Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүнд

Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүнд

24 ноябрь 2025, Понедельник
63
0

Урматтуу Ош шаарынын тургундары,

урматтуу ижарачылар!



Ош шаарынын мэриясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги №29 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө, тагыраагы токтомдун 1-тиркемеси Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибинде каръерлердин К1-функционалдык багыттардын коэффициентин өзгөртүү (тарифтин салыштырма таблицасы тиркелет) маселеси Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинде жергиликтүү деңгээлдеги салыктар, жыйымдар жана алар боюнча жеңилдиктер, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкалар, жергиликтүү кеңештер тарабынан белгиленет деп көрсөтүлгөн.

Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 23-беренесинин талаптарына ылайык, ченемдик укуктук актылардын долбоорлору он беш календардык күндөн кем эмес мөөнөткө коюлууга тийиш.

Ошондуктан урматтуу шаардыктар, урматтуу ижарачылар, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз. Байланыш тел: (03222) 5-57-48.


Буйрутмачы: Ош шаарынын мэриясы.


Иштеп чыккан: Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы.


Коомдук талкууга коюлуучу материалдардын курамы:

- Негиздеме-маалымкат 2 баракта;

тарифтин салыштырма таблицасы 1 баракта.







Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” № 29 токтомуна өзгөртүү киргизүү долбооруна

                                 МААЛЫМКАТ-НЕГИЗДЕМЕ 



1. Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” № 29 токтому менен бекитилген. 

Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы № 212 токтомуна, 2023-жылдын 20-июнунда карьерлердин ижара акысын эсептөө боюнча № 149 токтому менен өзгөртүү киргизилген токтому күчүн жоготкон.

Бирок 2025-жылдын 16-апрелинде жаңы кабыл алынган № 29 токтомдо карьерлерге болгон ижара акысы жогорулатылбай өзгөртүүсүз калтырылган.

Бүгүнкү күндө, аталган токтом менен бекитилген коэффициенттерге кайрадан өзгөртүү киргизүүгө Ош шаардык Кеңешине сунушталган. 

Максаты Ош шаарынын аймагындагы муниципалдык жер тилкелерге болгон ижара акыны жогорулатуу, бюджетти толтуруу жана Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу.


2. Баяндоо бөлүгү.

Токтомдун долбоорун өзгөртүүнүн себеби болуп, инфляциянын өзгөргөндүгүнө жана баалардын өсүшүүнө байланыштуу, жергиликтүү бюджетти толтуруу,  шаардын инфраструктурасын жакшыртуу, жер тилкелерди сарамжалдуу пайдалануу, ошондой эле жыл сайын Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына коюлган планды толук кандуу аткаруу максатында, муниципалдык жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибине өзгөртүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Бул эсептөөлөр Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде, ошондой эле жер участокторунун ижара акысын эсептеп чыгуу жана ижара келишимдерин бекемдөө тартибин аныктайт.


  1. Мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттердин божомолу:

Токтомдун кабыл алынышы терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочу, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепеттерге алып келебйт. Тескерисинче, коомдук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуучу кадам катары бааланат.


  1. Коомдук талкуунун жыйынтыгы жөнүдө маалымат:

Токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактардынын кызыкчылыктарын түздөн-түз козгобойт жана буга байланыштуу коомдук талкуулоо процедурасын талап кылбайт.


  1. Долбоордун мыйзамдарга шайкештиги боюнча талдоо:

Сунушталган токтом долбоору Кыргыз Республикасынын колдоонуудагы мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин жоболоруна каршы келбейт.


  1. Каржылоо зарылдыгы жана булактары жөнүндө маалымат:

Токтом долбоорун кабыл алуу жергиликтүү бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорго алып келбейт.


  1. Жөнгө салуучулук таасирин талдоо тууралуу маалымат:

Бул долбоор ишкердик чөйрөсүн жөнгө салууга багытталбагандыктан, жөнгө салуучулук таасир талдоону талап кылбайт.



Ош шаарынын мэринин орун басары                                Н.А. Закиров
























Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тикелерин) пайдалангындыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги тиркемесинде көрсөтүлгөн карьерлердин ижара акысын эсептөө боюнча № 29 токтому менен эсептелген жана жаңыдан сунушталган тарифтин эсеби














Формула

Айына ижара акысы

Айлары

Бир жылдык акысы



Ставка

Аянты (га)

Коэф

фициент

Зона



Сунушталуучу


1 га





1 000 000

256%


Учурдагысы

2,6

1 га

1

0,9

23400

12

280800












Сунушталуучу


2 га





2 000 000

345%


Учурдагысы

2,6

2 га

0,8

0,9

37440

12

449280












Сунушталуучу


5,5 га





5 500 000

493%


Учурдагысы

2,6

5,5 га

0,6

0,9

77220

12

926640












Сунушталуучу


6 га





6 000 000

493%


Учурдагысы

2,6

6 га

0,6

0,9

84240

12

1010880












Сунушталуучу


10 га




12

10 000 000

790%


Учурдагысы

2,6

10 га

0,4

0,9

93600

12

1123200












Сунушталуучу


15 га




12

15 000 000

790%


Учурдагысы

2,6

15 га

0,4

0,9

140400

12

1684800












Сунушталуучу


22 га





22 000 000

790%


Учурдагысы

2,6

22 га

0,4

0,9

205920

12

2471040



















Ош шаарынын мэриясынын

муниципалдык менчик

башкармалыгынын башчысы                                                       Казыбай уулу М.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)