Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн (ижара акысын) аныктоо ирети боюнча коомдук талкуу
Урматтуу Ош шаарынын тургундары,
урматтуу жарнама жайылтуучулар!
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Граждандык Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 45-беренелеринин, “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын 14-беренесинин негизинде, Административдик аймактык реформага ылайык Кара-Суу районунун айрым аймактары Ош шаарына кошулгандыгына байланыштуу, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №213 “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо иретин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү маселеси сунушталууда.
Тактап айтканда, аталган №213 токтомдун “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнак жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” 2-тиркемесин өзгөртүү үчүн төлөмдөрдүн өлчөмүн аныктоо ирети жаңыдан иштелип чыгып, Ош шаардык Кеңешинин кароосуна киргизилди.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык жергиликтүү салыктар, жыйымдар жана алар боюнча жеңилдиктер, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкалар жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесинин талаптарына ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорлору он беш календардык күндөн кем эмес мөөнөткө коюлууга тийиш.
Ошондуктан урматтуу шаардыктар, урматтуу жарнама жайылтуучулар, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: (03222) 5-57-48.
Буйрутмачы: Ош шаарынын мэриясы.
Иштеп чыккан: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы.
Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн (ижара акысын) аныктоо ирети
Бул эсептөө ирети Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерине, Кыргыз республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамына жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык жүргүзүлөт.
Ош шаарынын сырткы жарнама жана маалымат объектилерин орнотуу жана пайдалануу төлөмдөрүнүн өлчөмү төмөндөгү формула менен аныкталат (бир жылга сом менен):
Т=БСхSхПхК1хК2хК3=бир айга ижара акысы
мында:
БС- базалык өлчөм, (кошумча баа саалыгы кошулбаганда)
S- сырткы жарнама объетисинин маалымат талаа аянты (кв.м.);
П- сырткы жарнама жана маалымат объектилеринин орнотуу мезгили (өлчө бирдигин – жыл, мезгилди ай боюнча эсептегенде бир айга 1/ базалык өлчөмү колдонулат,
К1- Экономикалык пландаштыруу зоонасынын негизиндеги аймактык жайланышын эсепке алуучу коэффициент:
К2 – сырткы жарнама жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир же эки тарабындагы маалыматын өзгөчөлүгүн эске алуучу коэффициент;
К3- сырткы жарнама жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, айрым типтеги сырткы жарнама жана маалымат объектилерин орнотуу өзгөчөлүгүн эске алуучу коэффициент;
Аталган эсептөөлөр, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27, 34, 39, 40-беренелерине, Кыргыз республикасынын “Жарнама жөнүндө” Мыйзамына жана башка ижаралык мамилелерди аныктоочу нормативдик актыларга ылайык иштелип чыккан, ошондой эле ижара акысын бекитүү тартибин аныктайт.
Бүгүнкү күндө, инфляциянын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, жергиликтүү бюджетти толтуруу, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, ошондой эле жыл сайын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына коюлган планды толук кандуу аткаруу максатында, муниципалдык жер тилкелерди ижара шартында убактылуу пайдаланууга берүү үчүн коэффициенттерди өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгууда.
Жогорудагыларды эске алып, Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 213 “Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектилерин орнотуу жана пайдалануу келишимдин төлөмдөрүнүн өлчөмүн аныктоо ирети жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү төмөндөгүдөй таризде сунушталат:
Эсептөөнү колдонууда коэффициенттердин чоңдугу төмөнкү критерий боюнча аныкталат:
Т=БСхSхПхК1хК2хК3=бир айга ижара акысы
Мында:
БС – базалык өлчөм, сырткы жарнама жана маалымат объектилеринин маалымат талаа аянты 10,0 чарчы метрге чейин, анын өлчөмү 100 сомго барабар (кошумча баа салыгы кошулбаганда);
– базалык өлчөм, сырткы жарнама жана маалымат объектилеринин маалымат талаа аянты 10,01 чарчы метрден 25,0 чарчы метрге чейин, анын өлчөмү 70 сомго барабар (кошумча баа салыгы кошулбаганда);
– базалык өлчөм, сырткы жарнама жана маалымат объектилеринин маалымат талаа аянты 25,01 чарчы метрден 60,0 чарчы метрге чейин, анын өлчөмү 60 сомго барабар (кошумча баа салыгы кошулбаганда);
- базалык өлчөм, сырткы жарнама жана маалымат объектилеринин маалымат талаа аянты 60,01 чарчы метрден жогору болсо, анын өлчөмү 65 сомго барабар (кошумча баа салыгы кошулбаганда);
S – сырткы жарнама объетисинин маалымат талаа аянты чарчы метр (кв.м.);
П – сырткы жарнама жана маалымат объектилеринин орнотуу мезгили (өлчө бирдигин – жыл, мезгилди ай боюнча эсептегенде бир айга 1/ базалык өлчөмү колдонулат,
К1 – Экономикалык пландаштыруу зоонасынын негизиндеги аймактык жайланышын эсепке алуучу коэффициент:
Зонасы | К1 коэффициентинин мааниси |
1 | Ош шаарынын А. Масалиев көчөсү, Н. Исанов көчөсү, И. Раззаков көчөсү, С. Касымбеков, В.Ленин, Курманжан датка, Э. Алиев, Төлөнов, Ишматов, Б. Осмонов, Куликов көчөсү Достук чек арасына чейин, Көкүм бий көчөсү Хан Ордо ресторанына чейин А. Мамыров Курманжан датка атындагы орто мектебинге чейин, Ы. Монуев көчөсү Алымбек датка эстелигине чейин (арка), А. Шакиров көчөсү, Р. Абдыкадыров көчөсү, Г. Айтиев көчөсү, Ш. Руставели көчөсү, Өскөналиев көчөсү, А. Навои көчөсү, Тилеке баатыр көчөсү, Кара-Суу көчөсү, Ж. Раимбеков көчөсү, Ж. Бабараимов көчөсү, Т. Турсунбаева көчөсү, У. Салиева көчөсү, Жийделик көчөсү Имам-Ата көчөсү жана ошондой эле ички көчөлөр толугу менен кошкондо - 2,8; |
2 | Ош шаарынын Ж. Мамытов көчөсү, Кулматов көчөсү, С. Айни көчөсү, А. Мамыров көчөсү Курманжан датка атындагы орто мектебинен тартып Кара-Суу районунун аймагына чейин, Көкүм бий көчөсү Хан Ордо ресторанынан тартып Араван районунун аймагына чейин, И. Раззаков көчөсү поезд жолдон тартып Нариман айлампасына чейин, Ы. Монуев көчөсү Алымбек датка эстелигинен тартып Фуркат айламапасына чейин-2,4; |
К2 – сырткы жарнама жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир же эки тарабындагы маалыматын өзгөчөлүгүн эске алуучу коэффициент;
- сырткы жарнама жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир тарабындагы маалымат тааласына чагылдырылса төмөндөткүч коэффициент, 2,3 - көрсөткүч менен;
- сырткы жарнама жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, анын бир тарабындагы маалымат тааласына чагылдырылса төмөндөткүч коэффициент, 2,4 - көрсөткүч менен;
- сырткы жарнама объектилерине ички жарыктануусу бар, бирок бир эле жарнаманы чагылдырган объектилерине колдонулат 0,5-көрсөткүч менен
К3 – сырткы жарнама жана маалымат объектилерине төлөнүүчү өлчөмдүн, айрым типтеги сырткы жарнама жана маалымат объектилерин орнотуу өзгөчөлүгүн эске алуучу коэффициент;
- Аялдамаларда орнотулган сырткы жарнама жана маалымат объектилерине (LED экран) – 2,0 көрсөткүч менен ;
- Муниципалдык имараттарда, дубалдарда, чатырларда, столбаларда жана өз алдынча түркүктөргө орнотулган сырткы жарнама жана маалымат объектилерине (LED экран) – 2,2 көрсөткүч менен;
-Жер үстүнөн/жер астынан өтүүчү көпүрөлөргө, айлампаларда орнотулган сырткы жарнама жана маалымат объектилерине (LED экран) -4,5 көрсөткүч менен;
Өзгөчө шарттар
- Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсү менен А. Навои көчөсүнүн кесилишинде жер үстүнөн жөө адамдар өтүүчү өтмөктө жайгашкан LED экрандардын (Мега LED) ар бир даанасы бир айына 70 000 (жетимиш миң) сомдон кем эмес өндүрүлсүн;
- Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү менен Нурматов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан LED экран бир айына 30 000 (отуз миң) сомдон кем эмес өндүрүлсүн;
- Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган кичи форматтагы LED экран – бир тараптуу же эки тараптуу консолдуу жалпак сырткы жарнама обьектиси, алар имараттарга, столбаларга жана өз алдынча түркүктөргө орнотулган –жайгашкан жерине (зонасына) карабастан бир айына ар бирине 1500 сомдон белгиленсин.
- Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган көрсөткүчтөргө (указатель) жайгашкан жерине (зонасына) карабастан бир айына 500 (беш жүз сом) белгиленсин.
- Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган коммерциялык желектер (флагшток) жайгашкан жерине (зонасына карабастан) бир айына 1000 (миң) сомдон белгиленсин.
- Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куюу жайлардын (АЗС) баа көрсөткөн маалымат стеллаларына зооналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга 7000 сомдон эсептелинсин.
- Муниципалдык аялдамалардагы жана эс алуучу жайларда орнотулган 1 даана лайт-бокстун ижара акысы бир айына 1500 (бир жарым миң) сомдон кем эмес болсун.
Ош шаарынын мүлкүнө сырткы жарнама жана маалымат обьектисин орнотуу жана пайдалануу келишими боюнча төлөмдөрдүн өлчөмүн ижара акысын аныктоо боюнча салыштырма эсептөөлөр
№ | Учурда колдонулуп жаткан тариф | Жаны сунушталып жаткан тариф |
- Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсү менен А. Навои көчөсүнүн кесилишинде жер үстүнөн жөө адамдар өтүүчү өтмөктө жайгашкан LED экрандардын ар бир даанасы бир айына -15600 сом. | - Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсү менен А. Навои көчөсүнүн кесилишинде жер үстүнөн жөө адамдар өтүүчү өтмөктө жайгашкан LED экрандардын ар бир даанасы бир айына ижара акысы 70 000 (жетмиш миң) сом. | |
- Ош шаарынын А. Масалиев кең көчөсү менен Нурматов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан LED экран бир айына – 6000 (алты миң) сомдон | - Ош шаарынын А.Масалиев кең көчөсү менен Нурматов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан LED экран бир айына ижара акысы 30 000 (отуз миң) сом. | |
- Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган кичи форматтагы LED экран–бир тараптуу же эки тараптуу консолдуу жалпак сырткы жарнама обьектиси, алар имараттарга, столбаларга жана өз алдынча түркүктөргө орнотулган –LED экран жайгашкан жерине (зонасына) карабастан бир айына ар бирине – 1000 сом. | - Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган кичи форматтагы LED экран –бир тараптуу же эки тараптуу консолдуу жалпак сырткы жарнама обьектиси, алар имараттарга, столбаларга жана өз алдынча түркүктөргө орнотулган – LED экран жайгашкан жерине (зонасына) карабастан бир айына ижара акысы ар бирине -1500 (бир миң беш) сом. | |
Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган көрсөткүчтөргө (указатель) жайгашкан жерине (зонасына) карабастан бир айына- 300 сом. | Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган көрсөткүчтөргө (указатель) жайгашкан жерине (зонасына) карабастан бир айына - 1000 (миң) сом. | |
Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган коммерциялык желектер (флагшток) жайгашкан жерине (зонасына карабастан) бир айына 300 сом. | Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге орнотулган коммерциялык желектер (флагштог) жайгашкан жерине (зонасына карабастан) бир айына 1000 (миң жүз) сом. | |
Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куюу жайлардын (АЗС) баа көрсөткөн маалымат стеллаларына зооналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга - 4000 сом. | Ош шаарынын аймагындагы күйүүчү май куюу жайлардын (АЗС) баа көрсөткөн маалымат стеллаларына зооналык жайгашуусуна жана маалымат талаасынын аянтына карабастан бир айга- 7000 (жети миң) сом. | |
- Муниципалдык аялдамалардагы жана эс алуучу жайларда орнотулган 1 даана лайт-бокстун ижара акысы бир айына 1000 (миң) сомдон кем эмес болсун. | - Муниципалдык аялдамалардагы жана эс алуучу жайларда орнотулган 1 даана лайт-бокстун ижара акысы бир айына 1500 (бир жарым миң) сомдон кем эмес болсун. |
Ош шаарынын мэриясынын мунниципалдык
менчик башкармалыгынын
башчысынын орун басары М.Н. Орозалиев
Жарнама жана дизайн бөлүмүнүн башчысы Ш.К. Адиев
Жарнама жана дизайн бөлүмүнүн башкы адиси Н.С. Аширбеков