Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу Ош шаарынын тургундары, Кызыл-Кыштак айылдык аймактын жашоочулары!

Урматтуу Ош шаарынын тургундары, Кызыл-Кыштак айылдык аймактын жашоочулары!

28 март 2025, Пятница
40
0

Урматтуу Ош шаарынын тургундары, Кызыл-Кыштак айылдык аймактын жашоочулары!


Административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун айрым аймактары Ош шаарына кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-августундагы №490 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде, Ош шаарынын мэриясы жана Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Кызыл-Кыштак айылдык аймагындагы Кызыл-Кыштак айылынын башкы планын жана ага бириктирилген деталдык пландоо долбоорун бекитүү маселеси сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине ылайык жергиликтүү жамааттын пикирин эске алуу менен шаардын райондорунун чек араларына карата администрациялык-аймактык түзүлүшү боюнча сунуштар, ошондой эле шаарды дыкат пландоо долбоору республикалык маанидеги шаардын шаардык кеңеши тарабынан каралат жана бекитилет.

Ошондуктан урматтуу шаардыктар, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: (03222) 5-57-48


Пикир калтыруу
Пикирлер (0)