Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын мэриясынын “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасы шаарлар, облустар жана эл аралык автобустук жана такси каттамдарын кабыл алып, жөнөтүү жумуштарын аткарат жана аталган коомдук транспортторуна өз аймагында көрсөтүүчү кызматы үчүн күнүмдү

Ош шаарынын мэриясынын “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасы шаарлар, облустар жана эл аралык автобустук жана такси каттамдарын кабыл алып, жөнөтүү жумуштарын аткарат жана аталган коомдук транспортторуна өз аймагында көрсөтүүчү кызматы үчүн күнүмдү

16 май 2025, Пятница
72
0



Ош шаарынын мэриясынын “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасы шаарлар, облустар жана эл аралык автобустук жана такси каттамдарын кабыл алып, жөнөтүү жумуштарын аткарат жана аталган коомдук транспортторуна өз аймагында көрсөтүүчү кызматы үчүн күнүмдүк акы алынуучу диспетчердик, механиктин, медициналык нарколог кызматтардан, башка ар түрдүү автоунааларга автотоктомо кызматын көрсөтүүдөн жана жүргүнчүлөрдү ташуу кызматын көрсөтүүчү субъектерден келишимдин негизинде билет баасынан 10% өлчөмүндө алынуучу төлөмдөрдүн эсебинен өзүн-өзү каржылап иштеп жатышат.

Буга чейин аталган ишкана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин карамагында болгондуктан, акы алып көрсөтүлүүчү баалар аталган министрлик тарабынан белгиленип берилген наркттардын негизинде ишке ашырылып келинген.

Бүгүнкү күндө муниципалдык ишкана тарабынан кабыл алынып жөнөтүлүүчү эл аралык, облустар аралык каттамдар жана Ош шаарынан                  60 километрден жогору болгон аймактарга каттаган коомдук автобустук каттамдар үчүн ар бир сатылган билет баасынан 12 %, нарколог жана механик кызматтары үчүн ар бир каттамга 20 (жыйырма ) сом өлчөмүндө, Ош шаарынан 60 километрге чейинки шаар четиндеги коомдук автобустук каттамдар үчүн ар бир каттамга ар бир билет баасынан 10 %, нарколог жана механик кызматтары учун ар бир каттамга 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө,  ишкананын аймагына кирип чыгуучу (шлагбаумга) бир жеңил унаага 10 (он) минутага чейин бекер, андан кийин бир саатка чейин 20 (жыйырма) сом, бир сааттан кийин 30 (отуз) сом жана суткасына 50 (элүү) сом өлчөмүндө жана жүк ташуучу бир унаага (8 тоннага чейин) биринчи сутка үчүн 50 (элүү) сом, ал эми  бир суткадан ашкандан кийин суткасына 100 (жүз) өлчөмүндө болуп, 8 (сегиз) тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга “Ош унаабекети” муниципалдык ишканасынын аймагына кирүүгө уруксат берилбесин деген кызматтардын нарктары көрсөтүлгөн.

Урматтуу  шаардыктар, сиздердин  талкууңуздарга  коюлуп   жаткан жогорудагы муниципалдык ишкананын кызматтык нарктары боюнча  маселеге ой-пикирлериңизди  бөлүшүп   берүүңүздөрдү  суранабыз  жана   бул  маселе  боюнча   пикирлериңиздерди, сунушуңуздарды   Ош шаардык Кеңешинин электрондук дарегине (_oshkenesh@gmail.com)  жана   төмөндөгү  байланыш  телефондорго   билдирип  коюуңуздарды  суранабыз. 

Байланыш  телефондор: (03222 5-52-18).

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)