Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө коомдук талкуу!

“Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө коомдук талкуу!

16 июнь 2025, Понедельник
80
0

++


Урматтуу Ош шаарынын тургундары !


Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясы тарабынан “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселе сунушталып жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарынын коомдук талкуусуна аталган маселе сунушталат.

Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел:   55748




















___________ ___________

___________ ___________




Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы 

Б.Т. Баетовго 



Ош шаарынын мэриясы Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын                    30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени сиздердин карооңуздарга сунуштайт.                                                                             


Тиркеме: токтом долбоору, маалымкат-негиздеме, юридикалык корутунду, салыштырмалуу таблица жана макулдашуу баракчасы, 7 баракта.



Мэрдин биринчи орун басары                                             А.Шаршеналы уулу




Долбоор










ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ



Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө


“Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын көйгөйлүү маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Ош шаардык Кеӊеши токтом кылат:



1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

-        аталган токтомдун 2-пунктундагы 2-тиркеме ушул токтомдун                            тиркемесинде көрсөтүлгөн редакцияда бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.И. Шайиев) жүктөлсүн.


Ош шаардык 

Кеӊешинин төрагасы                                                                             Б.Т. Баетов



Ош шаардык Кеңешинин

2025-жылдын _____-июнундагы

кезексиз ______ сессиясынын

№ ______ токтомунун 2-тиркемеси


“Жапалак автоунаа базары” 

муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскуранты

(тийиштүү салыктарын кошкондо)*


(сом менен)

Жыйымдардын аталышы

Дүйшөмбү-жума күндөрү

Ишемби күнү

Жекшемби күнү


Базардын аймагына автотранспорттун бир жолку кирүүсү үчүн, бир жолку:





  • жүк көтөргүчтүгү 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт

50,0

400,0

500,0


  • жүк көтөргүчтүгү 5 тоннадан жогору жана 10 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт

50,0

350,0

500,0


  • жүк көтөргүчтүгү 5 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт

50,0

350,0

500,0


  • кичи автобустар

50,0

350,0

500,0


  • жеңил автоунаалар

50,0

350,0

500,0


Чатырдын астында турган автоунаалардан, бир күндөн бир жумага чейин

1000 сом, “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт


Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн, эки саатка

50,0

(Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон алынат)


Чарбалык субъекттерге жер тилкени ижарага берүү үчүн, бир айга 1 мүчүн

200,0 сомдон башталат


Соода кылуу үчүн, соода кылган күнгө

200,0 сомдон башталат


Справкаларды берүү үчүн

50,0



Ош шаардык Кеңешинин 

аппарат жетекчиси                                                            И.Э. Абдыраимов




“Жапалак автоунаа базары” 

муниципалдык ишканасынын жыйымдары боюнча салыштырмалуу таблица

(сом менен)

Жыйымдардын аталышы

Мурунку баалар, сом

Сунушталган баалар, сом

Айырмасы, +,-

Дүйшөмбү-жума күндөрү

Ишемби күнү

Жекшемби күнү

Дүйшөмбү-жума күндөрү

Ишемби күнү

Жекшемби күнү

Дүйшөмбү-жума күндөрү

Ишемби күнү

Жекшемби күнү


Базардын аймагына автотранспорттун бир жолку кирүүсү үчүн, бир жолку:











  • жүк көтөргүчтүгү 10 тоннадан ашкан жүк ташуучу транспорт

30,0

200,0

250,0

50,0

400,0

500,0

+20,0

+200,0

+250,0


  • жүк көтөргүчтүгү 5 тоннадан жогору жана 10 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт

30,0

150,0

200,0

50,0

350,0

500,0

+20,0

+200,0

+300,0


  • жүк көтөргүчтүгү 5 тоннага чейин жүк ташуучу транспорт

30,0

150,0

200,0

50,0

350,0

500,0

+20,0

+200,0

+300,0


  • кичи автобустар

30,0

150,0

200,0

50,0

350,0

500,0

+20,0

+200,0

+300,0


  • жеңил автоунаалар

30,0

150,0

200,0

50,0

350,0

500,0

+20,0

+200,0

+300,0


Чатырдын астында турган автоунаалардан, бир жумага

700,0 сом, анын ичинен 300,0 сому чатырлардын ээлерине, 400,0 сому “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт

1000 сом, “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасына төлөнөт

+300,0


Автотранспорт токтотуу жана токтотуучу жай үчүн

30,0

(бир күнгө)

50,0

(эки саатка. Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон алынат)

+20,0

(Эки сааттан кийинки ар бир саат үчүн кошумча 50 сомдон)


Чарбалык субъекттерге жер тилкени ижарага берүү үчүн, бир айга 1 м2  үчүн

50,0

200,0 сомдон башталат

+150,0


Соода кылуу үчүн (ларёктон, чатырдан, прилавкадан, колдон сатуу үчүн), соода кылган күнгө

50,0

200,0 сомдон башталат

+150,0


Справкаларды берүү үчүн

50,0

50,0

-


















 


Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын борбордук базарлар дирекциясы” муниципалдык ишканасынын жана “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбооруна 

НЕГИЗДЕМЕ-МААЛЫМКАТ


  1. Долбоордун максаты жана милдеттери

Сунушталып жаткан токтомдун долбоору “Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу, базардын инфраструктура маселелерин чечүү, жергиликтүү бюджеттин кирешелерин жогорулатуу максатында иштелип чыкты. 


  1. Баяндоочу бөлүк

“Жапалак автоунаа базары” муниципалдык ишканасы мыйзам чегинде берилген ыйгарым укуктарынын негизинде тейлеген багытта ишмердүүлүктү жогорулатуу, маселелерди чечүү, келечекке багытталган иш-чараларды камсыз кылууга аракеттерди жүргүзөт. Ошону менен биргеликте муниципалдык жерлерди пайдалануу үчүн ижара акыларын жергиликтүү бюджетке которуу менен шаардын бюджеттик потенциалын жогорулатуу, өнүгүү программасында каралган иш-чараларды аткарууга салымын кошот.

Кыргыз Республикасында инфляциянын деңгээли (керектөө бааларынын индекси боюнча) 2023-жылы 110,8%ды (Ош ш. 115,8%), 2024-жылы 105,0%ды (Ош ш. 107,4%), ал эми  2025-жылдын январь-апрель айларына карата 106,9%ды (2024-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу) түздү. Бул көрсөткүчтөр товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын өсүшүнө алып келди. Айрыкча коммуналдык кызматтар, инфраструктураны тейлөө чыгымдары кыйла жогорулады.

Инфляциянын динамикасын, сатып алынган товарлардын, кызматтардын жогорулашын эске алуу менен муниципалдык ишканалардын жыйымдарынын прейскуранттарын кайра кароо зарыл.

Жогорудагыларды эске алуу менен, Жапалак унаа базарынын тарифтерин учурдагы рынок шарттарына ылайыктап, кайра кароо маселесин Ош шаардык кеңешинин кароосуна коюу сунушталат. Тарифтерди инфляция темпине жараша көтөрүү жана алынган кошумча каражаттарды базар инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана кызмат сапатын жогорулатууга багыттоо максатка ылайык болот.


  1. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолдору

Бул токтомдун долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.



4. Коомдук талкуунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат


Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамынын 22-беренесине ылайык, бул токтомдун долбоору коомдук талкуу жүргүзүү жол-жобосунан өтүү үчүн Ош шаардык Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылууга тийиш. 


5. Долбоордун мыйзамдарга шайкеш келишине талдоо жүргүзүү

Берилген токтом долбоору колдонуудагы мыйзамдардын, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. 


6. Каржылоо зарылдыгы жөнүндө маалымат 

Ушул токтом долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт. 


7. Жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүү жөнүндө маалымат

Берилген долбоор жөнгө салуучулук таасирине талдоо жүргүзүүнү талап кылбайт, анткени ишкердикти жөнгө салууга багытталган эмес.



Ош шаарынын мэринин 

биринчи орун басары                                                             А. Шаршеналы уулу




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)