Урматтуу Ош шаарынын тургундары !
Урматтуу Ош шаарынын тургундары !
Административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун айрым аймактары Ош шаарына кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 45-беренелеринин, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 15,19-беренелеринин негизинде, Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Ош шаардык Кеңешинин кароосуна “Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анынын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө жөнүндө” №96 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү маселеси сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана алар боюнча жеңилдиктер, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкалар жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
Ошондуктан урматтуу шаардыктар, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: (03222) 5-57-48
Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анынын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө жөнүндө
МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ
Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү тартиби Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
Ош шаарындагы муниципалдык мүлктөрдү (анын ичинде имараттарды) ижара шартында пайдаланууга берүү боюнча эсептөөлөр Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №96 токтому менен бекитилген. (Ош шаардык Кеңешинин 22-жылдын 15-ноябрындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
Бүгүнкү күндө, аталган токтом менен бекитилген коэффициенттер менен ижара акыларга болгон эсептөөлөр жүргүзүлүүдө.
Муниципалдык имараттарды, имараттын ичиндеги жайларды пайдалангандыгы үчүн айлык ижара акынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Аг. пл. = Тб x (1+K1+K2+К3) x K4 x S : 12
Бул жерде:
Аг. пл. - жай (имарат) үчүн ижаранын айлык акысынын өлчөмү;
Тб - 200 сомго барабар болгон 1 чарчы метр үчүн жылдык ижара акынын базалык тарифи;
К1 - жайдын орун алуу коэффициенти;
К2 - техникалык түзүлүш коэффициенти;
К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
К4 - жайдын орунга жайгашуу коэффициенти;
S - жайдын аянты.
Аталган эсептөөлөр, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясынын 2003-жылдын 28-мартындагы № 8-пк токтомуна жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан, ошондой эле ижара акысын бекитүү тартибин аныктайт.
Бүгүнкү күндө, инфляциянын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, жергиликтүү бюджетти толтуруу, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле жыл сайын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына коюлган планды толук кандуу аткаруу максатында, муниципалдык мүлктөрдү ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү үчүн коэффициенттерди өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Жогорудагыларды эске алып, Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №96 токтомунун 1-тиркемесиндеги “Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анынын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөөлөрүнүн” (Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык) “в” пунктчасындагы К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициентин төмөндөгүдөй таризде өзгөртүү сунушталат:
1.Кампалар жана башка көмөкчү жайлар – 0,5;
2.Сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканалары – 1,5;
3.Турмуш-тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары (бут кийимдерди, кийимдерди, үй тиричилигине керектүү буюмдарды ремонттоо, химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, косметикалык салондор, прокат пункттары, мончолор) – 3,0;
4.Долбоордук изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын, аудиториялардын, почталык, медициналык кызмат көрсөтүү жайлары – 3,0;
5. Дары-дармектерди сатуу – 10,0;
6. Тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ишканалары – 5,0;
7. Автомобилдерди, эсептөө техникалык жана башка жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө, материалдарды көчүрмөлөө (ксерокопия) иштетүү үчүн жайлар – 3,0;
8. Электрондук, компьютердик жана башка көңүл ачуучу оюн залдары, аттракциондор – 3,0;
9. Офис үчүн пайдалануучу жайлар – 6,0;
10. Ресторандар, кафелер, барлар, дискотекалар, хостел, жатаканалар, мейманканалар, сауналар, фитнес клубдар, спорттук ден-соолукту чыңдоо жайлары бильярд, – 6,0;
11. Финансы мекемелери, банктар, камсыздоо компаниялары, биржалар – 10,0;
12. Өндүрүштүк максатта пайдалануучу жайлар – 4,0;
13. Соода түйүндөрү, нан жана нан азыктарын, сүт жана сүт азыктарын, эт жана эт азыктарын, азык-түлүк товарларын, кондитердик азыктарды, алкогольсуз ичимдиктерди сатуу үчүн пайдалануучу аянттар – 5,0;
14. 1-13 көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар – 6,0.
Жогорудагыларды эске алып, Ош шаардык Кеңешинин 2017-жылдын 26-декабрындагы №96 токтомунун 1-тиркемесиндеги “Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды), анынын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөөлөрүнүн” (Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык) “в” пунктчасындагы К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенттерин көтөрүүгө сунушталган тарифти Ош шаардык Кеңешинин тиешелүү туруктуу депутаттык комиссиясында жана Ош шаардык Кеңешинин сессиясында кароого сунуштап берүүңүздү суранамын.
Ош шаарынын
мэринин орун басары З.Б. Юсупов
Имараттарды (имараттын ичиндеги жайларды) анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө
Бул эсептөө Кыргыз Республикасынын граждандык Кодексине, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу жана түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитетинин коллегиясынын 2003-жылдын 28-мартындагы №8-пк токтомуна жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан, ошондой эле ижара акысын бекитүү тартибин аныктайт.
Муниципалдык имараттарды, имараттын ичиндеги жайларды пайдалангандыгы үчүн айлык ижара акынын өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
Аг. пл. = Тб x (1+K1+K2+К3) x K4 x S : 12
Бул жерде:
Аг. пл. - жай (имарат) үчүн ижаранын айлык акысынын өлчөмү;
Тб - 200 сомго барабар болгон 1 чарчы метр үчүн жылдык ижара акынын базалык тарифи;
К1 - жайдын орун алуу коэффициенти;
К2 - техникалык түзүлүш коэффициенти;
К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;
К4 - жайдын орунга жайгашуу коэффициенти;
S - жайдын аянты.
Эсептөөнү колдонууда коэффициенттердин чоңдугу төмөнкү критерий боюнча аныкталат:
а). К1 - жайдын орун алуу коэффициенти:
1. Бөлөк жайгашкан имарат – 0,8
2. Имараттын ичиндеги жай – 0,7
3. Кошумча курулган жай – 0,4
4. Жарым жер-төлөө (цоколь) – 0,3
5. Жер-төлөө жай – 0,3
б). К2 - техникалык түзүлүш коэффициенти:
1. Суу түтүгү, саркынды суу, ысык суу, борбордук жылуулук – 0,7
2. Суу түтүгү, саркынды суу, борбордук жылуулук – 0,6
3. Борбордук жылуулук – 0,3
4. Суу түтүгү, саркынды суу – 0,3
5. Техникалык эч кандай түзүлүшү жок – 0,2
в). К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти:
1.Кампалар жана башка көмөкчү жайлар – 0,5;
2.Сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканалары – 1,5;
3.Турмуш-тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары (бут кийимдерди, кийимдерди, үй тиричилигине керектүү буюмдарды ремонттоо, химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, косметикалык салондор, прокат пункттары, мончолор) – 3,0;
4.Долбоордук изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын, аудиториялардын, почталык, медициналык кызмат көрсөтүү жайлары – 3,0;
5.Дары-дармектерди сатуу – 10,0;
6.Тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ишканалары – 5,0;
7.Автомобилдерди, эсептөө техникалык жана башка жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө, материалдарды көчүрмөлөө (ксерокопия) иштетүү үчүн жайлар – 3,0;
8.Электрондук, компьютердик жана башка көңүл ачуучу оюн залдары, аттракциондор – 3,0;
9.Офис үчүн пайдалануучу жайлар – 6,0;
10.Ресторандар, кафелер, барлар, дискотекалар, хостел, жатаканалар, мейманканалар, сауналар, фитнес клубдар, спорттук ден-соолукту чыңдоо жайлары бильярд, – 6,0;
11.Финансы мекемелери, банктар, камсыздоо компаниялары, биржалар – 10,0;
12.Өндүрүштүк максатта пайдалануучу жайлар – 4,0;
13.Соода түйүндөрү, нан жана нан азыктарын, сүт жана сүт азыктарын, эт жана эт азыктарын, азык-түлүк товарларын, кондитердик азыктарды, алкогольсуз ичимдиктерди сатуу үчүн пайдалануучу аянттар – 5,0;
14. 1ден 13кө чейин көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар – 6,0.
г). К4 - жайдын орунга жайгашуу коэффициенти:
Бул коэффициентти аныктоодо, ижарага бериле турган жайга болгон суроо талап, анын жака белин пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү, аймактык-экономикалык зонанын мүнөздөмөсү жана жогоруда көрсөтүлгөн коэффициенттер менен эске алынбаган жайдын башка сапат критерийлери эске алыныш керек.
- Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги, зоналоонун биринчи жана экинчи квадратында жайланышкан, турак-жайга кирбеген имараттар, курулуш жайлары үчүн – 2,1;
- Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги, зоналоонун үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайгашкан кыймылсыз обьекттер үчүн – 1,7;
- Зоналоонун биринчи, экинчи, үчүнчү жана төртүнчү квадратында жайланышкан обьекттерден сырткары – 1,5.
Эгерде баланс кармоочунун ижарага берүүчү 1 (бир) чарчы метр аянтты кармоого кеткен чыгымы эсептелген Тб өлчөмүнөн көп болсо, бул учурда 1 (бир) чарчы метр жылдык ижара акысы сапатында баланс кармоочунун чыгымы кабыл алынат.
Ош шаарынын муниципалдык менчигине караштуу имараттарды, имараттын ичиндеги жайларды, анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысы бул эсептөө боюнча эсептелген ижара акынын өлчөмүнөн төмөн боло албайт.
Ижара акынын өлчөмү имаратты жана жайды эксплуатациялоо жана майда (текущий) ремонт боюнча кеткен жана ошондой эле жылуулук берүү, коммуналдык кызмат үчүн кеткен чыгымдарды камтыбайт.
Айлык ижара акысы ижарачы тарабынан келишимге ылайык төлөнүүчү так белгиленген төлөмдөр суммалары түрүндө, 10 (он) банктык күндө, жергиликтүү бюджетке толугу менен өткөрүп берүү баланс кармоочунун эсеп счетуна төгүлөт.
Ижара акынын өлчөмү, келишимде каралган мөөнөттөрдө өзгөртүлүшү мүмкүн. Бирок өзгөртүү бир жылда бир жолудан көп болбошу керек.
Ижара акынын өлчөмү жөнүндө жактар тарабынан жазуу түрүндө макулдашылган шарттар жок болсо, анда ижара келишими түзүлбөгөн болуп эсептелет.
Эсептөөлөрдүн мисалдары:
1-мисал: Ош шаарынын С.Супаналиев көчөсүнүн № 3 “А” дарегинде жайгашкан, турак-жайга кирбеген өлөчөмү 19,2 чарчы метр болгон жай кеңсе (офис) үчүн ижарачы төмөндөгүдөй бир айлык ижара акыны төлөйт.
Аг. пл. = Tб x (1+K1+K2+K3) x K4 x S : 12
Аг. пл. = 200 x (1+0,7+0,7+6) x 2,1 x 19,2 : 12 = 5 645 сом бир айына ижара акысы.
1 (бир) чарчы метр кеңсе үчүн бир айына 294 сом ижара акысы.
Ош шаарындагы муниципалдык имараттарды
(имараттын ичиндеги жайларды), анын ичинде административдик имараттарды пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо
боюнча салыштырмалуу
ТАБЛИЦА
№ | К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти учурда иштеп жаткан тариф | К3 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти сунушталып жаткан тариф | |
| Кампалар жана башка көмөкчү жайлар – 0,5 | ||
Сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканалары – | Сүрөтчүлөрдүн, айкелчилердин, архитекторлордун жана элдик чеберлердин өнөрканалары – 1,5 | ||
Турмуш-тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары (бут кийимдерди, кийимдерди, үй тиричилигине керектүү буюмдарды ремонттоо, химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, косметикалык салондор, прокат пункттары, мончолор) – | Турмуш-тиричилик багытында кызмат көрсөтүү аянттары (бут кийимдерди, кийимдерди, үй тиричилигине керектүү буюмдарды ремонттоо, химиялык тазалоо, чачтарачканалар, сулуулук салондору, косметикалык салондор, прокат пункттары, мончолор) – 3,0 | ||
| Долбоордук изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн лабораториялардын, аудиториялардын, почталык, медициналык кызмат көрсөтүү жайлары – 3,0 | ||
Дары-дармектерди сатуу – | Дары-дармектерди сатуу – 10,0 | ||
Тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ашканалары – | Тамак-аш даярдоочу жана сатуучу коомдук тамак-аш ишканалары – 5,0 | ||
Автомобилдерди, эсептөө техникалык жана башка жабдууларды оңдоо, техникалык тейлөө, материалдарды көчүрмөлөө (ксерокопия) иштетүү үчүн жайлар – | Автомобилдерди, эсептөө техникалык жана башка жабдууларды оңдоо жана техникалык тейлөө, материалдарды көчүрмөлөө (ксерокопия) иштетүү үчүн жайлар – 3,0 | ||
Электрондук, компьютердик жана башка көңүл ачуу оюн залдары, аттракциондор – | Электрондук, компьютердик жана башка көңүл ачуучу оюн залдары, аттракциондор – 3,0 | ||
Офис үчүн пайдалануучу жайлар – | Офис үчүн пайдалануучу жайлар – 6,0 | ||
| Ресторандар, бильярд, барлар, кафелер, дискотекалар, хостел, жатаканалар, мейманканалар, сауналар, фитнес клубдар, спорттук ден-соолукту чыңдоочу жайлары – 6,0 | ||
Финансы мекемелери, камсыздоо компаниялары, биржалар – | Финансы мекемелери, банктар, камсыздоо компаниялары, биржалар – 10,0 | ||
Өндүрүштүк максатта пайдалануучу жайлар – | Өндүрүштүк максатта пайдалануучу жайлар – 4,0 | ||
| Соода түйүндөрү, нан жана нан азыктарын, сүт жана сүт азыктарын, эт жана эт азыктарын, азык-түлүк товарларын, кондитердик азыктарды, алкогольсуз ичимдиктерди сатуу үчүн пайдалануучу аянттар – 5,0 | ||
1-13 көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар – | 1-13 көрсөтүлгөндөрдөн башка жайлар – 6,0 | ||
Ош шаарынын
мэриясынын мунниципалдык
менчик башкармалыгынын
башчысынын орун басары М.Н.Орозалиев