“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын таза жана саркынды суу кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон баалардын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө коомдук талкуу
Тема
“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын таза жана саркынды суу кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон баалардын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө коомдук талкуу
Урматтуу Ош шаарынын тургундары !
Ош шаарынын мэриясы тарабынан Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилип, “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын таза жана саркынды суу кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон бааларынын өлчөмүн карап берүү жөнүндөгү маселе сунушталып жаткандыгына байланыштуу шаар тургундарынын коомдук талкуусуна аталган маселе сунушталат.
Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: 55748
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ | КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА | |
ОШ ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫ | МЭРИЯ ГОРОДА ОШ | |
723500, Ош шаары, В.Ленин көчөсү, 221 | 723500, город Ош, ул.В.Ленина, 221 | |
тел.:(03222) 5-51-51, 5-51-44, факс (03222) 5-52-04 | тел.:(03222) 5-51-51, 5-51-44, факс (03222) 5-52-04 | |
e-mail: control.osh@gmail.com, www.oshcity.kg | e-mail: control.osh@gmail.com, www.oshcity.kg |
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
Б.Т. Баетовго
Урматтуу Болотбек Таалайбекович,
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө Ош шардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси зарыл болууда.
Ошондуктан, Ош шаарынын мэриясы, Ош шаардык Кеңешинин жогоруда белгиленген токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунуштап, аталган маселени оң жагына чечүүгө көмөк көрсөтүүңүздү суранат.
Тиркеме: - Маалымкат-негиздеме – 2 барак;
- Салыштырмалуу таблица – 1 барак.
Мэрдин орун басары С.К. Джунусбаев
Долбоор
Т О К Т О М
2025-жылдын июн айы№ Ош шаары
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы
№151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон
бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 13-июнундагы №______ катынын жана туруктуу депутаттык комиссиянын “_____”________ 2025-жылдын №_____ чечиминин негизинде Ош шаардык Кеңештин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү боюнча маселени карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы №151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
- калк – 1м3 үчүн: ичүүчү сууга 12 сом 96 тыйын, саркынды сууга 9 сом 87 тыйын;
- бюджеттик ишканалар – 1м3 үчүн: ичүүчү сууга 15 сом 90 тыйын, саркынды сууга 11 сом 87 тыйын;
- өндүрүштүк ишканалар – 1м3 үчүн: ичүүчү сууга 25 сом 90 тыйын, саркынды сууга 18 сом 80 тыйын;
- коммерциялык ишканалар – 1м3 үчүн: 44 сом 92 тыйын, 34 сом 80 тыйын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияна (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин
төрагасы Б.Т.Баетов
“Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтом долбооруна маалымкат-негиздеме
1...Максаты жана милдети
Токтом долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги №233 “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтомдорунун негизинде “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан таза жана саркынды суу кызмат көрсөтүүлөрүнө бааларды бекитүү үчүн иштелип чыкты.
2...Баяндоочу бөлүк
“Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы толук чарбалык (хозрасчетное предприятие) ишкана болуп, мамлекеттик же жергиликтүү бюджеттен каржыланбай (субсидия же дотация албай), өзүн-өзү каржылоо менен иш алып барат. Ишкананын киреше булагы болуп абоненттерден сууга жана саркынды сууларга болгон төлөмдөрдөн келип түшкөн акча каражаты эсептелет. Ишкананын кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн акча каражаты ичүүчү жана саркынды сууларга болгон тарифтерден көз каранды. Учурдагы калкка ичүүчү сууга колдонулуучу тариф 10,32 сомду жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоодогу тариф 6,30 сомду түзөт. Ошол эле учурда 2024-жылдын жыйынтыгы менен ичүүчү суу берүүдөгү нарк баасы (себестоимость) 16,87 сомду жана саркынды сууларды кабыл алып тазалоодогу нарк баасы 10,42 сомду түзөт.
“Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 151 “Ош шаарында ичүүчү сууга жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтомуна ылайык азыркы учурдагы колдонулуп жаткан баалар жогоруда айтылгандай өздүк нарк баадан 39% төмөн болуп жаткандыгын баса белгилей кетүү зарыл. Акыркы жылдары улуттук акчанын инфляциясы, жабдуулар, күйүүчү майлар, материалдар, жашоо-турмушка керектелүүчү азык-түлүктөрдүн баалары базар экономикасынын шартында бир нече эсе кымбаттаган.
Андан сырткары таза жана саркынды суулар менен камсыздоодо «Ошшаарсууканал» ишканасынын материалдык-техникалык базасын кеңейтүүгө багытталган бир катар маанилүү иш-чараларды өткөргөндүгү да өндүрүштүк чыгымдардын көбөйүүсүнө таасирин тийгизди.
Ошол эле учурда электрэнергиясына болгон баанын 2025-жылдын 1-майынан баштап 2,60 сомго жогорулашы 2021-жылдагы электрэнергиясынын баасына салыштырмалуу 138% га көтөрүлгөндүгүн тастыктайт.
Ош шаарынын мэринин 2025-жылдын 9-июнундагы № Пр 8/98 протоколуна ылайык 2025-жылдын 1-августунан баштап эл аралык финансылык уюмдардан алынган кредиттер ишкананын өздүк кирешелеринин эсебинен төлөнө баштайт.
Ошондой эле эмгек акынын салыштырмалуу төмөн болгондугу ишкананын ишмердүүлүгүнө зарыл болгон адистерди иштетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып, кадрдык туруксуздукту пайда кылууда. Ал эми эмгек акыны көтөрүүгө учурдагы тарифтердин негизинде алынган киреше жол бербейт жана шарттабайт.
Кыргызстандын башка шаарларында ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифтердин аналитикасын жетекчиликке алып, Ош шаарындагы тарифти (эң төмөн тариф катары) жогорулатуу зарылдыгы пайда болууда.
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги №233 “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” токтомунун 1-пункту менен киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-июнундагы №320 “Борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө” токтомунун 10-пунктунда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы:
1) 1-категориядагы керектөөчүлөр үчүн жеңилдетилген тариф менен эсептик тарифтин ортосундагы айырманын орду толукталган шартта жергиликтүү бюджеттин эсебинен жеңилдетилген тарифтерди;
2) ишкердик ишти жүргүзүү үчүн борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланган 2-категориядагы керектөөчүлөр үчүн белгиленген тарифке жогорулатылган коэффициентти белгилөөгө укуктуу деп белгиленгендигине байланыштуу, жогорудагы милдеттерди аткаруу максатында аталган токтом долбоору Ош шаардык Кеңешине сунушталды.
Таза жана саркынды сууларга болгон бааларын өзгөртүү долбоору | |||||
Сарлыштырма таблица | |||||
№ | Аталышы | Тариф, | Долбоор, | Айырма, | |
1 | I категория - Физикалык жактар | ||||
Калк - таза суу | 10,32 | 12,96 | 2,64 | ||
Калк - саркынды суу | 6,30 | 9,87 | 3,57 | ||
2 | II категория - Юридикалык жактар: | ||||
2.1. Бюджеттик ишканалар жана | |||||
Таза суу | 12,78 | 15,90 | 3,12 | ||
Саркынды суу | 8,96 | 11,87 | 2,91 | ||
2.2. Өндүрүштүк ишканалар | |||||
Таза суу | 21,88 | 25,90 | 4,02 | ||
Саркынды суу | 14,94 | 18,80 | 3,86 | ||
2.3. Коммерциялык ишканалар | |||||
Таза суу | 34,78 | 44,92 | 10,14 | ||
Саркынды суу | 23,90 | 34,80 | 10,90 | ||