Коомдук талкуу! Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу жөнүндө
Урматтуу Ош шаарынын тургундары,
урматтуу ижарачылар!
Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн административдик аймактык реформанын алкагында Кара-Суу районунун айрым аймактары Ош шаарына кошулгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрь №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун негизинде Жапалак, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл аймактарындагы мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлер Ош шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүлүп берилген.
Ош шаарынын мэриясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө“, “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга берүү жөнүндө” токтомунун негизинде, “Ош шаарынын админстративдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү бекитүү” маселеси Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталууда.
Ал эми, жергиликтүү деңгээлдеги салыктар, жыйымдар жана алар боюнча жеңилдиктер, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкалар, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет.
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесинин талаптарына ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорлору он беш календардык күндөн кем эмес мөөнөткө коюлууга тийиш.
Ошондуктан урматтуу шаардыктар, урматтуу ижарачылар, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: (03222) 5-57-48.
Буйрутмачы: Ош шаарынын мэриясы.
Иштеп чыккан: Ош шаарынын мэриясынын “Агрардык чарба”муниципалдык ишканасы.
Коомдук талкууга коюлуучу материалдардын курамы:
- Негиздеме-маалымкат 2 баракта,
- токтом долбоору 1 баракта,
- токтомдун 2-тиркемеси (эсептөөлөр) 2 баракта,
- эсептөөлөр боюнча мисалдар 1 баракта.
Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин токтомунун долбооруна
НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ
1. Долбоордун максаты жана милдеттери
Ош шаардык Кеңешинин ушул токтомдун долбоорунун максаты жана милдети Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жана пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо болуп саналат.
2. Баяндоочу бөлүк
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 18-июлундагы №128 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги административдик-аймактык бирдиктер жөнүндө” Мыйзамынын негизинде Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл аймактары Ош шаарынын курамына кошулду.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрь №735 “Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун негизинде Жапалак, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айыл аймактарындагы мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлер Ош шаарынын мэриясынын башкаруусуна өткөрүлүп берилди.
Ош шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 29-ноябрь №1353, 1354, 1355 сандуу буйруктары менен Жапалак, Кызыл-Кыштак, Төлөйкөн айылдык аймактык башкармалыктарындагы мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилген. Аталган мамлекеттик жайыт жерлерди пайдалануу Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамы менен тескелет. Аталган мыйзамда жайыттарды пайдалануунун мал жаюу жана мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга берүү жолдору каралган. Жайытты мал жаюу үчүн пайдаланууга берүү жайыттарды пайдалануунун 5-жылдык жана 1-жылдык пландары аркылуу ишке ашырылат. Ал эми жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга берүүдө КРнын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрында кабыл алынган №515 токтому менен бекитилген Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө типтүү жобонун негизинде тескелет. Аталган типтүү жободо жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берүүдө жеңил конструкциядагы капиталдык эмес курулмаларды орнотуу байланыш түйүндөрүнө жана сүттүү жыйноо багытында гана каралып калган. Андан сырткары жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууга берүүдө пайдалануу акысы ошол жайыт аянтынан алына турган чөптүн наркына барабар болгондуктан пайдалануу акысы өтө аз көлөмдө эсептелет.
Ош шаарынын административдик аймактык чектериндеги жайыттарды мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга берүүдө атайын жобо жана тариф иштелип чыкты.
Аталган жобого ылайык жайыт ресурстары мал жаюу менен байланышпаган төмөндөгү максаттарга берүү каралган.
Алар: аң уулоо, бал чарбачылык, дары чөптөрдү чогултуу, мөмө-жемиш терүү, чөп жана отун дайындоо, жалпы таралган пайдалуу кендерди казып алуу, уюлдук байланыш, туризм жана жарандардын эс алуусу үчүн жеңил конструкциядагы (капиталдык эмес) курулмаларды орнотуу.
Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган жогорудагы максаттарга пайдаланууга берүүдө атайын иштелип чыккан тарифте шаар аймагына жакын жайгашкан ордуна карай 3 зонага бөлүнгөн.
Андан сырткары экономикалык жактан кызыктырган зоналарга атайын коэффициенттер коюлган. Бул тариф жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдаланууда берүүдө кирешелердин көбөйүшүн камсыздайт. Аталган кирешелер жайыттардын деградация болуусунун алдын алып жайыттарды сактап калууга, жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын жакшыртуусуна кошумча киреше алып келет.
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесинин, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515 “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга берүү жөнүндө” токтомунун негизинде иштелип чыккан.
3. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору
Ош шаардык Кеңешинин ушул токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат
Ош шаардык Кеңешинин ушул токтом долбоору Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын кызыкчылыктарына таасир эткендигине байланыштуу байланыштуу коомдук талкуулоо процедурасын талап кылынат.
5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келүүсүнө талдоо
Берилген долбоор колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине карама-каршы келбейт.
6. Каржылоо зарылдыгы жана булактары жөнүндө маалымат
Ош шаардык Кеңешинин ушул токтом долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт.
7. Жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү жөнүндө маалымат
Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.
Ош шаарынын мэринин
биринчи орун басары А.Шаршеналы уулу
Долбоор
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IX СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
Т О К Т О М
2025-жылдын ___ -июну № ___Ош шаары
Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде
мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган
башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга
берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары А.Шаршеналы уулунун Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жана пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын ___-июнундагы №__ чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөө жөнүндө Жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык (тиркелет);
- Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык (тиркелет).
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага Б.Т.Баетов
Ош шаардык Кеңешинин
2025-жылдын __-июнундагы
___ сессиясынын
№ __ токтомунун 2-тиркемеси
Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөр
Бул эсептөөлөр «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесинин 142 пунктунун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 14-беренесинин 4-пунктунун, Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө токтомунун, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы №126-т тескемесинин негизинде иштелип чыкты.
ЖПА = Н х S х К1 х К2х Ки;
ЖПА-жайыттарды мөөнөттүү пайдалануу акысы
Н-Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы;
Ки - инфляция коэффициенти.
Функционалдык багыттардын коэффициенти (К1):
- карьерлер: кен чыккан жерди,шахталарды иштетүү үчүн– 0,05;
- туризм жана жарандардын эс алуу багытында - 0,1;
- күн панелдерин орнотуу үчүн – 0,01;
- уюлдук байланыш түйүндөрүнүн мунарасы үчүн жайгашкан жерине карабастан бир айлык ижара акы 18000 сомдон кем эмес болсун;
К2 зоналар боюнча ижара акынын нормативдик ставкасы:
1-зона үчүн жакынкы жайыттар -0,4;
2-зона үчүн ортоңку жана алыскы жайыттар -0,3;
3-зона үчүн көмүр жана башка кендер жайгашкан жайыттар – 0,3;
Убактылуу пайдалануудагы жер тилкенин акыларын эсептөөдө пайдалануучу менен макулдашуунун негизинде акыларын көтөрүүгө жол берилет.
Ки-учурдагы салык мезгилинде калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге тиешелүү болгон жер участогуна мүлк салыгын эсептөө үчүн колдонулган инфляциянын Ки-коэффициенти улуттук статистиканын мурунку жылдагы расмий маалыматтарынын негизинде өткөн салык мезгилинин 1-октябрынан кечиктирилбестен ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.
Эгерде учурдагы салык мезгилине инфляциянын коэффициенти белгиленбесе, ал мурдагы салык мезгилинде колдонулган коэффициентке барабар колдонулат.
- Көрктɵндүрүү жана жашылдандыруу аянтына жараша (таблица № 1):
Көрктɵндүрүү жана жашылдандыруу (S) чарчы метр | 50гө чейин | 51-200 | 201- 300 | 301- 500 | 501-1000 | 1001- 5000 | 5001 ден жогору |
Ижара акынын нормативдик ставкасы: (С) сом | 8 | 6,0 | 5,0 | 4 | 2,5 | 1,5 | 1,0 |
Апз = (SxC);
Апз - жер тилкеси үчүн акынын өлчөмү;
S - жер тилкесинин аянты;
С - пайдалануу акынын нормативдик ставкасы (сом чарчы метр).
Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы
№1-зона
- Ош шаарынын четки адыр-тоолу аймактары.
№2-зона
- Тогуз-Булак (Кара-Сөгөт), Лаглан, Берки-Суу, Ой-Долоно участоктору;
№3-зона
- Жол-Чырак (Загара) участоктогу.
Ош шаарынын мэриясынын
Агрардык чарба муниципалдык ишканасы
Ош шаарынын административдик-аймактык чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга мөөнөттүү пайдаланууга берүүнүн акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөргө мисал
Мисал: Көмүр карьерлер боюнча 1га жер 1-жылга
ЖПА = Н х S х К1 х К2х Ки;
ЖПА - жайыттарды мөөнөттүү пайдалануу акысы
Н - Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы;
Ки - инфляция коэффициенти
ЖПА = 260*10000*0,05*0,3*6,9 = 269100сом
Мисал: Туризм жана эс алууга 1га жер 1-жылга
ЖПА - жайыттарды мөөнөттүү пайдалануу акысы
Н - Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы;
Ки - инфляция коэффициенти
ЖПА = 18*10000*0,1*0,4*6,9 = 49680сом
Мисал: Күн панелдерин орнотуу үчүн 1-жылга
ЖПА = Н х S х К1 х К2х Ки;
ЖПА - жайыттарды мөөнөттүү пайдалануу акысы
Н - Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы;
Ки - инфляция коэффициенти
ЖПА = 18*10000*0,01*0,4*6,9 = 4968 сом
Мисал: Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу 0,1га жана 0,5га жерге
АПЗ = S * С
АПЗ = 1000*2,5=2500сом (0,1га жерге)
АПЗ = 5000*1,5=7500сом (0,5га жерге)