй ченемде белгиленген:

-киреше салыгы- 90%;

-жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык- 50%;

-мүлк салыгы- 100 %;

-патенттин негизиндеги салык - 100%. 

Ал эми жергиликтүү бюджеттин пландык көрсөткүчтөрү (атайын каражаттарды кошкондо) 2026-жылга 3 289 771,1 миң сомду, 2027-жылга 3 375 352,9 миң сомду түзүүдө.


Бюджеттин чыгаша бөлүгү 

Бюджеттин чыгашалар бөлүгү 2025-жылга атайын каражаттарды кошкондо 3 281 783,8 миң сомду түзүп, 2024-жылга салыштырмалуу 270 867,7 миң сомго көбөйгөн. 

2025-жылга белгиленген бюджеттин чыгаша бөлүгү тармактар боюнча төмөндөгүдөй сунушталууда: 

- жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар – 24,6 %;

- коргонуу  0,3 %;

- экономикалык маселелер – 11,3 %;

- турак жай жана коммуналдык чарба – 27,1 %; 

- маданият жана спорт – 7,0 %;

- билим берүү – 28,7 %;

- социалдык коргоо – 1,0 %.

Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар тармагына 808 551,9 миң сом каралууда, анын ичинен:

- Ош шаардык Кенешин каржылоого- 22 945,2 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясын каржылоого – 123 228,1 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгын, Толойкон, Кызыл-Кыштак, Жапалак айылдык аймактык башкармаларын, Ош шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча инспекциясынын, Ош шаарынын мэриясынын Автогаражын каржылоого – 112 234,6   миң сом;

- насыяларды төлөөгө, Ош шаары мүчө болуп кирген Эл аралык уюмдарга жана ассоциацияларга мүчөлүк акы төлөөгө – 380 000,0 миң сом;

- мэриянын резервдик фондуна – 30 000,0 миң сом;

- муниципалдык аймактык башкармалыктарды каржылоого – 85 144,0 миң сом. 

Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 55 000,0 миң сомду түзүүдө. 

Коргоо тармагына 10 018,7 миң сом каралууда, анын ичинен:

Ош шаардык аскер комиссариатынын, Ош шаардык топтоо пунктунун кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акыларына, коммуналдык төлөмдөрүнө, жарандарды аскердик кызматка чакыруу чыгымдарына жана стратегиялык чыгымдарга (ЧС) каралууда.

Экономикалык маселелерге 371 584,7 миң сом каралуудаанын ичинен:

- Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасына жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол акысына субсидия берүүгө -                  90 000,0  миң сом

- “Ошасфальтсервис” муниципалдык ишканасынын аппаратын каржылоого – 24 615,0 миң сом, титулдук баракчасына –  146 100,9 миң сом; 

- “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө – 68 411,5 миң сом;

- "Ош сити" акылду шаар куруу муниципалдык дирекциясына – 18 000,0 миң сом;

- Агрардык чарба жүргүзүүчү муниципалдык ишканасына – 6 706,4 миң сом;

Санарип Ош муниципалдык ишканасына – 15 000,0 миң сом.

Бюджеттик мекеме-ишканалардын атайын каражаттары 2 750,9 миң сомду түзүүдө.

Турак жай жана коммуналдык кызматтар тармагына 887 965,0 миң сом каралууда, анын ичинен:

- “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына - 195 036,7   миң сом;

- “Ошсвет”  муниципалдык ишканасына – 122 739,3 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросуна – 16 365,8 миң сом; 

- Ош шарынын муниципалдык турак-жай коммуналдык башкармалыгына – 26 569,5 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын титулдук баракчасына – 124 212,3 миң сом; 

- Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын титулдук баракчасына – 300 000,0 миң сом.

- Ош шаарындагы "Жылуулук камыздоо" муниципалдык ишканансына – 100 000,0 миң сом; 

Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 3 041,4 миң сомду түзүүдө.

Маданият жана спорт тармагына 228 426,7 миң сом каралууда, анын ичинен: 

- маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө – 47 372,9 миң сом;

- Ош шаардык борборлоштурулган китепканасына 11 566,2 миң cом;

- маданият үйүн кармоого – 2 473,6 миң cом;

- А.Суйунбаев атындагы "Ош шаардык стадиону" жана "Алай" футболдук клубу муниципалдык ишканасына субсидия берүүгө – 115 000,0 миң сом;

- «Ош шамы» гезитине субсидия берүүгө – 3 000,0 миң сом;

- Ош шаардык спорттук медицина жана калыбына келтирүү борборуна – 4 563,6 миң сом;

- фольклордук-эстрадалык тобуна – 15 376,2 миң сом;

- маданият башкармалыгынын, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча комитеттеринин аппараттарын каржылоого – 26 896,5 миң сом:

- Ош шаарынын маданият башкармалыгынын бухгалтериясын каржылоого – 1 677,7 миң сом сунушталууда.

Бюджеттик мекелердин атайын кажаттары 500,0 миң сомду түзүүдө. 

Билим берүү тармагына 943 693,8 миң сом каралууда, анын ичинен:

- мектептердеги 1-4-класста окуган балдардын тамак-ашына – 94 785,7 миң сом, мектеп интернаттардын, “Алтын Уя”, “Лотос” балдар үйлөрүндөгү балдардын тамак ашына – 1 766,6 миң сом, № 11 В.Терешкова жана № 12 Н.Крупская атындагы мектеп интернаттардын тамак ашына – 9 649,2 миң сом жана спорт мектебинин тамак ашына – 1 760,0 миң сом;

-мекемелердин коммуналдык төлөмдөрүнө (байланыш кызматы, суу, электроэнергия, жылуулук, көмүр) – 224 717,0 миң сом;

- спорт мектебиндеги кызматкерлеринин эмгек акысына жана социалдык фондго төгүмдөрүнө – 57 591,5 миң сом;

-мугалимдердин коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге – 21 884,4 миң сом;

-бала бакчаларга, мектептерге жана башка мекемелерге (спорт мектептери, балдар үйү, балдардын чыгармачылык борборлору, эсепканалар жана билим берүү башкармалыгынын аппараты) эмеректерди, парталарды, компьютерлерди сатып алууга, оңдоп-түзөө иштерине жана башка чыгымдарга – 183 131,7 миң сом каралууда.

Билим берүү мекемелеринин  атайын каражаттары 348 407,7 миң сомду түзүүдө. 

Социалдык коргоо тармагына 31 543,0 миң сом каралууда, анын ичинен:

- Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларга – 9 636,0 миң сом;

- «Боорукердик» үй-интернатына – 16 158,0 миң сом;

- Ош шаарынын мэриясынын алдындагы көп тармактуу Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү борборуна – 4 798,6 миң сом;

- Ардагерлер Кенешине – 650,4 миң сом сунушталууда.

Бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 300,0 миң сомду түзүүдө. 

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрү 2026-жылга 3 289 771,1 миң сом, 2027-жылга 3 335 352,9 миң сомго сунушталууда.






Аткаруучу:

КРФМ Ош финансы башкармалыгы




 
2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелер бөлүгү


(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери2 345 753,8
1Киреше салыгы1 878 143,0
2Патенттин негизиндеги салык80 000,0
3Кыймылсыз мүлккө салык 208 635,8
4Транспорт каражаттарынын ээлеринен алыннуучу салык73 247,0
5Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы30 000,0
6Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы3 200,0
7Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы67 815,0
8Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык4 713,0

Салыктык эмес кирешелер526 030,0
9Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн  акы төлөө 260 470,0
10Жерлердин ижарасы үчүн акы төлөө251 300,0
11Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы5 500,0
12Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар3 550,0
13Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым700,0
14Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр700,0
15Алкоголдук жана этил спирт продукцияларына лицензия алуудан түшүүчү төлөмдөр2 200,0
16Жайыт жерлеринен ижарасынан акы1 610,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)2 871 783,8
17Атайын каражаттар410 000,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошкондо)3 281 783,8







 
 
2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 
чыгашалар бөлүгү


(миң сом)
ЧыгашаларСуммасы
701Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар, анын ичинен:808 551,9

мэриянын резервдик фонду30 000,0

кредиттерди жоюга380 000,0

атайын каражаттар55 000,0
702Коргоо тармагы10 018,7
704Экономикалык маселелер371 584,7

атайын каражаттар2 750,9
706Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр887 965,0

атайын каражаттар3 041,4
708Эс алуу, спорт жана маданият тармагы228 426,7

атайын каражаттар500,0
709Билим берүү943 693,8

атайын каражаттар348 407,7
710Социалдык коргоо31 543,0

атайын каражаттар300,0

Жалпы3 281 783,8

атайын каражаттар410 000,0

 
2026-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын 
пландык көрсөткүчтөрү


(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери2 337 173,1
1Киреше салыгы1 947 204,8
2Патенттин негизиндеги салык50 000,0
3Кыймылсыз мүлккө салык 231 529,1
4Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы35 000,0
5Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы68 500,0
6Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык4 939,2

Салыктык эмес кирешелер535 348,0
7Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн  акы төлөө 265 348,0
8Жерлердин ижарасы үчүн акы төлөө255 000,0
9Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы5 800,0
10Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар3 700,0
11Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым750,0
12Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр750,0
13Алкоголдук жана этил спирт продукцияларына лицензия алуудан түшүүчү төлөмдөр2 300,0
14Жайыт жерлеринен ижарасынан акы1 700,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)2 872 521,1
15Атайын каражаттар417 250,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошкондо)3 289 771,1




ЧыгашаларСуммасы
701Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар809 706,2

атайын каражаттар55 972,6
702Коргоо тармагы10 020,9
704Экономикалык маселелер371 716,8

атайын каражаттар2 799,5
706Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр888 218,4

атайын каражаттар3 095,2
708Эс алуу, спорт жана маданият тармагы228 486,8

атайын каражаттар508,8
709Билим берүү950 066,7

атайын каражаттар354 568,6
710Социалдык коргоо31 555,3

атайын каражаттар305,3

Жалпы чыгашалар:3 289 771,1

атайын каражаттар417 250,0

 
2027-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин жана чыгашаларынын 
пландык көрсөткүчтөрү


(миң сом)
КирешелерСуммасы

Салык кирешелери2 366 552,9
1Киреше салыгы1 969 630,6
2Патенттин негизиндеги салык50 000,0
3Кыймылсыз мүлккө салык 234 454,6
4Тамарка жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы38 000,0
5Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы69 000,0
6Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык5 467,7

Салыктык эмес кирешелер543 800,0
7Мамлекеттик имараттарды ижарага берүүдөн  акы төлөө 268 000,0
8Жерлердин ижарасы үчүн акы төлөө260 000,0
9Жерди бөлүштүрүү Фондусунун жеринин ижара акысы6 000,0
10Таштандыларды ташып чыгууга жыйымдар4 000,0
11Автотранспорт токтоочу жайлардан алынуучу жыйым800,0
12Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр800,0
13Алкоголдук жана этил спирт продукцияларына лицензияалуудан түшүүчү төлөмдөр2 400,0
14Жайыт жерлеринен ижарасынан акы1 800,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошпогондо)2 910 352,9
15Атайын каражаттар425 000,0

Жалпысы (атайын каражаттарды кошкондо)3 335 352,9




ЧыгашаларСуммасы
701Жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар820 066,7

атайын каражаттар57 012,2
702Коргоо тармагы10 136,4
704Экономикалык маселелер376 052,3

атайын каражаттар2 851,5
706Турак-жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр898 512,2

атайын каражаттар3 152,7
708Эс алуу, спорт жана маданият тармагы231 129,5

атайын каражаттар518,3
709Билим берүү967 531,1

атайын каражаттар361 154,3
710Социалдык коргоо31 924,7

атайын каражаттар311,0

Жалпы чыгашалар:3 335 352,9

атайын каражаттар425 000,0









 2025-жылга Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинен 
субсидия берилүүчү мекеме ишканалар


(миң сом)
Ишканалардын аталышыСуммасы
1Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасы 90 000,0
2"Ош сити" акылдуу шаар куруу муниципалдык дирекциясы15 000,0
3 "Ош Тазалык" атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы68 411,5
4“Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай-коммуналдык ишканасы” муниципалдык ишканасы26 569,5
5Ош шаарындагы "Жылуулук камыздоо" муниципалдык ишканасы100 000,0
6А.Суюмбаев атындагы "Ош шаардык стадиону" жана "Алай" футболдук клубу муниципалдык ишканасы115 000,0
7 "Ош шамы" гезитинин редакциясы3 000,0

Жалпысы417 981,0


 
Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык ишканалардын
кенже тейлөөчү кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча төлөмдөр


(сом)
Кызматтардын аталышыСуммасы
1Автобустун, жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу6 000
2Жеңил автоунаанын айдоочусу4 500
3Транспорттук-жыйноочу машина, электр жана автомашинанын айдоочусу6 000
4Уста, сантехник, слесарь, электрик, ширетүүчү, жүктөгүч, ит атар, жумушчу (короо тазалоочу, калктуу конуштарды көрктөндүрүү боюнча жумушчу, көчө шыпыруучу, ж.б.)12 000
5Электромонтер12 000
6Жол оңдоочу жумушчу16 500
7Көр казуучу4 500
8Кароолчу (вахтер), имараттарды тейлөө жана кезектеги оңдоп-түзөө иштерин жүргүзгөн жумушчу, кызматтык жайларды тазалоочу2 300

 
2025-жылга Ош шаарынын жарандарын социалдык жактан коргоо
боюнча иш-чараларына каралган чыгымдар


(миң сом)
АталышыСуммасы
1ВИЧ Спид оорусун жуктурган балдарга ай сайын 1000 сомдон материалдык жардам көрсөтүүгө276,0
2Пенсионерлерге, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеңилдиктерге2 340,0
3Социалдык кызматкерлердин кошумча  жеңилдиктерине (ар бир кызматкерге 7000 сомдон бир айга)2 520,0
4Ош шаарындагы көп балалуу, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын  сүт азыктары менен камсыздоого3 000,0
5Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө" Мыйзамынын алкагында коомдук пайдалуу иш-чараларды ишке ашырууга1 500,0

Жалпысы9 636,0
 





2025-2026-2027-жылдарга Ош шаары боюнча бюджеттик программалардын жана чаралардын түзүмү


(миң сом)
ПР кодуБюджеттик программаларПрограммалар боюнча каржылоо 
2025-жылга 2026-жылга пландык көрсөткүч2027-жылга пландык көрсөткүч
001Пландоо, башкаруу жана администрлөө                                                            Программанын максаты:                                                                           Башка программаларды ишке ашырууга кординациялык жана уюштуруучулук таасирин тийгизүү729 489,9785 972,5796 862,7
002Экономикалык өнүктүрүү                                                             Программанын максаты:                                                                 Шаардын инфраструктуранын жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жолу менен экономикалык өнүктүрүүгө жана ишке орноштурууну жогорулатууга көмөк көрсөтүү750 756,9808 886,2820 093,8
003Айлана чөйрөнү коргоо                                                                Программанын максаты:                                                                                        Экологиялык чөйрөнүн абалын жакшыртуу272 454,4293 549,9297 617,2
004Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр                                        Программанын максаты:                                                                             Калкты турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен тейлөөнүн сапатын жакшыртуу301 858,3325 230,5329 736,7
005Коопсуздук жана укук тартиби                                                      Программанын максаты:                                                                 Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдан калкты жана аймактарды коргоо, коомдук коопсуздукту камсыздоо жана укук тартибин коргоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу15 093,316 261,916 487,3
006Эс алуу, маданият жана спорт                                                      Программанын максаты:                                                                    Калкты маданият жана спорттук иш чараларга тартууну кеңейтүү, эс алуу жана бош убакыттарды өткөрүү шарттарын жакшыртуу228 426,7228 426,7228 426,7
007Билим берүүгө колдоо көрсөтүү                                         Программанын максаты:                                                                                 Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо940 697,21 013 533,11 027 576,2
008Социалдык коргоо                                                                  Программанын максаты:                                                                            Калктын бардык аярлуу катмарын социалдык кызмат көрсөтүүлөр менен камтылышын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу                       43 007,146 337,046 979,1
                            Жалпысы:
3 281 783,83 289 771,13 335 352,9

                    

 
Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен каржылануучу иш-чаралардын тизмеси 


(миң сом)
Иш чараларСуммасы
1Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы аксакалдар сотторунун төрагаларын сыйлоого жана канцелярдык товар менен камсыздоого
2Ош шаардык Кеңешинин курьердик кызматтарды аткаруучунун айлык акысына жана күйүүчү майга 

Жалпы:



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)