Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү Эрежелерин коомдук талкууга коюу.

Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү Эрежелерин коомдук талкууга коюу.

21 январь 2026, Среда
6
0

Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү Эрежелерин коомдук талкууга коюу.


          Ош шаардык Кеңешине Ош шаарынын мэриясынын “Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү Эрежелерин” бекитүү жөнүндө долбоор келген. Ал долбоордун максаты, шаардагы жашоо-шарттын сапатын жакшыртуу, шаарды көрктөндүрүү, тазалыкты, тартипти жана экологиялык балансты сактоо болуп саналат. Долбоордун негизги милдеттери катары шаардагы коомдук жайлардын жана жашыл аймактардын сапатын арттырып, шаардын имиджин көтөрүү, ошондой эле тургундардын ден соолугун жана жайлуу жашоосун камсыз кылуу болуп эсептелет.

Эреженин долбоору: 

Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү ЭРЕЖЕЛЕРИ

  1. Жалпы жоболор
  2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
  3. Таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча жумуштарды уюштуруу
  4. Шаар аймагын санитардык күтүү жана тазалоону уюштуруу
  5. Шаар аймагын күз-кыш мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү
  6. Шаар аймагын жаз-жай мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү
  7. Жолдорду жайкы тазалоого карата талаптар (айрым элементтер боюнча)
  8. Көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыздоо
  9. Бак-дарактарды күтүү жана карап багуу, шаар аймагын жашылдандыруу
  10. Жашылдандырылган аймактардын бак-дарактарын коргоо
  11. Ар кандай багыттагы объекттерди долбоорлоодо жана курууда бак- дарактардын сакталышын камсыздоо
  12. Жашылдандырылган аймактарды инвентаризациялоо
  13. Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги


Жалпы жоболор

  1. Ушул Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Кыргыз Республикасында өндүрүш жана керектөө калдыктары менен иштөө тартиби жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Ош шаарынын аймагын тышкы көрктөндүрүү абалына жана айлана-чөйрөнү коргоого карата талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
  2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат жана аткаруу үчүн тышкы көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү бирдиктүү жана милдеттүү ченемдерди жана талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан Ош шаарынын аймагында жайгашкан, жерлерди пайдалануучу жана ээлик кылуучу, имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын куруучулары, менчик ээлери жана ижарачылары болуп саналган бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн шаар аймактарын тазалоо жана күтүү, бак-дарактарды күтүү жана коргоо тартибин аныктайт.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан шаар аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык күтүү, тазалоону уюштуруу, тазалыкты жана тартипти камсыздоо маселелери боюнча кабыл

 

алынуучу бардык ченемдик укуктук актылар жана ведомстволук нускамалар ушул Эрежелердин талаптарына каршы келбөөгө тийиш.

  1. Ош шаарында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, аймактарды тазалоо, тазалыкты жана тартипти камсыздоо жаатында шаардык кызматтардын иш-аракеттерин координациялоону Ош шаарынын мэриясы жана анын ыйгарым укуктуу органдары жүзөгө ашырат.
  2. Ош шаарынын аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалоо, аймактарды санитардык күтүү, тазалыкты жана тартипти сактоо, тийиштүү шаардык кызматтарга усулдук жардам көрсөтүү чөйрөсүндө бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашырууну камсыздоо шаардык коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
  3. Аймактарды тазалоо, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, бак-дарактарды жана ирригация тармактарын талаптагыдай күтүү боюнча жумуштарды уюштуруу жана жүргүзүү “Ош – Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына, муниципалдык жер участоктордун, имараттардын жана курулмалардын ээлерине жана ижарачыларына жүктөлөт.
  4. Ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышын контролдоо төмөнкү тийиштүү ыйгарым укуктуу органдарга жүктөлөт:
  5. Ош шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынын жана ведомствого караштуу бөлүмдөрүнүн ортосунда функционалдык милдеттеринин сакталышы жана бөлүштүрүлүшү, шаар аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалоо, санитардык күтүү, тазалыкты жана тартипти колдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө аларды координациялоо жана өз ара натыйжалуу аракеттенүүсү менен - шаардык коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына;
  6. таштандыларды чогултууну жана ташып чыгарууну, аймактарды санитардык күтүүнү, көрктөндүрүүнү камсыздоону, тазалоону уюштурууну; көрктөндүрүү элементтерин, бак-дарактарды күтүүнү жана эксплуатациялоону, жолдорду жана шаардын аймактарынын сакталышын камсыздоону, өндүрүш жана керектөө калдыктарын иштетүүнү, аларды ташып чыгарууга, утилизациялоого жана көмүүгө келишим түзүүнү жүзөгө ашырууда –көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына;
  7. объекттерди курууну, профилин өзгөртүүнү жана реконструкциялоону, анын ичинде инженердик коммуникацияларды, жабдууларды төшөөдө, реконструкциялоону, оңдоону жана курулуш аянттарын, имараттардын, курулмалардын, турак үйлөрдүн фасаддарын күтүүнү ж.б. жүзөгө ашырууда - Ош шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органына жана шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органына;
  8. көчө-жол тармагын, анын ичинде жол белгилерин, тосмолорду, светофордукобъекттерди,ошондойэлеавтокоюужайларын,авто

 

токтотмолорду талаптагыдай күтүүнү жана шаардын аймагында автотранспортту сактоону, транспорт каражаттарынын абалын (техникалык оң, санитардык тазалык), ташталган транспортту өз убагында аныктоону, эсепке алууну жана эвакуациялоону, топуракты, таштандыларды, чубурма курулуш материалдарын, жеңил тараларды, жалбырактарды, бак-дарактардын таарындыларын ташууну, жол жээгиндеги курулмаларды, аялдамаларды курууну, жашыл бак-дарактарды кыюуну, контейнерлерди, маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды орнотуу, жол кыймылын жөнгө салуунун көрсөткүчтөрүн жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башка багыттардагы техникалык каражаттарды орнотуу үчүн аянтчаларды жайгаштырууну контролдоо - көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына;

  1. Ош шаарынын жашыл зонасын талаптагыдай күтүү, аймакты жашылдандыруу, бак-дарактарды кыюу - “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасына;
  2. ирригациялык тармактарты талаптагыдай күтүү, шаардын аймагында коллектордук-дренаждык тармактын, сугат сууну бөлүштүрүү менен суулардын жана каналдардын абалын - суу чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына;
  3. шаардын жашыл зонасын күтүү, бак-дарактарды кыюу жана ирригацияларды бузуу, автомашиналарды жуу, айлана-чөйрөнү коргоо, өндүрүш жана керектөө калдыктарын башкаруу боюнча ушул Эрежелердин сакталышын - көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жана экологиялык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына;
  4. Тышкы жарнаманы жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу эрежелерине ылайык шаар аймагында тышкы жарнаманы, маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу – жарнама чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарына;
  5. шаардык көчөлөрдү майрамдык жасалгалоо - жарнама, шаар куруу жана архитектура, таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү, тышкы жарыктандыруу жана жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарына;
  6. ушул Эрежелердин толук көлөмдө сакталышын, көрктөндүрүүнү координациялоо жана контролдоо ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүүсү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жана Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарына;
  7. Укук бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясы укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жаза чараларды көрүшөт.

 
  1. Белгиленген тартипте бекитилген аймактарда ушул Эрежелердин талаптарын аткаруу үчүн жоопкерчилик подряддык уюмдар, ижарачылар жана жер пайдалануучулар тарабынан келишимдик милдеттемелердин аткарылышын контролдой турган бул аймактардын менчик ээлерине жүктөлөт.


  1. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

  2. Ташталган автотранспорт – менчик ээси белгиленген тартипте баш тарткан же менчик ээси жок, менчик ээси белгисиз болгон транспорттук каражат. Транспорттук каражаттын таандык экендиги жөнүндө (менчик ээси бар же жоктугу тууралуу) корутундуну жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган берет.
  3. Көрктөндүрүү – Ош шаарынын чектеринде ишкердик иш-аракет менен байланышпаган, калктын жашоосуна жагымдуу, сергек жана маданий шарттарды түзүүнү камсыздоочу иштердин жана элементтердин комплекси. Бул иштердин комплекси аймакты тазалоону уюштурууну, объекттерди жана көрктөндүрүү элементтерин, анын ичинде имараттардын жана курулмалардын фасаддарын күтүүнү, эксплуатациялоону, оңдоону жана коргоону карайт.
  4. Велосипед жолдору - жалпы пайдалануудагы жолдун негизинен велосипеддердин кыймылына арналган бир бөлүгү, же өз алдынча жол.
  5. Аймакты көрктөндүрүүнү калыбына келтирүү –аймактардын, көк майсаңдардын, ирригация тармагынын, жолдордун, тротуарлардын, подъезддердин кире бериштеринин, бак-дарактардын жана башкалардын абалын көрктөндүрүүнүн бузулушуна алып келген жумуштар башталганга чейинки калыбына келтирүү боюнча, анын ичинде аймактарды тазалоо жана аларды тартипке келтирүү боюнча жумуштардын комплекси;
  6. Бак-дарактарды калыбына келтирүү наркы – бак-дарактарды кыюуда, көчүрүп отургузууда, зыян келтирүүдө же жок кылууда алардын баасын эсептөө үчүн белгиленген нарк.
  7. Катуу тиричилик калдыктарын (мындан ары - КТК) ташып чыгаруу – КТКны контейнерлерден адистештирилген техникага түшүрүү, чачылган таштандыдан контейнердик аянтчаларды жана алардын кире бериштерин тазалоо, КТКны андан ары топтоо жерлеринен калдыктарды көмүү үчүн атайын жабдылган жерлерге, андан ары депонирлөө жана утилдештирүү үчүн же таштандыларды сорттоочу пункттарга, таштандыларды кайра иштетүүчү заводго же сорттоо жана кайра иштетүү үчүн комплекске ташуу.
  8. Көк майсаң – кыркылган чөптү же башка өсүмдүктөрдү өзүнө камтыган көрктөндүрүү элементи, антропогендик тектеги кыртыштын түшүмдүү-өсүмдүк катмары – чөп катмары менен жасалма түзүлгөн жер участогу.
  9. КТКны ташып чыгаруу графиги – ташып чыгаруу ордун (дарегин), көлөмүн жана убагын көрсөтүү менен КТКны чыгарууга келишимдин курамдык бөлүгү.

 
  1. Короо аймагы – турак жай имаратына жанаша жайгашкан жана анда жашагандардын жалпы пайдалануусунда турган, периметри боюнча турак жай имараттары, кошумча курулмалар, курулмалар, жол курулмалары же тосмолор менен чектелген аймак. Короонун аймагында ал жанаша жайгашкан турак жай имаратында жашагандардын кызыкчылыгында балдар аянтчалары, эс алуу, кийимдерди кургатуу үчүн жайлар, автомобилдерди токтотуучу жайлар, бак-дарактар жана коомдук пайдалануудагы башка объекттер жайгаштырылат.
  2. КТК ташып чыгарууга карата келишим – тапшырыкчы жана аткаруучунун (КТКны ташып чыгаруу боюнча белгиленген тартипте лицензиясы бар подряддык адистештирилген уюмдун) ортосунда түзүлгөн, юридикалык күчкө ээ жазуу жүзүндөгү макулдашуу, ага ылайык аткаруучу тапшырыкчынын тапшырмасы боюнча КТКны ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүгө милдеттенет, ал эми тапшырыкчы Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген тарифтерге жана чогултуунун ченемдерине ылайык эсептерди көрсөтүү менен бул кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө милдеттенет.
  3. Жол курулмалары – жолдун конструкциялык элементтери (жер тилкеси, автомашина өтүүчү бөлүк, тротуарлар, велосипед жолдор ж.б.), жасалма курулмалар (көпүрөлөр, жол өтмөктөрү, эстакадалар ж.б.), автомобиль жолдорун сактоо, күтүү жана жакшы иштетүү үчүн зарыл болгон башка курулмалар.
  4. Суюк тиричилик калдыктары – калктын жашоо-тиричилигинин процессинде пайда болгон жана суу чыгаруунун борборлоштурулган системасына кошулбаган курулмаларга жана түзүлүштөргө ташталуучу чарбалык-тиричиликтик саркынды суулар.
  5. Жашыл аймак - жашыл бак-дарактарды (дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрүн) камтыган шаар куруунун элементи. Калктын жашоо- тиричилигинин шаардык чөйрөсүнүн сапатын сактоого жана айлана-чөйрөнү коргоого кызмат кылат.
  6. Бак-дарактар – жасалма жана табигый өскөн бак-дарак, дарак-бадал, бадал жана чөп өсүмдүктөрү.
  7. Ири көлөмдөгү таштанды – өздөрүнүн керектөө сапаттарын жоготкон жана көлөмү боюнча адистештирилген техника менен ташууга мүмкүн болбогон, керектөө жана чарбалык иш-аракеттеринин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.).
  8. Контейнер –КТКны чогултуу үчүн 0,7- 1,1 куб метр көлөмүндөгү стандарттык идиш.
  9. Контейнердик аянтча - зарыл сандагы контейнерлерди орнотуу менен өндүрүш жана керектөө калдыктарын, КТКны чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн атайын жабдылган аянтча.

26.1КТКны бөлүү функциясы бар контейнердик аянтча - зарыл сандагы контейнерлерди орнотуу менен өндүрүш жана керектөө калдыктарын, КТКны чогултуу, убактылуу сактоо жана бөлүү үчүн атайын жабдылган аянтча.


 
  1. Компенсациялык жашылдандыруу – жок кылынган же зыян келтирилген бак-дарактардын ордуна алардын наркын калыбына келтирүү жолу менен бак-дарактарды кайра өстүрүү.
  2. Чакан архитектуралык формалар – декоративдик мүнөздөгү жана практикалык колдонуудагы объекттер: скульптуралар, барельефтер, гүлдөр үчүн вазалар, беседкалар, отургучтар, урналар, балдар ойноочу жана адамдар эс алуу, ж.б. үчүн жабдуулар жана конструкциялар.
  3. Металл гараж – юридикалык же жеке жактарга таандык, колдонуудагы ченемдик укуктук актылар тарабынан аныкталган тартипке ылайык капиталдык мүнөздөгү даярдоо жумуштарын жүргүзүүсүз шаардын аймагында жайгаштырылуучу автотранспорт каражатын калкалоо үчүн арналган стационардык эмес кыймылдуу мүлк объектиси.
  4. Медициналык калдыктар - медициналык ишти жүзөгө ашыруу процессинде, ошондой эле жугуштуу оорулардын козгогучтарын жана генетикалык-инженердик-модификацияланган организмдерди медициналык максаттарда пайдалануу чөйрөсүндөгү иш-аракеттердин жүрүшүндө пайда болгон калдыктардын бардык түрлөрү, анын ичинде анатомиялык, патоанатомиялык, биохимиялык, микробиологиялык жана физиологиялык калдыктар.
  5. Таштанды – ар кандай калдыктар, анын ичинде КТК, ири көлөмдөгү таштанды, курулуш калдыктар, медициналык калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары, көчө шыпырындылары.
  6. Таштанды үймөктөрү – өзүм билемдик менен таштоонун натыйжасында пайда болгон, контейнер аянтчаларында же башка ар кайсы аймактарда бир куб метрден ашпаган өлчөмдөгү таштандынын чогулуп калышы.
  7. Санкцияланбаган таштанды жайы – юридикалык же жеке жактардын иш-аракеттеринин процессинде 50 чарчы метрден ашкан аймакта

30 куб метрден жогору көлөмдө пайда болгон таштандылардын өзүм билемдик менен (санкцияланбаган) төгүлүшү же ташталышы.

  1. Үймөк таштандылар очогу – өзүм билемдик менен таштоонун натыйжасында пайда болгон 50 чарчы метрге чейинки аймакта 30 куб. метрге чейин көлөмдө таштандынын топтолуп калышы.
  2. Өндүрүш жана керектөө калдыктары (мындан ары – калдыктар)

өндүрүш же керектөө процессинде пайда болгон чийки заттын, материалдардын, жарым фабрикаттардын, башка буюмдардын же азыктардын калдыктары, ошондой эле керектөө сапаттарын жоготуп койгон, өздөрү пайда болгон жерде мындан ары пайдаланылбаган же табылган жана менчик ээси зыянсыздандыруу, кайра иштетүү же утилизациялоо жолу менен алардан кутулууга ниет кылган жана кутулууга мажбур болгон товарлар (азыктар).

  1. Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактар – калктын рекреациялоо иш-аракеттеринин ар кандай түрлөрү жана формалары үчүн пайдаланылуучу аймактар: адамдардын чектелбеген чөйрөсү үчүн эркин жана акысызжеткиликтүүболгонбакчалар,сейилбактар,мемориалдык

 

комплекстер, гүл бакчалар, бульварлар, көчөлөр жана транспорттук магистралдар, жээк жолдор, токойчолор.

  1. Чектелгенпайдалануудагыжашылдандырылганаймактар

– калктын айрым топторунун пайдалануусуна эсептелген, турак жай, жарандык, өнөр жай курулушунун, калкты тейлөөчү уюмдардын, саламаттык сактоо, илим, билим берүү мекемелеринин чегиндеги аймактар.

  1. Атайын багыттагы жашылдандырылган аймактар – атайын, анын ичинде санитардык-коргоо, сууну коргоо, коргоо-мелиоративдик, өрткө каршы зоналардын, көрүстөндөрдүн ж.б. функцияларын аткаруу үчүн арналган жашылдандырылган аймак.
  2. Сейил бак – функционалдык зоналаштыруу мүнөзүндөгү жана узак эс алуу үчүн арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак.
  3. Жанаша аймак – ижара укуктарынан эркин, бөлүнүп берилген жер участогунун, имараттын, үй ээлигинин, курулманын, тосмонун чектерине, курулуш аянтчасына, соода, жарнама объекттерине жана жеке менчикте, ээликте, ижарада, юридикалык же жеке жактардын балансында турган башка объекттерге периметр боюнча түздөн-түз туташ аймак. Көчөлөр жана транспорт кирген тарабынан жанаша аймактын чек арасы жолдун транспорт жүргөн бөлүгүнө чейин таркатылат.

Жолдордун транспорт жүрүүчү бөлүгүнөн алыс жайгашкан объекттердин жанаша аймагы катары бөлүнүп берилген жер участогунун чегинен 10 метр аралыктагы аймак эсептелет.

  1. Суу каптоо – дарыялардагы, каналдардагы жана арыктардагы суулардын горизонтунун жогорулашынан улам келип чыккан жер алдындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, атмосфералык жаан-чачындан, кардын эришинен, жолдордун, тротуарлардын асфальт-бетон кыртышын сапатсыз төшөөнүн, инженердик тутумдан жана коммуникациялардан суунун чыгышынын же агышынын, жөө жүрүүчүлөрдүн, автотранспорттун кыймылына тоскоолдук кылган, үстүртөн суу бөлүштүрүүнүн суу кабыл алуучу түзүлүштөрүн жана курулмаларды тейлөө эрежелеринин бузук абалда болушунун же бузулушунун натыйжасында жолдорду, транспорттук туннелдерди, аймактардын бөлүктөрүн суу каптоосу.

Тереңдиги 3 сантиметрден ашкан 2 чарчы метрден жогору аянтты суу каптаган учурда аймакты суу каптады деп эсептелет.

  1. Бак-дарактарга зыян келтирүү – дарак-бадал өсүмдүктөрүнүн өзөгүнө, сөңгөгүнө, бутактарына, алардын тамыр тутумуна механикалык, термикалык, химиялык жана башка зыян келтирүү; чөп өсүмдүктөрүнүн жер үстүндөгү бөлүгүнө жана тамыр тутумуна зыян келтирүү менен алардын абалынын начарлашына, өсүшүнүн токтошуна же куурап калышына алып келүү. Ошондой эле бак-дарактарга зыян келтирүүгө бутактарынын механикалык сынышы, кабыгынын бүтүндүгүнүн бузулушу, бак-дарактардын же алардын кыртышынын тамыр тутумунда зыяндуу заттар менен булганышы, тепселиши, автотранспорт менен тапталышы жана автотранспортту токтотуу, өрттөө жана башка зыян келтирүүлөр кирет.

 
  1. Өтмөк – транспорт каражаттарынын турак жай жана коомдук имараттарга, мекемелерге, ишканаларга жана кичи райондордун, кварталдардын ичиндеги башка шаардык курулуш объекттерине өтүшүн камсыздоочу жол элементи.
  2. КТКныташыпчыгаруубоюнчаадистештирилгенишкана – менчигинин түрүнө карабастан, белгиленген тартипте бар өз иш-аракеттерин жүзөгө ашыруучу, лицензиянын негизинде жана Ош шаарынын аймагында КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө укугу бар (Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен келишим) юридикалык же жеке жак болуп саналат.
  3. Жолдорду күтүү – жолдун транспорттук-эксплуатациялык абалын, аларды ыңгайлаштыруу элементтерин, бөлүү тилкелерин жана жол курулмаларын кармап туруучу жумуштардын комплекси.
  4. Аймакты санитардык тазалоо – аймактарды тазалоо, калдыктарды, көчө шыпырындысын жана кокусунан пайда болгон таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу.
  5. КТКны чогултуу – таштанды камераларын, контейнерлерди жана контейнер аянттарын толтуруу жана тазалоо менен байланышкан иш- чаралардын комплекси.
  6. КТКны ташып чыгаруу графигин бузуу – КТКны саат сайын, каттамдык чыгаруу графигинин 8 сааттан ашык мөөнөттө сакталбай калышы.
  7. Бак-дарактарды алып салуу – курулуштун тигил же бул объекттерин жайгаштыруу, инженердик көрктөндүрүү, жер үстүндөгү коммуникацияларды тейлөө, турак жай жана коомдук имараттардын инсоляциясынын ченемдик талаптарына жооп берген айлана-чөйрөнүн сапатын түзүү үчүн шарттарды камсыздоо максатында аткаруу зарыл болгон белгиленген тартипте таризделген бак-дарактарды бутоо, кыюу, казуу.
  8. Гүл бакча – кыска убакыттык эс алуу жана транзиттик жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылы үчүн жалпы пайдалануудагы чакан өлчөмдөгү жашылдандырылган аймак.
  9. Курулуш калдыктары - капиталдык ремонттон же жаңы имарат куруунун натыйжасында пайда болгон калдыктар. Бул сынган кирпич, арматура, линолеум, эшик жана башка ушул сыяктуу материалдар.
  10. Ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин аймактары -Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган укуктарда юридикалык же жеке жактарга максаттуу дайындалышта бекитип берилген, аянты, чек аралары, жайгашкан орду, укуктук статусу жана башка мүнөздөмөлөрү бар шаардык аймактын бөлүгү.
  11. Катуу тиричилик калдыктары (КТК) – адамдардын жашоо- тиричилигинин натыйжасында, анын ичинде тамак даярдоодо, турак жайларды тазалоодо, үй жанындагы аймактарды жана жалпы пайдалануудагы жайларды күтүүдө, турак жайларда үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоодо пайда болгон керектөө калдыктары, ошондой эле ири габариттүү

 

таштандылардан тышкары, эскирген, жараксыз болуп калган үй тиричилик буюмдары.

  1. Тротуар - жөө жүргүнчүлөр кыймылы үчүн арналган, жолдун бөлүгүнө жанаша жайгашкан же андан газон же сугат тармагы менен бөлүнгөн жол элементи.
  2. Бак-дарактарды жок кылуу – бак-дарактардын өсүшүн токтотууга же жок болуусуна алып келген бак-дарактарды (көк майсаңдарды) казуу, зыянга учуратуу же кыюу (араалоо) менен бак-дарактарды жок кылуу.


  1. Таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча жумуштарды уюштуруу

  2. Ош шаарынын аймагында өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде жеке турак үйлөрдүн, көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын ээлери белгиленген тартипте бекитилген топтоо ченемдерине жана тарифтерине ылайык, ошондой эле түзүү, кайра уюштуруу жана башка өзгөртүүлөрдү киргизүүдө жана башка уюмдар менен кызмат көрсөтүү келишимдерин бузууда 5 жумушчу күнгө чейинки мөөнөттө Ош шаарынын мэриясынын таштандыларды ташып чыгарууга жана көрктөндүрүүгө ыйгарым укуктуу органы менен же КТКны көмүү, сорттоо, зыянсыздандыруу жана кийин утилизациялоо жана көмүү менен кайра иштеп чыгууну жүргүзгөн адистештирилген ишканалар менен келишимдик мамилелери жана лицензиялары бар КТКны ташып чыгаруу боюнча башка подряддык адистештирилген ишканалар менен келишимдерди түзүүгө милдеттүү.

Жеке жактар менен мамилелерде ачык келишимдерди түзүүгө жол берилет.

КТК ташып чыгаруу боюнча тийиштүү лицензиясы бар адистештирилген ишканалар менчигинин түрүнө карабастан КТКны ташып чыгаруу боюнча өз иш-аракеттерин Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырууга тийиш.

  1. КТКны чогултууну уюштуруу.
  2. КТКны контейнерлерге чогултуу, контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо), кыш мезгилинде контейнер аянтчаларына баруучу кире бериштерди жана транспорт кирүү жолун кардан жана муздан тазалоо жоопкерчилиги төмөнкүлөргө жүктөлөт:

муниципалдык аймакта жайгашкан контейнер аянтчалары боюнча – түзүлгөн келишимдерге ылайык таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына;

ижарада, ээликте, пайдаланууда турган калган аймактар боюнча – ведомстволорго, уюмдарга, ишканаларга, башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге, жеке жана юридикалык жактарга.

  1. Контейнерлерден таштанды ташуучу транспортко жүктөп алууда же бункерге жүктөөдө чачылган таштандыларды тазалоо, ошондой эле контейнер

 

аянтчасындагы төгүлгөн таштандыны тазалоо үчүн жоопкерчилик КТКны ташып чыгарууну жүзөгө ашырган ишкананын жумушчуларына жүктөлөт.

  1. Чарбалык иштин натыйжасында пайда болгон өнөр жай ишканаларынын өндүрүшүнүн калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо бул ишканалардын күчү менен бул максаттар үчүн атайын жабдылган жерлерде жүзөгө ашырылат. Алардын жайгашуусу, ошондой эле калдыктарды жайгаштырууга лимиттер жана аларды сактоо убактысы таштандыларды чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы менен милдеттүү тартипте макулдашылат.
  2. Ишкананын аймагында атайын бөлүнбөгөн жерлерде калдыктарды топтоого жана аларды жайгаштыруу лимиттеринен ашырууга тыюу салынат.
  3. Өсүмдүк жана башка топуракты убактылуу топтоого атайын бөлүнгөн участоктордо гана уруксат берилет.
  4. Контейнерлерди таштанды менен ашыра толтурууга, контейнерлерде тиричилик калдыктарын өрттөөгө жол берилбейт.
  5. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген уюмдар аларды өз убагында оңдоо жүргүзүүсү жана андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган контейнерлерди алмаштыруусу зарыл.
  6. КТКны ташып чыгаруу.
  7. Ош шаарынын аймагында өз иш-аракеттерин жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар, анын ичинде көп батирлүү турак үйлөрдүн, жеке турак үйлөрдүн, турак жана турак эмес жайлардын ээлери КТКны саат 19:00дөн саат 24:00гө чейин ташып чыгууга милдеттүү.

Үй ээлеринен жана ишканалардан чыккан таштандыларды ташып чыгаруу КТКны ташып чыгаруу боюнча тийиштүү лицензиясы бар адистештирилген ишканалар тарабынан келишимдерге ылайык жүргүзүлөт. Адистештирилген ишканалардын тейлөөсүнө кирбеген ишканалар таштандыларды көмүү үчүн атайын жабдылган жерлерге өздүк атайын транспорту (таштанды ташуучу унаа) жана КТКны чогултуу үчүн атайын жабдылган аянтча болгон шартта, КТКны ташып чыгаруу графигинде белгиленген мөөнөттө тиешелүү келишимдин негизинде жүргүзөт.

  1. Түзүлгөн келишимге ылайык, Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген тарифтерге ылайык КТКны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалар тарабынан керектөөчүлөрдөн акы алынат.
  2. Таштандылар, булганыч заттар жана башка таштандылар калдыктарды көмүү үчүн атайын жабдылган жерлерге жана агынды станцияларга чыгарылат. Шаардагы таштанды полигонун жана суу төгүүчү станцияларды күтүү жоопкерчилиги таштадыларды көмүү боюнча жана шаарды суу менен камсыздоо, саркынды сууларды кабыл алуу жана тазалоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарына жүктөлөт.
  3. Ири көлөмдөгү таштандыларды (калдыктарды) ташып чыгаруу үчүн жоопкерчилик ошол ири көлөмдөгү таштанды таандык болгон юридикалык жана жеке жактарга же тиешелүү келишимдери болгон учурда таштандыны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканаларга жүктөлөт.

 
  1. Кыймылсыз объекттерди куруу жана (же) оңдоо жумуштарын жүргүзүп жаткан юридикалык жана жеке жактар жумуш башталганга чейин курулуш таштандыларын утилизациялоого келишим түзүүгө, аны өз алдынча ташып чыгарууга (утилизациялоого карата келишимге ылайык) же таштандыны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалар менен түзүлгөн келишим боюнча ташып чыгарууга милдеттүү.
  2. Юридикалык жактар көп кабаттуу турак үйлөрдү курууну КТК чогултуу үчүн аянтчаларды жана контейнерлерди жайгаштыруу ордунун макулдашылган долбоорун эске алуу менен жүзөгө ашырууга милдеттүү.
  3. Көк майсаңдарды түшкөн жалбырактардан тазалоонун, бактарды санитардык кыюунун, бактарды алып салуунун, бадал тосмону кыркуунун, көк майсандарда чөп чабуунун жана башка жумуштардын натыйжасында чогулган таштандыларды ташып чыгаруу жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын күчү менен жана менчик түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүргүзүлөт.
  4. Муниципалдык тапшырык боюнча шаардын көчөлөрүн жана аянттарын тазалоонун натыйжасында чогулган таштандыларды, көчө шыпырындыларын ташып чыгаруу таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
  5. Техникалык картага кирбеген муниципалдык участоктор булганганга жараша тазалоого жатат (бригадалык ыкма менен). Тазалоо, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, бак-дарактарды жана ирригациялык тармактарды талаптагыдай күтүү боюнча жумуштарды уюштуруу таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
  6. Контейнерлер атайын жабдылган аянтчаларга жайгаштырылат (орнотулат). Жайгаштыруу орундары жана тосмолордун түрү шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы, Ош шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору (мындан ары - МСЭКБ), көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы, тиешелүү муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар, үй жана кварталдык комитеттердин төрагалары жана КТКны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалар, ошондой эле инженердик кызматтар менен макулдашылат.

Контейнерлерди жолдун транспорт жүрүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, көк майсаңдарга, ошондой эле ирригация каналдарына 10 метр жакын аралыкка жайгаштырууга тыюу салынат.

  1. Контейнер аянтчалары жолдун транспорт жүрүүчү бөлүгү тарапка ылдыйлатуу менен асфальт же бетон менен капталып, транспорт кирүү жолдору бар болууга тийиш.
  2. Контейнер аянтчасы жанаша жайгашкан аймакка таштанды чыгып кетишине жол бербөө максатында үч тарабынан бийиктиги 1,0-1,2 метр тосмосу болууга тийиш.

 

Белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги контейнердик аянтчаларды даярдоого жол берилет.

  1. Контейнер аянтчалары турак үйлөрдөн, балдар мекемелеринен, спорт аянтчаларынан жана калк эс алган жайлардан 20 метрден аз эмес алыстыкта, бирок 100 метрден ашпаган аралыкта болууга тийиш. Өзгөчө учурларда мындай аралыктарды сактоонун мүмкүнчүлүгү жок болгон курулуш райондорунда алар комиссия тарабынан (шаардык архитектордун, КТКны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишкананын, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын, үй жана кварталдык комитеттердин, МСЭКБсынын, Ош шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен) белгиленет.

Комиссиянын ишин уюштуруу жана тийиштүү актыларды бекитүү Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына жүктөлөт.

  1. Контейнер аянтчаларынын өлчөмү контейнерлерди зарыл болгон санда орнотууга эсептелүүгө тийиш. Орнотулуучу таштанды салгычтардын (контейнерлердин) санын аныктоо үчүн КТКны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишкана таштанды салгычтарды пайдалануучу калктын санына, калдыктар жыйымынын ченемдерине, калдыктарды сактоо мөөнөттөрүнө жана башкаларга негизденүү менен ар бир участок боюнча жеке аныкталууга тийиш.
  2. Калдык салгычтардан, таштанды кабыл алуучу камералардан жана таштанды ташып чыгаруу боюнча адистештирилген транспорттордон кайра пайдаланылуучу чийки заттарды тандоого (банкалар, бөтөлкөлөр жана башка буюмдар) жол берилбейт. Адистештирилген автотранспорт келгенге чейин (бир саат мурун) калдык салынган идиштерди таштанды чогултуучу камералардын чегинен тышкары чыгарып коюуга жол берилбейт.
  3. Контейнер аянтчалары тиричилик таштандыларынан дайыма тазаланып турууга, баланс кармоочулар тарабынан тазалыкта жана тартипте күтүлүүгө тийиш.

КТКны өз убагында ташып чыгуу үчүн атайын техниканын кирүүсүнө жолтоо болгон автомототранспорт каражаттарын контейнердик аянтчалардын жанына коюуга жана токтотууга тыюу салынат.

  1. Контейнерге оңой күйүүчү жана жарылуу коркунучу бар буюмдарды, суюк калдыктарды, медициналык калдыктарды, ири көлөмдөгү жана курулуш калдыктарын, кыктарды, ысык күлдү, бактардын таарынды элементтерин, жалбырактар жыйналбаган түрдө ошондой эле айлана-чөйрөгө коркунуч келтирүүчү бардык товарларды жана калдыктарды таштоого тыюу салынат.
  2. Контейнерлер техникалык жактан оң абалда болуп, сырдалууга тийиш жана ээлик кылуучунун, подряддык уюмдун реквизиттери, КТКны ташып чыгаруу убактысы көрсөтүлгөн белгилери болушу керек. Май куюучу бекеттерде (МКБ) орнотулган контейнерлер кулпу менен бекитилүүгө тийиш.
  3. Контейнерлер жана алардын алдындагы аянтчалар, таштанды камералары МСЭКБнын талаптарына ылайык жылына үч жолудан кем эмес

 

(кыш мезгилинен тышкары) айрым учурларда муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктардын кошумча табыштамаларынын негизинде КТКны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишканалар жана баланс кармоочулар тарабынан жуулуп, дезинфекциялоочу курамдар менен тазаланып турууга тийиш.

  1. Көп кабаттуу турак үйлөрдө таштанды кабыл алуучу камералар кулпу менен бекитилүүгө тийиш, таштанды кабыл алуучу камераларга чоочун жактардын кирүүсүнө тыюу салынат.
  2. Таштанды түтүктөрүн, таштанды кабыл алуучу камераларды эксплуатациялоо жана күтүү үчүн жоопкерчиликти, түзүлгөн келишимдерге ылайык көп кабаттуу турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери же турак жай-эксплуатациялоочу уюмдар, турак жай ээлеринин шериктештиктери тартат.
  3. Шаардык көчөлөрдө, бекеттерде, базарларда, аэропорттордо, сейил бактарда, гүл бакчаларда, эс алуу зоналарында, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде, калк массалык түрдө баруучу башка жайларда, көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолорунда, шаардык жүргүнчүлөр транспортунун аялдамаларында, шаардын аймагында иштеп жаткан бардык ишканалардын жана мекемелердин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин, соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринин кире беришинде урналар орнотулууга тийиш. Урналар ушул Эрежелерге ылайык бекитилип берилген жана жанаша жайгашкан аймактарды күтүүгө жооптуу жеке жана юридикалык жактардын өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
  4. Урналар төмөнкүлөрдө орнотулат:

базарларда, бекеттерде, сейил бактарда, гүл бакчаларда жана калк массалык түрдө баруучу башка жайларда - бири-биринен 50 метр аралыкта;

көчөлөрдө бири-биринен 100 метр аралыкта;

көп кабаттуу турак үйлөрдүн короолорунда - ар бир подъезддин кире беришинде;

шаардык жүргүнчүлөр транспортунун аялдамаларында жана ишканалардын, мекемелердин, чарба жүргүзүүчү субъекттердин, соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринин кире бериштеринде урналардын саны экиден кем эмес болууга тийиш.

  1. Урналарды тазалоо, баланс кармоочулар тарабынан алар толгонуна жараша, бирок күнүнө эки жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Урналарды жууп тазалоо алардын булганганына жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Шаардык жүргүнчүлөр транспортунун аялдамаларында орнотулган урналар аялдамаларды тазалоочу уюмдар тарабынан, соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринин жанында орнотулган урналар соода жана кызмат көрсөтүү объекттеринин ээлери жана ижарачылары тарабынан тазаланат жана жуулат.
  2. Урналарды сырдоо баланс кармоочулар тарабынан жылына бир жолу (жыл сайын апрель айында), ошондой эле зарылчылыкка жараша же көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым

 

укуктуу органынын инспекторлорунун жазма буйруктары боюнча жүргүзүлөт.

  1. Санкцияланбаган таштанды төгүүчү жайлардын пайда болушуна, калдыктардын өрттөлүшүнө күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылышат. Санкцияланбаган таштандыларды төгүүчү жайларга калдыктарын таштаган жактарды аныктоо мүмкүн болбогон учурда калдыктарды жок кылуу жана санкцияланбаган таштанды төгүүчү жайларды рекультивациялоо аймакка ээлик кылуучунун же жер пайдалануучунун эсебинен ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
  2. Шаар аймагын санитардык күтүү жана тазалоону уюштуруу

  3. Жалпы пайдалануудагы аймактарды санитардык күтүү аймакты таштандылардан, шыпырындылардан дайыма тазалоону, кыш мезгилинде – жолдун транспорт жүрүүчү бөлүгүн жана тротуарларды кардан, муздан тазалоону, туз чачууну, жай мезгилинде – жолду, тротуарларды жууну, көк майсаңдарды сугарууну, чөбүн чабууну, бак-дарактарды, чакан архитектуралык формаларды күтүүнү жана башка иш-чараларды камтыйт.
  4. Ишканалар, мекемелер, уюмдар, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери, көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, жеке турак үйлөрдүн ээлери бөлүнүп, бекитилип берилген, жанаша жайгашкан аймактарды ушул Эрежелердин 85-пунктунун 1- пунктчасына ылайык өз каражаттарынын эсебинен өз алдынча күн сайын санитардык тазалоого, бул иштер үчүн жалданма жумушчуларды (короо тазалоочуларды) тартууга же акы төлөнүүчү келишимдин шарттарында адистештирилген уюмдар менен тийиштүү макулдашуу түзүүгө милдеттүү.

Таштандыларды топтоо КТКны ташып чыгаруу боюнча адистештирилген ишкана менен түзүлгөн келишимге ылайык жүзөгө ашырылат.

Ош шаарынын мэриясынын чечими менен шаардын аймагындагы санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу жана тышкы көрктөндүрүү максатында жалпы шаардык ишембиликтер өткөрүлөт. Аларга катышуу менчигинин түрүнө карабастан шаардын аймагында жайгашкан бардык юридикалык жана жеке жактарга жүктөлөт.

Өткөрүлгөн ишембиликтердин натыйжасында топтолгон КТК таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча ыйгарым укуктуу жана жашылдандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактар тарабынан чыгарылат.

  1. Шаар аймактарын тазалоо жумуштары ушул Эрежелердин талаптарына, Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген нускамаларга жана технологиялык сунуштамаларга ылайык жүргүзүлөт.
  2. Тазалоону уюштуруу үчүн жоопкерчилик таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым

 

укуктуу органына, жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарга, турак жай ээлеринин шериктештиктерине, үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлерине белгиленген ыйгарым укуктарынын алкагында жүктөлөт.

  1. Таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана подряддык уюм санитардык тазалоо боюнча аутсорсинг учурунда техникалык карталарга, башка документтерге ылайык шаардын көчөлөрүн, аянттарды, сейил бактарды, гүл бакчаларды, бульварларды жана башка аймактарды муниципалдык тапшырык боюнча тазалоо жумуштарын уюштуруу жана жүргүзүү, анын ичинде көк майсаңдарда жана ирригация тармагында кокусунан пайда болгон таштандыларды тазалоо, ошондой эле муниципалдык тапшырык боюнча тазалануучу көчөлөрдөгү кургак ирригация тармагын шыпыруу үчүн жоопкерчилик тартат.
  2. Жашылдандыруу жана суу чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын балансында турган жолдордун транспорт жүрүүчү бөлүгүнүн боюнда, сейил бактарда, гүл бакчаларда, бульварларда жайгашкан көк майсаңдарды, ирригациялык тармактарды толугу менен тазалоо боюнча жыйноо жумуштарын уюштуруу жана жүргүзүү (жазгы жана күзгү мезгилде) жана аларды тийиштүү тартипте күтүү, ошондой эле көрсөтүлгөн жумуштардын натыйжасында түзүлгөн таштандылардан суу өткөрүүчү көпүрөлөрдү, өтмөктөрдү тазалоо жана ташып чыгуу үчүн жашылдандыруу жана суу чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдары жоопкерчилик тартышат.
  3. Ушул Эрежелерге ылайык менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди, тейлөөчү турак жай-эксплуатациялык уюмдарды, ошондой эле жеке жана көп батирлүү түрак үйлөрдө жашаган калкты жанаша жайгашкан жана бекитилген аймактарды тазалоо жумуштарына тартуу жолу менен муниципалдык тапшырык боюнча санитардык тазалоо менен камтылбаган кичи райондордун ичиндеги, кварталдардын ичиндеги, короолордогу аймактарды жана башка аймактарды тазалоо, ошондой эле калдыктарды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан санитардык тазалоо менен камтылган көчөлөрдү, тротуарлардын тышкы четинен кичи райондордун, кварталдардын, турак жай жана администрациялык имараттардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин ички аймактарына чейин тазалоо жумуштарын уюштуруу үчүн муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар жоопкерчилик тартышат.
  4. Муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар жер участокторунун ээлерине бекитилип берилген жеке жана көп кабаттуу турак үйлөргө жанаша жайгашкан аймактарды, короо аймактарын тазалоо жумуштарын калкты, турак жай-эксплуатациялык уюмдарды, турак жай ээлерининшериктештиктерин,туракжай-курулушкооперативдерин,

 

ошондой эле турак үйлөрдө жайгашкан чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлерин тартуу менен уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартышат.

  1. Тазалоо жумуштарын түздөн-түз жүргүзүү, аймактарды көрктөндүрүү, бак-дарактарды жана ирригация тармактарын күтүү үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
    1. Баланс кармоочулар, имараттардын жана курулмалардын менчик ээлери, жер пайдалануучулар жана жер ээлери, жеке турак үйлөрдүн ээлери жана жалдоочулары, көп кабаттуу турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери, аларга бекитилип берилген аймактардын, короо- жай жана үй жанындагы участоктордун чегинде көчөлөрдү, аянттарды, суулардын жээктерин жана каналдарды, көпүрөлөрдү, базар аянттарын, жол өтмөктөрүн, тротуарларды, короолорду, сейил бактарды, гүл бакчаларды дайыма тазалап турууну, бак-дарактарды жана ирригациялык тармактарды күтүүнү камсыздоого милдеттүү, анын ичинде:

узунунан – имараттарга, үй ээликтерине же участокторго жанаша жайгашкан бардык аймактын аралыгында;

туурасынан – жолдун же аянттын транспорт жүрүүчү бөлүгү боюнча, ал эми бир тараптуу курулуш болсо - жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүнүн бардык кеңдигинде, каршы жактагы тротуарды кошо.

  1. Эгерде бир имаратта бир нече пайдалануучу (ижарачы) жайгашкан болсо, имараттын менчик ээсине же анын ыйгарым укуктуу өкүлүнө жүктөлөт. Бул учурда жоопкерчиликти чектөө зонасы ижара келишими же имараттын бардык пайдалануучулары тарабынан кол тамга коюлган келишим менен аныкталышы мүмкүн.
  2. Суулардын жана каналдардын жээктерине туташ аймактарды, анын ичинде аларга жанаша жайгашкан тротуарларды жана сууга түшө бериштерди тазалоо алардын бүт кеңдигинде жүргүзүлөт.

Аймактарды күн сайын тазалоо эртең мененки саат 7.00гө чейин жүргүзүлүүгө жана күн бою тазалык сакталып турууга тийиш.

  1. Таштандыларды ташып чыгаруу боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жолдордун транспорт өтүүчү бөлүгүн, көчөлөрдү жана                         аянттарды,            тротуарларды,                          коомдук    транспорттун            аялдамаларын (ижарага алынгандардан тышкары) жана башка муниципалдык аймактарды тазалоону, кокусунан пайда болгон таштандыларды тазалоону жүзөгө ашырат. Ал эми көк майсандарда жана ирригация тармактарында пайда болгон таштандыларды тазалоону Ош шаарынын мэриясынын Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты муниципалдык ишканасы жүзөгө

ашырат.

  1. Шаардын чегинен өтүүчү темир жолдор жана ажыратуу тилкесинин чегиндеги аймактар (жантаймалар, үймөктөр, өтмөктөр, жол аркылуу өтмөктөр) перрондор, бекеттер жана 50 метр радиуста алардын чектеш аймактары эксплуатациялык темир жол уюмунун күчү менен өз каражаттарынын эсебинен тазаланат.
  2. Шаардыктардын массалык эс алуу жайларын тазалоо жана күтүү “Оштогукөрктөндүрүүжанажашылдандыруучарбакомбинаты”

 

муниципалдык ишканасы, ал эми ижарага берилген сейил бактар жана эс алуу жайлары ошол аймактар бекитилип берилген ишканалар тарабынан жүргүзүлөт.

  1. Жамгыр сууларын топтоочу кудуктарды, сел канализацияларын, транспорт жолдорун жана жөө жүрүүчүлөр үчүн көпүрөлөрдү, көчөлөрдүн транспорт жүргөн бөлүктөрү аркылуу өткөн түтүктөрдү тазалоону Ош шаарынын мэриясынын таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органы жүргүзөт, Ак-Буура дарыясынын жана ички каналдардын сууларынын нугун тазалоону жана алар боюнча сууну өткөрүүнү суу чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана тийиштүү коммуналдык кызматтар жүргүзөт.
  2. Тротуарларды жуу, короо аймактарын, бак-дарактарды жана көк майсаңдарды күтүү, анын ичинде бактардын жана бадалдардын сөңгөгүн айланта казып коюу, куураган чөптөрдү чабуу жана отоо чөптөргө каршы чара көрүү, көк майсандарды себүү, аймактарды жашылдандыруу, ошондой эле жашыл фондду сактоо ушул Эрежелердин 85-пунктунун 1-пунктчасына ылайык ишканалардын жана жарандардын күчү менен камсыздалат.
  3. Коомдук дааратканаларды күтүү жана тейлөө Ош шаарынын мэриясынын таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча ыйгарым укуктуу органына, жеке ээлерине жана ижарачыларга жүктөлөт.
  4. Жашылдандыруу объекттерин (сейил бактар, гүл бакчалар, бульварлар, көк майсаңдар ж.б.) күтүү бул жашылдандыруу объекттери балансында же эксплуатациясында турган уюмдарга жүктөлөт.
  5. Ажыратуу тилкелеринин көк майсаң бөлүгүн тазалоо, жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүндөгү тосмолорду, тротуарларды, көк майсаңдарды, жолдорду көрктөндүрүүнүн башка элементтерин күтүү үчүн жоопкерчиликти алар балансында турган ишканалар тартат.

Бул жумуштарды аткарууда таштандыларды жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүнө, өтмөктөргө чыгарып салууга тыюу салынат.

  1. Убактылуу көчө соода орундарын, соода объекттерине (соода павильондору, бат тургузулуучу соода комплекстери, чатырлар, күркөлөр ж.б.) 10 метр радиуста жанаша жайгашкан аймактарды, ал эми базарларды, соода-базар комплекстерин 50 метр радиуста тазалоо үчүн жоопкерчилик, ошол соода объекттеринин ээлерине жүктөлөт.

Жанаша жайгашкан көк майсандарга, соода чатырларынын, күркөлөрдүн ж.б.у.с. үстүнө тараларды жыйып коюуга тыюу салынат.

  1. Узак убакыттан бери пайдаланылбаган жана өздөштүрүлбөгөн аймактарды, курулуштары бузулгандан кийин аймактарды тазалоо жана күтүү үчүн жоопкерчилик ошол аймак бөлүнүп берилген жер пайдалануучуларга же жер ээлерине, курулушту бузуу боюнча жумуштарды аткаруучу подряддык уюмдарга жүктөлөт.
  2. АМКСлардын аймактарын, транспорт кирүүчү жана чыгуучу жолдорду, автожуучу постторду, май куюучу комплекстерди, жанаша жайгашкан аймактарды (15 метрлик зонадан кем эмес) жана аларга транспорт

 

кирүү жолдорун тазалоо, көрктөндүрүү жана тазалыгын сактоо үчүн жоопкерчиликти көрсөтүлгөн объекттердин баланс кармоочулары тартат.

  1. Тротуарларда жайгашкан тышкы жарыктандыруу орнотмолорунун мамыларынын жана таянычтарынын, байланыш тармагынын айланасындагы аймактарды кол менен тазалоо үчүн жоопкерчиликти тротуарларды тазалоого жооптуу ишканалар тартат.
  2. Трансформатордук жана бөлүштүрүүчү көмөк чордондорго, автоматтык режимде иштеген (тейлөө персоналы жок) башка инженердик курулмаларга, ошондой эле электр өткөргүч таянычтарына жанаша жайгашкан аймактарды тазалоо үчүн жоопкерчиликти бул объекттер турган аймактардын баланс кармоочулары тартат.
  3. Автотоктотмолордун, авто коюучу жайлардын, гараждардын анын ичинде акы төлөнүүчү аймактарын ж.у.с. тиричилик таштандыларынан, кардан тазалоо жана ташып чыгаруу үчүн жоопкерчиликти баланс кармоочулар, бул объекттерди эксплуатациялоочу уюмдар тартат.
  4. Ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин (заводдун ичиндеги, короо ичиндеги) аймактарын, ошондой эле аларга жанаша жайгашкан аймактарды (участоктордун, тосмолордун, имараттардын чек араларынан), аларга транспорт кирүү жолун тазалоо жана күтүү үчүн жоопкерчиликти, көрсөтүлгөн аймактарда жайгашкан курулмалар менчигинде, ээлигинде, ижарасында же балансында турган ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы тартат.
  5. Короо аймактарын, короонун ичиндеги өтмөктөрдү жана тротуарларды шыпырындылардан, чаңдардан жана майда тиричилик таштандылардан шыпыруу, жууп-тазалоо турак жай ээлеринин шериктештиктери, же турак жай-эксплуатациялык подряддык уюмдардын жумушчулары тарабынан, алар менен көп батирлүү турак үйлөрдө жайгашкан турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери менен түзүлгөн келишимдерге ылайык механизациялаштырылган ыкма же кол менен эртең мененки саат 8:00гө чейин жүргүзүлөт. Аймактагы тазалык бардык жумуш күн ичинде сакталууга тийиш.
  6. Уюмдар, ишканалар, мекемелер, ижарачылар ортосунда тазалануучу аймактардын чектерин аныктоо талаш-тартыш маселелери келип чыккан учурда, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан «Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык турак жай- коммуналдык ишканасы» жана Ош тазалык, Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, “Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба” муниципалдык ишканасы (жер пайдалануунун жана жанаша жайгашкан аймактардын келишимдерин эске алуу) менен биргеликте алар менен макулдашылган тазалоонун схемалык карталарын түзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
  7. Шаар аймактарын тазалоо күнүнө бир жолу: эртең мененки саат 7.00гө чейин жүргүзүлөт. Транспорт кыймылы интенсивдүү болгон магистралдарда жана көчөлөрдө тазалоо жумуштары түнкү мезгилде саат 23.00дөн саат 6.00гө чейин жүргүзүлөт.

 

Талаптагыдай тазалык күн бою толук сакталууга тийиш.

Короо аймактарын, эл массалык түрдө баруучу жерлерди (бекеттерге кире бериштер, базарлардын, соода зоналарынын аймактары ж.б.) тазалоо жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

  1. Аба-ырайынын экстремалдык кубулуштары учурунда (нөшөрлүү жаан, кар, тайгактык ж.б.) тазалоо жумуштарынын шарттары Ош шаарынын мэриясынын, жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын көрсөтмөлөрүнө, зарылчылыкка жараша Ош шаарынын мэриясы тарабынан түзүлүүчү шаардык уюмдардын, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарынын башчыларынын аракеттерин координациялоо боюнча ыкчам топтун (штабдын) чечимдерине ылайык белгиленет.

Ыкчам топтун (штабдын) чечимдери бардык юридикалык жактар тарабынан аткарылууга милдеттүү.

  1. Шаардык суу агынды тармактарынын байкоо салуучу жана жамгыр сууларын топтоочу кудуктарын алдын ала текшерүү жана аларды тазалоо, бул курулмалар балансында турган коммуналдык ишканалар жана уюмдар тарабынан бекитилген график боюнча, бирок кварталына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
  2. Сел сууларынын (агынды суу тармагын) булганышын болтурбоо үчүн жамгыр суусун топтоочу кудуктарга шыпырындыларды жана тиричилик таштандыларын таштоого тыюу салынат.
  3. Жамгыр сууларын топтоочу кудуктар тутуму, анын ичинде торчолор дайыма тазаланган абалда турууга тийиш. Торчолордун жана кудуктардын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн чектөөчү тосмолорду булгоого жана ылайлоого жол берилбейт.
  4. Катуу жамгыр учурунда суу агынды тармагынын иши бузулгандыгына байланыштуу жолдордун, туннелдердин транспорт өтүүчү бөлүгүн суу каптоо пайда болгондо, суу каптоону жоюу, суу менен камсыз кылуу, шаардын саркынды сууларын кабыл алуу жана тазалоо Ошшаарсууканал муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлөт. Сууну коё берүүдөн улам суу каптоо пайда болгон учурда (сууну котловандан сордуруп алгандан, суу түтүктөрүндөгү авариялык кырдаалдардан ж.б.) аны жоюу үчүн жоопкерчилик (кыш мезгилинде муздарды чагуу жана ташып чыгаруу) бузууларга жол берген уюмдарга жүктөлөт.
  5. Суулардын жана каналдардын акваторияларындагы, коллектордук - дренаждык тармактардагы жана бириктирүүчү иригациялык тутумдардагы таштандыларды тазалоо суу чарбасы чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын күчү менен жүзөгө ашырылат.
  6. Бактарды кыюу жана аларды ташып чыгаруу, бак-дарактардын баштарындагы шактарды кыркуу жана куурап калган, авариялык, көрктүүлүгүн жоготкон бактарды кыюу боюнча иш жүргүзгөн уюмдар тарабынан жүргүзүлөт (муниципалдык аймактарда – Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты, ал эми мамлекеттик жана жеке менчикте турган аймактарда – жумуштардын бул түрлөрү боюнча тийиштүү тажрыйбасыбарбашкаадистештирилгенуюмдар,жекайтарымдуу

 

келишимдин негизинде Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан жүргүзүлөт).

  1. Ташып чыгаруу негизги көчөлөрдүн боюндагы жашылдандырылган аймактардан бир жумуш күндүн ичинде жана экинчи даражалык маанидеги көчөлөрдөн жана короо аймактарынан бир сутканын ичинде жүргүзүлөт. Куурап калган, авариялык бактарды кыюудан кийин калган дүмүрлөр, шаардын негизги көчөлөрүнөн бир сутка ичинде, экинчи даражалык маанидеги көчөлөрдөн жана короо аймактарынан үч сутканын ичинде алынууга тийиш.
  2. Кулаган бактар жолдордун транспорт өтүүчү бөлүгүнөн, тротуарлардан, электр өткөргүч линиялардан, турак жай жана өндүрүштүк имараттардын фасаддарынан аймактын баланс кармоочусу тарабынан дароо, ал эми башка аймактардан – ал белгилүү болгон учурдан тартып 6 сааттын ичинде алынууга тийиш.


  1. Ош шаарынын аймагын күз-кыш мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү

  2. Көчөлөрдүн транспорт өтүүчү бөлүгүн жана өтмөктөрдү күз-кыш мезгилинде тазалоо ушул Эрежелердин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
  3. Күз-кыш мезгилиндеги тазалоо 1-сентябрдан 1-мартка чейин белгиленет. Аба-ырайы кескин өзгөргөн учурда (кар, суук) кышкы тазалоонун башталыш жана аяктоо мөөнөттөрү Ош шаарынын мэриясынын шаардык коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
  4. Күз-кыш мезгилиндеги жумуштарга тазалоо техникасын даярдоо боюнча иш-чаралар техниканын баланс кармоочулары тарабынан учурдагы жылдын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
  5. Шаар аймагын тазалоо үчүн жооп берген мекеме-ишканалар (“Ош шаардык жолдор” МИ, “Ош – Тазалык” атайын адистештирилген МИ, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” МИ, №21 Жолдорду тейлөө мекемеси, мындан сырткары жеке уюмдар (подрядчиктер) тартылышы мүмкүн) 1-ноябрга чейинки мөөнөттө музга каршы материалдарды керектүү санда алып келүүнү, даярдоону жана жыйып коюуну камсыздоого тийиш.
  6. Кыш мезгилинде жол, отургучтар, урналар, чакан архитектуралык формалар жана башка элементтер, ошондой эле аларга жанаша жайгашкан аймактар, баруучу жолдор кардан жана муздан тазаланууга тийиш.
  7. Объекттердин жана (же) аймактардын менчик ээлери, ээлик кылуучулары же пайдалануучулары таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы бекитилген жана жанаша жайгашкан аймактардагы тротуарларды, жөө жүрүүчүлөр үчүн жолдорду, транспорт кирген жолдорду, транспорт токтотмолорун кардан жана муздардан катуу кыртышка чейин тазалоону

 

жүргүзүшү керек. Муз каптаган кезде аймактар инерттик материалдар (кум, майда шагыл, туздуу аралашма, реагенттер ж.б.) менен тазаланат.

  1. Жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүн, көчөлөрдү жана аянттарды кардан, муздан тазалоо “Ош шаардык жолдор” МИ, “Ош – Тазалык” атайын адистештирилген МИ, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” МИ, №21 Жолдорду тейлөө мекемелеринин күчү менен жүргүзүлөт.
  2. “Ош – Тазалык” атайын адистештирилген МИ, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” МИ баланс кармоочулар жана көп кабаттуу турак үйлөрдүн алдындагы участокторду тейлөөчү адистештирилген ишканалар, аларга бекитилген аймактарды түзүлгөн келишимдерге ылайык кардан жана муздан тазалоону кол ыкмасы менен же кар жыйноочу механизмдерди жана автотранспортту колдонуу менен жүргүзүшөт.
  3. Тротуарларды, көчөлөрдү, аянттарды, гүл бакчаларды жана бульварларды кардан жана муздан тазалоо, ташып чыгаруу транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүүчүлөрдүн үзгүлтүксүз кыймылын камсыздоо үчүн биринчи кезекте магистралдык көчөлөрдөн, троллейбустук трассалардан, аялдамалардан жана кайрылмалардан, кайрылып бурулуучу аянтчалардан, көпүрөлөрдөн, жол өтмөктөрүнөн, тротуарлардан башталат.
  4. Көчөлөрдүн транспорт өтүүчү бөлүгүндөгү жана өтмөктөрдөгү, тротуарлардагы жана короо аймактарындагы тазалоо жумуштарын жүргүзүү технологиясы жана шарттары аба-ырайына карабастан, транспорттук каражаттардын жана жөө жүрүүчүлөрдүн тоскоолдуксуз кыймылын камсыздоого тийиш.
  5. Кыш мезгилинде суу түтүктөрүнүн жана канализациялык тармактардын авариясынын натыйжасында жолдордо пайда болгон муздарды тазалап чыгаруу, жол кыртышын муз каптоого алып келген күнөөлүү уюм, юридикалык же жеке жактар тарабынан кечиктирбестен дароо жүргүзүлөт.
  6. Көчөлөрдө, аянттарда, бульварларда жана гүл бакчаларда жаңы жааган карды үйүп жыйноо зарыл учурларда көчөлөрдүн кеңдигине жана андагы кыймылдын мүнөзүнө жараша уруксат берилет. Кар үймөктөрү транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылына тоскоол болбош үчүн жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүнүн ортосуна же эки тарабына, бордюрлардан 0,5 метр аралыкта тротуарларды жана көк майсандарды бойлото жыйылышы мүмкүн. Үйүлгөн жана топтолгон кар чогулушуна жараша атайын бөлүнгөн жайга чыгарылып кетет.
  7. Кварталдык өтмөктөрдүн, короо аймактарынын, ишканалардын, уюмдардын, курулуш аянттарынын, соода объекттеринин ички аймактарынан тазаланган карды магистралдардын, көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн транспорт жүрүүчү жол бөлүгүнө чыгарууга же жылдырууга тыюу салынат.
  8. Көчөлөрдү жана магистралдарды кышкы тазалоо. Жолдорду кышкы тазалоого карата айрым технологиялык операциялар боюнча талаптар:
    1. Шаар жолдорунун транспорт өтүүчү бөлүгүн музга каршы инерттүү материалдар менен тазалоо иштери кар жааган учурдан дароо башталууга тийиш.

 
  1. Музга каршы материалдарды бөлүштүрүү үчүн сутка бою нөөмөттө турган бардык машиналар, белгиленген көчөлөргө жана өтмөктөргө иштөө үчүн бекитилет (иштин каттамдык графиктери). Каттам графигинин көчүрмөсү айдоочуга жолдомо барагы менен кошо берилет.
  2. Кар тазалангандан кийин транспорттун кыймылы үчүн көчөлөрдүн өтө коркунучтуу болгон участоктору, тик ылдый түшкөн жана жогору чыккан жолдор, көпүрөлөр, эстакадалар, туннелдер, көчөлөрдүн кесилишиндеги жана коомдук транспорттун аялдамаларындагы тормоздук аянтчалар, темир жол бекеттеринин аянттары ж.б. музга каршы материалдар менен биринчи кезекте тазаланат.
  3. (“Ош шаардык жолдор” муниципалдык ишканасы музга каршы материалдар менен биринчи кезекте тазалоону талап кылган көчөлөрдүн участокторунун тизмегин милдеттүү тартипте түзөт. Тизмек жана каттамдык графиктер жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат.
  4. Карды тазалоо.
  5. Жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүн кардан механизациялык тазалоо жол кыртышынын үстүндө борпоң кар массасы бийиктиги 2,5-3,0 см болгон учурда башталууга тийиш, бул жаңы жааган, таптала элек кардын 5 сантиметрине ылайык келет.

Узакка жааган карда жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүн механизациялык тазалоо цикли жаңы жааган кар 5 сантиметрге жеткен сайын жүргүзүлөт.

  1. Ош шаарынын жолдорун тазалоо боюнча ыйгарым укуктуу мекеме- ишканалар тарабынан тейленген бардык көчөлөрдү жана өтмөктөрдү тазалоо үчүн зарыл болгон убакыт үч сааттан (механизациялык тазалоонун бир цикли) ашпоого тийиш.
  2. Узакка созулган интенсивдүү кар жааган кезде «себүү-тазалоо» технологиялык циклинин убактысы 6 сааттан ашпоого тийиш.
  3. Ош шаарынын жолдорун тазалоо боюнча ыйгарым укуктуу мекеме- ишканалары (“Ош шаардык жолдор” МИ, “Ош – Тазалык” атайын адистештирилген МИ, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” МИ, №21 Жолдорду тейлөө мекемеси) сутканын ичинде үчтөн кем эмес «себүү-тазалоо» толук технологиялык циклин аткарууга тийиш, тактап айтканда, машиналарды күйүүчү майлоочу материалдар менен толтуруу жана айдоочулардын тамактануусу үчүн кыска убакытка (бир сааттан ашпаган) тыныгуулар менен шаардын көчөлөрүндө тазалоочу машиналардын туруктуу иштеши камсыздалууга тийиш.
  4. Тазалоонун кезектеги цикли аяктагандан кийин көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн лотокторунда кар үймөктөрүн топтоо, шаардык жүргүнчүлөр транспортунун аялдамаларында жана жөө жүрүүчүлөрдүн жер үстүндөгү өтмөктөрүндө кар үймөктөрүн тазалоо боюнча жумуштарды аткарууга киришүү зарыл.
  5. Механизациялык тазалоо аяктагандан кийин жолдун транспорт өтүүчү бөлүгү кар тоңгогунан жана муздан толугу менен тазаланууга тийиш.
  6. Кар үймөктөрүнүн топтолушу:

 
  1. Жолдордун транспорт өтүүчү бөлүгүнөн, өтмөктөрдөн жана тротуарлардан тазалануучу кар көчөлөрдүн жана өтмөктөрдүн лоток бөлүгүнө, кар массасын убактылуу жыйып туруу үчүн жылдырылат.
  2. Кар үймөктөрүн төмөндөгүлөрдө топтоого жол берилбейт:

жолдордун жана көчөлөрдүн кесилишинде, бир деңгээлдеги өтмөктөрдө жана темир жол өтмөктөрүнө жакын жерлерде;

транспорттук тосмолор же жогорулатылган бордюрлар менен жабдылган жолдордун участокторунда;

тротуарларда.

  1. Көчөлөрдүн лоток зонасындагы кар үймөктөрүнүн кеңдиги 1,5 метрден ашпоого тийиш. Кар үймөктөрү жүк ташуучу машиналарга жүктөлүүгө даяр болууга тийиш.
  2. Кар үймөктөрүнүн турган убактысы кар жаап бүткөндөн кийин 24 сааттан ашпоого тийиш.
  3. Лотоктордо кар үймөктөрүн топтоодо карды тротуарларга жана көк майсаңдарга чыгарып салууга жол берилбейт.
  4. Бир тараптуу транспорт жүрүүчү көчөлөр жана өтмөктөр, анын ичинде гүл бакчалар, көк майсаңдар жана бетон блоктор менен ажыратылган чоң көчөлөр, эки метрлик лоток зоналары, жолдун транспорт өтүүчү бөлүгү кыш мезгили ичинде дайыма кардан жана муздан борттук ташка чейин шыпырылып, тазаланып турууга тийиш.
  5. Кар үймөгүн сактап туруу жана эриши мүмкүн болгон учурда эриген кар суусун өткөрүү үчүн, ошондой эле жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүнүн эки метрлик лоток алдындагы тилкесине карды ташып чыгаруу боюнча жумуштарды аткаруу убагында үймөктүн жана борттук таштын ортосундагы лотоктун 0,5 метрден кем эмес кеңдиги тазаланууга тийиш.
  6. Кар жааган жана муз каптаган мезгилде тротуарлар жана башка жөө жүрүүчүлөр үчүн өтмөктөр музга каршы материалдар менен тазаланууга тийиш. Ош шаарынын жолдорун тазалоо боюнча ыйгарым укуктуу мекеме- ишканаларына (“Ош шаардык жолдор” МИ, “Ош – Тазалык” атайын адистештирилген МИ, “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” МИ, №21 Жолдорду тейлөө мекемеси), баланс кармоочуларга жана түзүлгөн келишимдерге ылайык көп кабаттуу турак үйлөрдүн алдындагы участокторду тейлөөчү уюмдарга бекитилген тротуарлардын бардык аянттарын тазалоо убактысы кар жаап баштагандан тартып эки сааттан ашпоого тийиш.
  7. Тротуарларды, жөө жүрүүчүлөр үчүн өтмөктөрдү жана эс алуучу аянтчаларды кардан тазалоо иштери (механизациялык шыпыруу жана кол менен тазалоо) кар жаагандан кийин дароо башталат. Узакка созулган калың кар жааган кезде карды тазалоо жана музга каршы инерттик материалдарды себүү цикли 5 сантимер кар жааган сайын кайталанып турууга тийиш.
  8. Кар катуу жааган мезгилде (саатына 1 сантиметрден ашык) тротуарларга жана көпүрөлөрдүн тепкичтерине музга каршы материалдар себилип, жөө жүрүүчүлөр үчүн өтмөктөр тазаланууга тийиш.
  9. Короо аймактарын кышкы тазалоо:

 
  1. Тротуарлар, короо аймактары жана өтмөктөр кардан жана муздан тазаланууга тийиш. Муз (тайгалак) пайда болгон кезде 2-5 мм майда шагыл, кум-туз аралашмасы менен тазаланат.
  2. Короо аймактарынан, ички кварталдык өтмөктөрдөн тазалануучу карды короо аймактарына, транспорт каражаттарынын жана жөө жүрүүчүлөрдүн эркин кыймылына тоскоолдук кылбаган жерлерге үйүп коюуга уруксат берилет.
  3. Карды үйүп жатканда бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол берилбейт. Ички короо аймактарына карды топтоп үйүүдө эриген кардын сууларынын агышы алдын ала каралууга тийиш.


  1. Шаардын аймактарын жаз-жай мезгилинде тазалоонун өзгөчөлүктөрү

  2. Жазгы-жайкы тазалоо мезгили 1-марттан 1-сентябрга чейин белгиленет.
  3. Аба-ырайы кескин өзгөргөн учурда шаардык коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын көрсөтмөсү боюнча жайкы тазалоону жүргүзүү мөөнөттөрү өзгөрүшү мүмкүн. Жаз-жай мезгилинде иштөө үчүн тазалоо техникаларын даярдоо боюнча иш- чаралар Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
  4. Жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүн жууп жатканда суунун шары менен шыпырындыларды тротуарга, көк майсаңдарга, эс алуучу аянтчаларга, шаардык жүргүнчүлөр транспортунун аялдамаларынын павильондоруна, жакын жайгашкан имараттардын фасадына, соода объекттерине жана башкаларга сүрүп таштоого жол берилбейт.
  5. Жалбырактардын түшүү мезгилинде бекитилген аймактарды тазалоого жооптуу уюмдар көчөлөрдүн боюндагы көк майсаңдарга, короо аймактарына түшкөн жалбырактарды шыпырып жыйнап, чыгарууну жүргүзүшөт. Жалбырактарды бактардын жана бадалдардын түбүнө шыпырып салууга жол берилбейт.


  1. Жолдорду жайкы тазалоого карата талаптар (айрым элементтер боюнча)

  2. Жолдун транспорт өтүүчү бөлүгү бардык түрдөгү булганычтардан толугу менен тазаланышы жана жуулушу керек.
  3. Жөнгө салуу линиялары менен белгиленген сызыктар, резервдик тилкелер кумдан жана ар кайсы майда таштандылардан дайыма тазаланып турууга тийиш. Шыпырып-тазалоочу машиналардын иштөө циклдеринин ортосунда пайда болгон булгануунун жол берилген көлөмү жер бетинин 1 чарчы метрине 50 граммдан ашпоого тийиш.

 
  1. Тротуарлар жана жүргүнчүлөр транспортунун аялдамаларынын отуруучу аянтчалары топурактан жана кумдан, ар кандай таштандылардан толук тазаланышы жана жуулушу керек.
  2. Тазалоо циклдеринин ортосунда айрым кум жана майда таштандылар менен көп эмес булганууларга жол берилет.
  3. Ушундай булгануулардын жалпы көлөмү 1 чарчы метрде 15 граммдан ашпоого тийиш.
  4. Жол   жээктери    ири    көлөмдөгү   жана    башка                таштандылардан тазаланууга тийиш.
  5. Темир тосмолор, жол белгилери жана көрсөткүчтөр жуулуп турууга тийиш.
  6. Көк майсаң түрүндөгү ажыратуучу (бөлүүчү) тилкелер таштандыдан тазаланууга тийиш, чөптүн өсүү бийиктиги 15 сантиметрден ашпоого тийиш.


  1. Көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыздоо

  2. Юридикалык жана жеке жактар Ош шаарынын бардык аймактарында, анын ичинде жалпы пайдалануудагы аймактарда жана жеке курулуш аймактарында да тазалыкты жана тартипти сактоого, көрктөндүрүү элементтерин (жолдорду, тротуарларды, чакан архитектуралык формаларды, тышкы жарыктандырууну, ирригация тармактарын) талкалоого жана бузууга жол бербөөгө, ар кандай менчиктеги объекттерге этияттык менен мамиле жасоого тийиш.
  3. Ош шаарынын аймагында белгиленбеген жерлерде тиричилик, курулуш жана медициналык калдыктарды, өндүрүштүк калдыктарды, тараларды, бактардын таарындыларын, жалбырактарды, карды таштоого, топтоого, күйгүзүүгө жол берилбейт.
  4. Көчөлөрдү, аянттарды, сейил бактарды, гүл бакчаларды жана башка коомдук жайларды булгоого тыюу салынат.
  5. Сугат арык жана дренаждык каналдарга таштандыларды шыпырууга жана ыргытууга, аларга саркынды сууларды агызууга тыюу салынат.
  6. Инерттүү материалдарды көк майсаңдарга жана атайын бөлүнгөн жерден тышкары жерге чогултууга тыюу салынат.
  7. Төмөнкү жерлерде түкүрүүгө, чимкирүүгө, семичке чагууга жана башка ушуларга окшош аракеттерди жасоого тыюу салынат:

көчөлөрдө, тротуарларда, аянттарда, сейил бактарда, гүл бакчаларда жана башка коомдук жерлерде;

ведомстволук тийиштүүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан бардык деңгээлдеги билим берүү уюмдарынын, эс алуу уюмдарынын аймактарында;

ведомстволук тийиштүүлүгүнө жана менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо мекемелеринин аймактарында;

базарлардын жана соода комплекстеринин аймактарында; темир жол бекеттеринин жана автобекеттердин аймактарында; автомобилдерге май куючу станцияларынын аймактарында;


 

кинотеатрларда, театрларда, спорттук жайларда жана ареналарда, цирктерде, концерттик залдарда жана башка маданият жана спорт уюмдарында;

китепканаларда, көргөзмө залдарда, аудиторияларда (лекциялык жайларда);

шаардык автобустардын, микроавтобустардын жана коомдук транспорттун салондорунда;

лифттерде;

менчигинин түрүнө карабастан калкка кызмат көрсөтүлүүчү бардык жумуш жайларында;

суу объекттеринин аймактарында;

турак үйлөрдүн подъезддеринде жана ага жанаша аймактарда; мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

ээлеп турган имараттарга жана жайларга жанаша аймактарда.

Эгерде анын аракети гигиеналык эрежелерди сактоо менен бет аарчы, салфетка, жана башка каражаттарды колдонуп, таштанды челекке таштаган учурда ал жак жоопкерчиликке тартылбайт.

  1. Ош шаарынын аймагындагы суусунун нугунан шагылды өзүм билемдик менен иштетүүгө жана ташып чыгарууга тыюу салынат.
  2. Урналарды, көчөнү жарыктандыруучу чырактарды, эстеликтерди, отургучтарды жана башка чакан архитектуралык формаларды жок кылууга же аларга зыян келтирүүгө тыюу салынат.
  3. Ишканалардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин, жеке турак үйлөрдүн, сауналардын, мончолордун мештерине отун катары өндүрүш калдыктарын (тигүү өндүрүшүнүн, автомобиль майларын, лак-сыр материалдарын) желим, каучук, айнек буюмдарын (бөтөлкөлөр, банкалар жана башкалар), резиналарды (автомобиль дөңгөлөктөрү, камералары жана башкалар) өрттөөгө тыюу салынат.
  4. Жеке автотранспорт ээлерине кыш мезгилинде жолдордун жана көчөлөрдүн транспорт өтүүчү бөлүгүн жана өтмөктөрдү транспорттук каражаттарын узак мезгилге кармоого, токтотуу жана жайгаштыруу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
  5. Короо жана ички кварталдык аймактарда жеке автотранспортту бир катарда сактоого же токтотуп коюуга жол берилет, мында тазалоочу жана атайын техниканын тоскоолдуксуз өтүшү камсыздалууга тийиш.
  6. Жүк ташуучу, анын ичинде жеке автоунааларды гараждарда, авто коюучу жайларда же автобазаларда гана сактоого жана токтотуп коюуга жол берилет.
  7. Шаардын аймагында сууну кайра иштетүү тутумдары менен жабдылган жана шаардык саркынды суу түтүктөрүнө кошулган саркынды сууларды алдын ала тазалоочу курулмалар менен жабдылган атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары, шаардын аймагында транспорт каражаттарын жууп- тазалоого тыюу салынат.
  8. Коомдук транспорт жана шаардын автотранспорт чөйрөсүндөгү муниципалдык ишканалар жана уюмдар машиналарды линияга таза жана оң

 

абалда чыгарууга, троллейбустарды, автобустарды жана кичиавтобустарды ар бир рейстен кийин акыркы аялдамаларда нымдуу тазалоону камсыз кылууга милдеттүү.

  1. Топурактарды, таштандыларды, чачылма курулуш материалдарын, жеңил идиштерди, жалбырактарды, бактардын таарындыларын брезент же жолду булгаганга жол бербеген башка материалдар менен жаппай туруп ташууга тыюу салынат.

Соода ишинин бардык субъекттери, ошондой эле жөнөтүүчүлөр (сатуучулар) товарларды, чийки заттарды, тамак-аш азыктарын ж.б. саат 19:00дөн саат 07:00гө чейин жеткирип берүүгө, түшүрүүгө, кабыл алууга тийиш.

  1. Капиталдык эмес объекттердин (автотоктотмолор, бокстук гараждар, ангарлар, көмөкчү кампа курулуштары, курулмалар, соода жана кызмат көрсөтүү объекттери) ээлери бөлүнгөн аймактарды санитардык тазалоого жана жыйноого келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
  2. Металл гараждарынын ээлери бул жумуштарды өз күчү жана каражаттарынын эсебинен уюштурууга тийиш.
  3. Ар кандай багыттагы объекттерди көк майсаңдарда, гүлзарларда, балдар аянтчаларында, сугат жана ирригациялык жана дренаждык тармактарда, инженердик инфраструктура тармактарында жана курулмаларында, анын ичинде бул тармактардын жана курулмалардын коопсуздук зоналарына ар кандай багыттагы обьекттерди жайгаштырууга, ошондой эле, ирригациялык тармактардын агызууларын кысып коё турган түтүктөрдү төшөөгө (салууга) тыюу салынат.
  4. Соода жүргүзүү үчүн арналган объекттерди, автомобилдерди сактоо үчүн арналган убактылуу объекттерди (металл тенттер, бастырмалар, гараждар ж.б.) жана көмөкчү курулуштарды, тосмолорду белгиленген тартипте уруксат алуусуз өзүм билемдик менен орнотууга тыюу салынат.
  5. Үй жаныбарларын (иттерди, мышыктарды ж.б.) сейилдетүү бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда (аянтчаларда) жүргүзүлөт. Иттер тумшук кабы жана кыска жетелөөчү жиби менен болууга тийиш.
  6. Шаардын чектериндеги көк майсаңдарда, гүл бакчаларда, токойлордо, суулардын жана көлмөлөрдүн жайылмаларында үй жана айыл чарба малдарын жаюуга тыюу салынат.
  7. Менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жетекчилери, кызматкерлери, жарандар бекитилген жана жанаша жайгашкан аймактарда Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча иш-чараларга катышууга милдеттүү.
  8. Фасаддарды күтүү.
  9. Имараттар жана курулмалар балансында турган ишканалардын жана уюмдардын жетекчилери, жеке турак үй ээлери, көп батирлүү турак үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери фасаддарды, ошондой эле айрым элементтерди (балкондорду, лоджияларды, суу агуучу түтүктөрдү, тосмолорду, металл дарбазаларды ж.б.) реставрациялоо, оңдоо жана сырдоо

 

боюнча жумуштарды өз убагында жүргүзүүнү камсыздоого, маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелерине жана имараттардын, курулмалардын фасаддардын тышкы көрүнүшүнө карата талаптарга ылайык, Ош шаарынын аймагындагы фасаддарда жайгаштырылган маалыматтык тактайчаларды, эскертүү такталарын ж.б.у.с. таза жана оң абалда күтүүгө милдеттүү.

  1. Имараттардын фасаддарын жана алардын конструкциялык элементтерин өзүм билемдик менен кайра жабдууга тыюу салынат.
  2. Турак жай, административдик, өндүрүштүк жана коомдук имараттар көрнөктөр менен, ал эми турак жай имараттары, мындан тышкары подъездердин жана батирлердин номерлерин көрсөтүүчү белгилер менен жабдылышы керек. Аншлагдар таза жана оң абалда болууга тийиш. Алардын тазалыгына жана оң абалда болушуна имараттардын баланс кармоочулары жооптуу.
  3. Кыш мезгилинде имараттардын баланс кармоочулары (ижарачылары) тарабынан имараттардын чатырларын кардан, муздан жана салаңдап турган муздардан өз убагында тазалоо уюштурулууга тийиш.
  4. Имараттардын чатырларынын жөө жүрүүчүлөр зонасына чыккан тарабын муздардан жана салаңдап турган муздардан тазалоо, алардын пайда болуусуна жараша кооптуу участокторго алдын ала тосмолорду орнотуу менен дароо жүргүзүлүүгө тийиш.
  5. Тышкы суу тосмосу бар чатырлар кардын 30 см ашык калың топтолушуна жол берилбестен, мезгил-мезгили менен тазаланууга тийиш.
  6. Имараттардын көчө тарапка караган чатырларынын үстүн кардан, муздан, аларды тротуарларга ыргытуу менен тазалоого сутканын жарык мезгилинде гана жол берилет. Чатырлардын калган тараптарындагы, ошондой эле түз чатырлардагы карлар короо аймагынын ички тарабына түшүрүлүүгө тийиш.
  7. Карды түшүрүүнүн алдында тургундардын өтүүсүнүн жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу коргоо иш- чараларын өткөрүү зарыл. Имараттардын чатырынан түшүрүлгөн кар жана салаңдап турган муздар жолдун транспорт өтүүчү бөлүгүнөн дароо алынат жана көчөнүн транспорт өтүүчү бөлүгүн тазалоочу уюм (келишим боюнча) тарабынан андан ары ташып чыгаруу үчүн лотокту бойлото жайгаштырылат.
  8. Карды, музду жана таштандыларды дренаждык түтүктөргө таштоого тыюу салынат. Чатырлардан карды түшүрүү учурунда бактардын, бадалдардын, көчө электр жарыктандыруучу аба линияларынын, кермелердин, маалымат жана жарнама конструкцияларынын, светофордук объекттердин, жол белгилеринин, байланыш линияларынын ж.б. толугу менен сакталышын камсыздоочу чараларды көрүү зарыл.
  9. Төлөм терминалдары жана банкоматтар.
  10. Төлөм терминалдарын жана банкоматтарды күтүүдө алардын оң абалда болушу жана бузууларды өз убагында жоюу үчүн жоопкерчилик (сынган айнектерди алмаштыруу, бөтөн жазууларды өчүрүү, тазалоо, сырдоо ж.б.) алардын баланс кармоочуларына жүктөлөт.

 
  1. Төлөм терминалдарына жана банкоматтарга 5 метр радиуста жанаша жайгашкан аймактардын абалы үчүн жоопкерчилик ал төлөм терминалдары жана банкоматтар жайгашкан аймактагы ведомстволорго, уюмдарга, ишканаларга, башка чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана көрсөтүлгөн объекттердин баланс кармоочуларына жүктөлөт.
  2. Курулуш объекттери
  3. Курулуш аянттарын жайгаштыруу жана күтүү, курулуш жана оңдоо жумуштары аяктагандан кийин көрктөндүрүүнү калыбына келтирүү ушул Эрежелер менен регламенттелет.
  4. Курулуш аянтчалары, курулуш материалдар өнөр жайынын объекттери (темир бетон буюмдар заводдору, аралашма түйүндөрү ж.б.) милдеттүү түрдө автотранспорттун дөңгөлөктөрүн тазалоочу (жуучу) пункттар менен жабдылууга тийиш. Шаар аймагына автотранспорттун дөңгөлөктөрү менен топуракты жана ылайды алып чыгууга тыюу салынат.
  5. Курулуш, реконструкция жана оңдоо объектисинин чегинен он беш метрлик зонанын чегиндеги аймактарды тазалоо жана күтүү үчүн жоопкерчилик тапшырыкчыга жана башкы подряддык уюмга жүктөлөт.
  6. Курулуш аянтчасында курулуш өндүрүшүнүн таштандыларын жана калдыктарын топтоо үчүн, курулушту уюштуруу долбооруна ылайык, атайын бөлүнгөн жерлер жабдылууга же бункер-топтогуч орнотулууга тийиш.
  7. Курулуш материалдарын жана буюмдарын топтоого тосулган курулуш аянтчасынын чегинде гана жол берилет. Курулуш өндүрүшүнүн таштандыларын, топурактарын жана калдыктарын атайын бөлүнгөн жерлерден тышкары топтоого тыюу салынат.
  8. Курулуш аянтчаларынын тосмолору белгиленген ченемдерге ылайык көрүнүшкө ээ болушу, булганычтардан тазаланышы, жуулушу керек, долбоордо каралбаган ачык жерлери, доо келтирилген участоктору, бөтөн жабыштырылган нерселери, кулактандыруулары жана жазмалары болбошу керек; курулуш аянтчаларынын тосмолоруна периметри боюнча жарыктандыруу орнотулууга тийиш.
  9. Жолдун транспорт жүргөн бөлүгүнө, тротуарларга, көк майсаңдарда жана ирригация тармактарында курулуш аянтчаларынын тосмолорун орнотууга тыюу салынат.
  10. Курулушу токтотулуп коюлган объекттерди (узак мөөнөттүү курулуштар) күтүү үчүн жоопкерчилик баланс кармоочуга (тапшырыкчы- куруучуга) жүктөлөт.
  11. Курулуштун тапшырыкчысы жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жана Ош шаарынын мэриясынын жол-транспорттук инфратүзүм чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен жашылдандыруунун жана сугат долбоорлорун (арык иррригация тармагы, тамчылатып сугаруу, шаардык суу жабдуусуна кошулбаган) макулдашууга, аймактарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жана аларды талаптагыдай тартипке келтирүү боюнча долбоордо каралган бардык жумуштарды аткаруу менен объектти эксплуатациялоого тапшырууну камсыздоого милдеттүү. Бул талап сакталбаган учурда, жашылдандыруу

 

чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жумуштарды курулуштун тапшырыкчысы менен макулдашуусуз өз алдынча жүргүзөт жана аткарылган жумуштар үчүн акыларды төлөө үчүн курулуш тапшырыкчысына эсептерди берет.

  1. Көркөм жасалгалоо жана жарнама
  2. Жарнама конструкциялары Ош шаарынын аймагында маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу, эксплуатациялоо эрежелеринин талаптарына жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптарга ылайык жайгаштырылууга жана тазалыкта сакталууга тийиш, талаптагыдай эстетикалык көрүнүшкө ээ болууга, сутканын караңгы мезгилинде жарыктандырылууга тийиш.
  3. Тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуусуз жана жарнаманы жана жарнама конструкцияларын Тышкы жарнаманын реестрине киргизүүсүз Ош шаарынын аймагында тышкы жарнаманы, маалымат жана жарнама конструкцияларын таркатууга, жайгаштырууга жана пайдаланууга тыюу салынат.
  4. Уруксат берүүчү документтер таризделген юридикалык жана жеке жактар тышкы жарнаманы күтүү үчүн жоопкерчиликти тартышат.
  5. Жарнама конструкциясы монтаждалгандан (демонтаждалгандан) кийин жарнама конструкциясынын ээси аймактын же жайгаштырылган объекттин көрктөндүрүлүшүн 3 суткадан ашпаган мөөнөттө калыбына келтирүүгө тийиш.
  6. Маалымат жана жарнама конструкцияларындагы сүрөттөрдү (плакаттарды) автотранспорт менен көк майсаңга кирип баруу менен алмаштырууга тыюу салынат.
  7. Имараттарга, дубалдарга, шаардык жүргүнчүлөр транспортунун аялдамаларына, жарыктандыруу таянычтарына, троллейбус линияларынын таянычтарына, коммуникациялык тармактарды үзгүлтүксүз камсыздаган шкафтарга жана бөлүштүрүү щиттерине, бактарга ар кандай кулактандырууларды же башка маалыматтык билдирүүлөрдү жабыштырууга жана илүүгө тыюу салынат.
  8. Өзүм билемдик менен жайгаштырылган маалыматтык, жарнамалык жана башка кулактандырууларды, жазмаларды жана сүрөттөрдү бардык объекттерден (имараттардын жана курулмалардын, дүкөндөрдүн фасаддарынан, байланыш тармактарынан жана тышкы жарыктандыруу таянычтарынан ж.б.) алып салуу боюнча жумуштарды жарнама берүүчүлөрдүн жана жарнама таратуучулардын каражаттарынын эсебинен уюштуруу ведомстволук таандыктуулугуна карабастан, көрсөтүлгөн объекттердин баланс кармоочуларына же ижарачыларына жүктөлөт.
  9. Шаардын аймагында борборлоштурулган майрамдык жасалгаларды жайгаштыруу жана алып салуу Ош шаарынын мэриясы тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү, таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү, тышкы

 

жарыктандыруу жана жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

  1. Майрамдык жасалгаларды жайгаштыруу жана күтүү үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

имараттардын фасаддарына мамлекеттик желектерди, Ош шаарынын желектерин жайгаштыруу, фасаддарды жана витриналарды майрамдык жасалгалоо - мекеме, иш каналарга, имараттардын баланс кармоочуларына жана ижарачыларына;

шаардын аймагындагы, анын ичинде өзгөчө шаардык маанидеги зонадагы администрациялык имараттарды, чоң көчөлөрдү жана ички көчөлөрдү майрамдык жасалгалоо - шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органына, жарнама чөйрөсүндөгү, таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү чөйрөсүндөгү, тышкы жарыктандыруу жана жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарына.

  1. Шаардын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жана бирдиктүү дизайнды сактоону эске алуу менен тышкы жарнама объекттерин жайгаштырууну координациялоо жана тартипке келтирүү, жарнама чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жана шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органына жүктөлөт.
  2. Жарнама чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан тышкы жарнама жана жарнама конструкцияларынын реестри жүргүзүлөт.
  3. Тышкы жарыктандыруу.
  4. Көчөлөрдү, гүл бакчаларды, аянттарды, имараттарга жана курулмаларга жанаша жайгашкан аймактарды тышкы жарыктандыруу тармактарын эксплуатациялоону жана оңдоону алар балансында турган адистештирилген ишканалар, юридикалык жактар жүргүзөт. Муниципалдык менчикте турган тышкы жарыктандыруу тармактары Ош шаарынын мэриясынын тышкы жарыктандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан тейленет.
  5. Жарыктандыруу тармактарынын элементтерин эксплуатациялоо эрежелери, оңдоонун жана алмаштыруунун мөөнөттөрү, көлөмдөрү Электр орнотмолорун орнотуу эрежелери жана башка ченемдик документтер менен регламенттелет.
  6. Жаңы объекттерди курууга архитектуралык-шаар куруу корутундуларын берүүдө жана долбоорлоо документтерин макулдашууда шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органы чектердин так чегин көрсөтүү менен бөлүнгөн аймакты камтууну жана жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүүнү эске алуу менен (жашылдандыруу, сугаруу, брусчатка же асфальт төшөө) тышкы жарыктандыруунун аткарылышын кароого тийиш.
  7. Көчөнү жарыктандыруу түзүлүштөрү борборлоштурулган аралыктан башкаруу же теле башкаруу менен жабдылышы керек, мында жарыктандыруу абалын контролдоо алдын ала каралууга тийиш.

 
  1. Көчөлөрдөгү, жолдордогу, аянттардагы, кичи райондордун аймактарындагы жана башка жарыктандырылуучу объекттердеги тышкы жарыктандырууну күйгүзүү жана аны өчүрүү, аба-ырайынын шарттарынын өзгөрүшүнө жараша оңдоолорду эске алуу менен тышкы жарыктандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан иштелип чыккан жана Ош шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген графиктерге ылайык жүргүзүлөт.
  2. Үйлөрдүн номер белгилерин жана көчөлөрдүн көрсөткүчтөрүн, ошондой эле архитектуралык-көркөм жарыктандыруу тутумдарын күйгүзүү жана өчүрүү көчөлөрдүн тышкы жарыктандыруусунун иштөө режиминде жарыктандыруу приборлорунун баланс кармоочулары тарабынан жүргүзүлөт.
  3. Көчө жарыктарын жана тышкы жарыктандыруунун калган түрлөрүн борборлоштурулган башкаруу, эгер бул алар үчүн каралган болсо, башкаруунун негизги пункту иштен чыккан учурда, жарыкты чектелген жерлерден күйгүзүү жана өчүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
  4. Чоң көчөлөр үчүн түнкү убакта чырактардын бөлүгүн өчүрүү мүмкүнчүлүгү каралышы керек. Негизги аянттарда жана көчөлөрдө, транспорттук туннелдерде өчүрүлгөн чырактардын саны 5 пайыздан ашпоого тийиш, мында жанында турган чырактарды өчүрбөө шарты сакталышы керек.
  5. Жер астындагы жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрүндөгү иштебей турган чырактардын саны күндүзгү жана түнкү режимде иштеген чырактардын 10 пайызынан ашпоого тийиш. Эгерде өтмөккө тартылган лампалардын саны 20дан аз болсо, бир чырактын иштебей калышына жол берилет.
  6. Тышкы жарыктандыруунун жана байланыш тармактарынын металл таянычтары, кронштейндери жана башка орнотмо элементтери тазалыкта кармалып, коррозияга учурабашы жана зарылдыгына жараша, бирок үч жылда бир жолудан кем эмес баланс кармоочулар тарабынан сырдалып турууга тийиш (сырдын түсү шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылат).
  7. Сымапты (ЖСЛ, ЖСЧ, ЖНТ, люминесценттик ж.б.) камтыган, иштен чыккан газразряддык чырактар, бул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда сакталууга жана шаардык таштанды полигонуна утилизациялоо үчүн ташылып чыгарылууга тийиш.
  8. Негизги көчөлөдөн электрификацияланган транспорттун жарыктандыруу жана байланыш тармагынын курап калган таянычтарын өчүрүү жана ташып чыгаруу мамычанын (таянычтардын) ээлери тарабынан кечиктирбестен жүзөгө ашырылат. Калган аймактардагы демонтаждалган жана кулаган таянычтар - алар байкалган (демонтаж) убактан тартып бир сутканын ичинде чыгарылат.
  9. Жолдордун, аянттардын, тротуарлардын жана бак-дарактардын, ирригациялык тармактардын жана тышкы көрктөндүрүү элементтеринин сакталышы.
  10. Шаардык жолдор, алардын курамына кирген бардык курулмалары менен (көпүрөлөр, түтүктөр, автотранспорттук курулмалар) шаардын жол фондун түзүшөт.

 
  1. Шаардык жолдордун бардык пайдалануучулары жана жолдорду көзөмөлдөөчү уюмдар ушул Эрежелердин талаптарын сактоого милдеттүү.
  2. Ички иштер органдары жана жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жолдордун сакталышын камсыздоого көзөмөл жүргүзөт жана Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарына жолдордун, тышкы көрктөндүрүү жана жашыл чарба элементтеринин сакталышын камсыздоого көмөк көрсөтөт.
  3. Курулуш уюмдары курулуш башталганга чейин таштандыларды ташып чыгаруу жана көрктөндүрүү боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы же таштанды чыгаруу боюнча башка адистештирилген ишкана менен таштанды чыгарууга келишим түзүүгө жана курулуш зонасында жайгашкан шаардык жолдордун, тротуарлардын, жол курулмаларынын, бак-дарактардын, ирригациялык тармактардын сакталышын, ошондой эле курулуш иштерин жүргүзүү процессинин натыйжасында жабыркаган көрктөндүрүү жана жашылдандыруу элементтерин толугу менен калыбына келтирилишин камсыздоого милдеттүү.
  4. Карамагында жер алдындагы инженердик коммуникациялары бар адистештирилген уюмдар, юридикалык жана жеке жактар тротуарларда, жолдун транспорт өтүүчү бөлүктөрүндө жана башка аймактарда жайгашкан люктардын, кудуктардын капкактары жол кыртышынын деңгээлинде болушун, оң абалда жана жабык турушун текшерип турууга милдеттүү. Алар бузулган же жабыркаган учурда, бул жер алдындагы коммуникациялар карамагында болгон адистештирилген уюмдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан бир сутканын ичинде дароо тосмолонууга жана оңдолууга тийиш.

Люктун деңгээлинин төмөндөшү жол кыртышы реаблитациялангандан жана оңдолгондон кийин болгон учурда люкту жол кыртышынын деңгээлине көтөрүү үчүн жоопкерчилик жолдун же тротуардын баланс кармоочусуна жүктөлөт.

  1. Жол кыртышын, көчөлөрдү, жолдорду, тротуарларды реконструкциялоо, реабилитациялоо боюнча жумуштар аяктагандан кийин жумуштарды жүргүзүүчү инженердик коммуникацияларга коюлган кудуктарды казып чыгарууга жана аларды жол кыртышынын деңгээлинде коюуга милдеттүү.
  2. Инженердик коммуникацияларда авариялык кырдаал пайда болгон жана аны кечиктирбестен жоюу зарыл болгон учурда бузулган аймакты көрктөндүрүүнү милдеттүү түрдө аткаруу жана жер казуу жумуштарын жүргүзүүгө ордер берүү боюнча ыйгарым укуктуу органга кепилдик кат берүү менен адистештирилген уюм тарабынан ордерди тариздөөсүз жумуштарды аткарууга жол берилет. Аварияларды жоюу боюнча жумуштар 24 сааттан ашык жүргүзүлгөн учурда жүргүзүүчү жумуштарды токтотпостон, белгиленген тартипте жумуштарды жүргүзүүгө ордер алууга милдеттүү, башка учурларда ордерди тариздебестен муниципалдык жана айылдык аймактарда инженердик коммуникацияларды куруу, оңдоо, реконструкциялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүгө жол берилбейт.

 
  1. Аварияларды жоюу боюнча жумуштар эксплуатациялоочу уюмдарга, ошондой эле инженердик тармактардын жана курулмалардын бузулуусуна күнөөлүү болгон юридикалык же жеке жактарга жүктөлөт.
  2. Шаардын негизиги көчөлөүндө жол-оңдоо жумуштарын жүргүзүүдө асфальттын сыныктарын ташып чыгаруу жумуш жүргүзүп жаткан уюмдар тарабынан дароо (жумуштардын жүрүшүндө) жүргүзүлөт, ал эми калган көчөлөрдө жана короолордо сутка ичинде жүргүзүлөт. Асфальт-бетон калдыктарын көк майсаңдарга же бак-дарактары бар участокторго чогултууга тыюу салынат.
  3. Жумуштар бүткөндөн кийин жолдун транспорт өтүүчү бөлүктөрүнө жана тротуарларга, көк майсаңдарга топуракты жана курулуш таштандыларын калтырып кетүүгө тыюу салынат.
  4. Инженердик тармактарды төшөөдө жана инженердик тармактарда авариялык кырдаалдарды жоюуда 50 см калыңдыктагы кыртышын үстүнкү катмардын майдаланган таш-кум аралашмасынан кабат-кабат таптоо (ныктоо) менен эки катмарга толтурууну жана асфальт-бетон жабуусун тиешелүү жүк менен эки катмарда калыбына келтирүү зарыл.
  5. Жол белгилери, тосмолор, жол сызык белгиси, светофор чарбасы.
  6. Автомобиль жолдору жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте иштелип чыккан жана бекитилген дислокацияга ылайык светофор объекттери, жол белгилери, тосмолор, жол сызык белгилери менен жабдылууга тийиш.
  7. Жол белгилерин күтүү, оңдоо, ошондой эле коюла элек жол белгилерин орнотуу боюнча иштер эксплуатациялоочу уюмдар жана баланс кармоочулар, анын ичинде АМКСнын, автотоктотмолордун ээлери жана башка ведомстволук уюмдар тарабынан жыл ичинде аткарылып турат.
  8. Жол белгилеринин техникалык абалы ченемдик талаптарга жооп бериши керек: белгилердин үстүңкү катмары таза, бузулбаган болууга тийиш.
  9. Жол белгилери бекитилген таянычтар эксплуатациялоочу уюм же баланс кармоочу тарабынан сырдалууга тийиш.
  10. Эксплуатациялоонун ченемдик мөөнөтү аяктагандан кийин жол белгилери эксплуатациялоочу уюм же баланс кармоочу тарабынан алмаштырылууга тийиш.
  11. Убактылуу орнотулган белгилер, аларды коюунун зарылчылыгын пайда кылган себептер четтетилгенден кийин, сутканын ичинде алып салынууга тийиш.
  12. Светофордун айрым бөлүктөрүндө же анын бекемдөө элементтеринде көрүнөө бузулган, сынган жана металл элементтери коррозияга учураган абалда болбошу керек.

Таркаткычтын (диффузор) сыныктары жана жаракалары болбошу керек.

Таркаткычтарга чапталуучу символдор 50 метрден кем эмес, ал эми светофордун сигналы 100 метр аралыктан көрүнүүгө тийиш.

  1. Керектен чыккан жарыктандыруу булагын алмаштыруу анын бузук экени байкалгандан тартып 72 сааттын ичинде жүргүзүлүүгө тийиш.

 
  1. Көчөнүн кыймылы үчүн коркунучтуу, анын ичинде көпүрө жана өтмөктөр боюнча өтүүчү участоктор тосмолор менен жабдылууга тийиш.
  2. Жөө жүрүүчүлөр өтмөктөрү тосмолор, тийиштүү жол белгилери жана жол сызык белгилери менен жабдылууга тийиш.
  3. Тосмолордун бузулган элементтери, анын бузук экени байкалгандан тартып бир сутканын ичинде Ош шаарынын мэриясынын таштандыларды ташып чыгаруу боюнча ыйгарым укуктуу органы жана тосмолордун баланс кармоочулары тарабынан калыбына келтирилүүгө же алмаштырылууга тийиш.
  4. Жол сызык белги жыл сайын жаңыланып турууга тийиш.
  5. Маалыматтык көрсөткүчтөр, чакырым белгилери, парапеттер ж.б. азыркы мамлекеттик стандарттарга ылайык сырдалып, жуулуп, булгануулардан тазаланып турууга тийиш.
  6. Көрсөткүчтөрдөгү (белгилердеги) бардык жазуулар даана айырмаланып турууга тийиш.
  7. Ташталган автотранспорт.
  8. Шаардын аймагында ташталган транспортту аныктоону Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы, жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле шаардык мекеме, ишканалардын тийиштүү бөлүмдөрү тарабынан жүзөгө ашырылат.
  9. Ташталган транспортту аныктоо, эсепке алуу жана эвакуациялоо боюнча иштерди уюштуруу жоопкерчилиги муниципалдык администрацияларга, Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына, аймактын баланс кармоочуларына жана үй ээлерине, жер участокторунун ижарачыларына жүктөлөт.
  10. Ээси жок экендиги жөнүндө жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын корутундусу бар транспорттук каражат, беш күн ичинде утилизациялоо үчүн ташып чыгарылууга, ал эми металл эмес комплекттерге ажыратуу зарыл болгон учурда – сактоо аянтчаларына ташып чыгарылууга тийиш. Сактоо аянтчаларында транспорттук каражатты чачуу жана утилизациялоого ташып чыгаруу убактысы 7 суткадан ашпоого тийиш.
  11. Ташталган транспорттук каражаттын ээси аныкталган учурда, жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган 3 сутканын ичинде транспорт ээсине транспорттук каражатты алып чыгуу же тартипке келтирүү зарылчылыгы жөнүндө билдирүү жөнөтүүгө, ал эми ал баш тарткан учурда - транспортту эвакуациялоо жана сактоо боюнча сарптоолордун наркын толтуруу жөнүндө ишти сотко андан ары өткөрүп берүү менен транспортту күзөткө алынган аянтчага чыгарып кетүүнү камсыздоого милдеттүү.
  12. Ташталган автотранспорттук каражаттардын эвакуацияланышын контролдоо жол кыймылы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жүзөгө ашырылат.
  13. Фонтандар.
  14. Фонтандардын абалы жана аларды эксплуатациялоо үчүн жоопкерчилик баланс кармоочуларга жүктөлөт.

 
  1. Фонтандарды иштетүүнүн мөөнөттөрү, алардын иштөө режимдери, жабдыктарын жуу жана тазалоо графиги, технологиялык тыныгуулар жана жумуштардын аякташы Ош шаарынын мэриясы тарабынан аныкталат.
  2. Фонтандардын иштөө мезгилинде суу үстүндөгү таштандыларды тазалоо, зарылчылыгына жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Баланс кармоочу фонтандарды өчүрүлгөн мезгилинде да таза кармоого милдеттүү.
  3. Ирригациялык тармактардын сакталышы.
  4. Бардык ирригация тармактары: каналдар, таркатуучу жана майда ирригация тармактары, гидротехникалык курулмалар, сугаруучу суу түтүктөр тутуму жана жамгыр дренаждык тармак, курама коллекторлор, жасалма көлмөлөр, көчөлөрдө, сейил бактарда жана турак үйлөрдө жайгашкан ордуна карабастан шаардык ирригация чарбасы болуп эсептелет.
  5. Ирригациялык тармактардын сакталышы үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
    • бөлүштүрүлүүчү каналдар жана өткөрүүчү ирригациялык тармактар, ачык жана жабык типтеги кургатуучу коллектордук-дренаждык тармактар, Ак-Буура дарыясынын жана шаар ичиндеги каналдардын жээк бекемдөөчү дамбалары, гүл бакчалардагы, бульварлардагы жана көчөлөрдөгү, сугат суу түтүктөрү тутумундагы бөлүштүрүүчү ирригациялык тармактар боюнча –суу чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына;
    • муниципалдык жана айылдык аймактар ичиндеги ирригациялык тармактар – муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарга, турак жай ээлеринин шериктештиктерине, ошондой эле көп батирлүү үйлөрдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлери менен түзүлгөн үй тургундарынын жалпы мүлкүн тейлөөгө жана күтүүгө карата келишимдерге ылайык турак жай-эксплуатациялык уюмдарга;
    • жеке курулуш конуштарынын ичиндеги ирригациялык тармактар – муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарга, кварталдык, үй комитеттерине жана үй курулуштарынын ээлерине;
    • менчиктин бардык түрүндөгү ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин аймагындагы ирригациялык тармактар – алардын жетекчилерине.
  6. Коллектордук-дренаждык тармактардын сакталышы жана өз убагында тазаланышы үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
    • муниципалдык менчикте турган аймактар боюнча өтүүчү бардык коллектордук-дренаждык тармактар - Ош шаарынын мэриясынын суу чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына;
    • жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга же жеке менчигине өткөрүлүп берилген жер участоктору боюнча өтүүчү коллектордук- дренаждык тармактар– ошол жеке жана юридикалык жактарга.
  7. Кыртыштык жана жаан сууларынын талаптагыдай агышын камсыздоого мүмкүндүк берген шаар аймагы боюнча өтүүчү курама коллекторлор жана коллектордук-дренаждык тармактар (ачык жана жабык), жайгашкан жерине карабастан үзгүлтүксүз тазаланып жана талаптагыдай абалда күтүлүп турууга тийиш.

 
  1. Төмөнкүлөргө тыюу салынат:

коллектордук-дренаждык тармактарга таштандыларды, өндүрүш жана керектөө калдыктарын таштоого;

дааратканалардан, мончолордон жана башка объекттерден коллектордук- дренаждык тармактарга канализациялык агындыларын кошууга;

коллектордук-дренаждык тармактарга жүндөрдү жууганга жана терилерди чылоого;

коллектордук-дренаждык тармактарда, ошондой эле коллектордук- дренаждык тармактардын санитардык коргоо зоналарында малдарды, үй канаттууларын жаюуга, балык жана башка жандыктарды багууга;

белгиленген тартипте бөлүнүп берилген жер участогунун чегинен тышкары коллектордук-дренаждык тармактарда тосмолорду курууга жана орнотууга;

коллектордук-дренаждык тармактарда, ошондой эле коллектордук- дренаждык тармактардын санитардык коргоо зоналарында ар кайсы багыттагы объекттерди курууга.

  1. Коллектордук-дренаждык тармактардын санитардык коргоо зоналары КЧжЭнин № 2.06.03-85 3.77-пунктуна ылайык коллектордук-дренаждык тармактын ар бир тарабынан 7 метр аралыкта орнотулат. Тар болгон шарттарда коргоо зонасы коллектордук-дренаждык тармактын бир тарабына орнотулат.
  2. Аймагында коллектордук-дренаждык тармак өтүүчү жеке жана юридикалык жактар, аймактарды, турак үйлөрдү жана чарба жүргүзүүчү объекттерди суу каптоо коркунучу пайда болгон учурда, коллектордук- дренаждык тармактарды тазалоо боюнча жумуштарды өз алдынча уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болгондо, тийиштүү жумуштарды аткаруу үчүн коллектордук-дренаждык тармактарга Ош шаарынын мэриясынын суу чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын адистештирилген техникасынын киришин жана кызматкерлеринин жеткиликтүү болушун камсыздоого тийиш.
  3. Коллектордук-дренаждык тармактардын санитардык коргоо зоналарында жайгашкан жана ушул эреже бекитилгенге чейин эксплуатацияга киргизилген объекттердин ээлери, жанаша жайгашкан, бекитилген, бөлүнүп берилген аймактарда коллектордук-дренаждык тармактарды тазалоону жана күтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
  4. Коллектордук-дренаждык тармактарда, ошондой эле коллектордук- дренаждык тармактардын санитардык коргоо зоналарында зарыл болгон уруксат документтери жок жайгаштырылган объекттер бузулууга жатат.
  5. Жаңы коллектордук-дренаждык тармактарды куруу жана иштеп жаткандарын реконструкциялоо суу чарба чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу орган менен белгиленген тартипте макулдашылууга тийиш.
  6. Чакан архитектуралык формалар.
  7. Шаар аймагындагы коомдук пайдалануудагы жайларга чакан архитектуралык формаларды, монументалдык-декоративдик жасалгалоо элементтерин,отургучтарды,коммуналдык-тиричиликжанатехникалык

 

жабдууларды, мобилдик жана тигинен жашылдандыруу жасалгасы үчүн түзүлүштөрдү курууга жана орнотууга шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жана аймактын баланс кармоочусу менен макулдашуу боюнча гана жол берилет.

  1. Чакан архитектуралык формалардын, монументалдык-декоративдик искусство элементтеринин конструктивдүү чечимдери, алардын туруктуулугун жана пайдалануу коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
  2. Отургучтар катуу кыртышка же пайдубалга орнотулушу керек. Эс алуу зоналарында, токой бактарында, балдар аянтчаларында отургучтарды жумшак кыртышка орнотууга жол берилет. Пайдубалы бар болгон учурда, анын бөлүктөрү жер кыртышынан чыкпоого тийиш.
  3. Чакан архитектуралык формалар, бакча-сейил бак эмереги оң абалда болууга, жууп-тазаланууга жана жыл сайын 1-майга чейин сырдалууга тийиш.
  4. Чакан архитектуралык формаларды күтүү баланс кармоочулар тарабынан жүзөгө ашырылат.
  5. Жазында чакан архитектуралык формалар тыкандык менен каралып чыгат, сынган тактайчалар жана тирөөчтөр жаңылар менен алмаштырылат. Эски тактайчалар боёкторунан, металл тетиктери – даттарынан жана эски боёктордон тазаланат, андан кийин алар тазалоочу каражаттарды колдонуу менен жуулуп, чүпүрөк менен кургата аарчылат. Кургаган конструкциялар бирдей калыпта чачуучу пистолеттин жардамы менен сырдалып, металлдар кол менен сырдалат.
  6. Гүл вазондорун жана урналар жазында сыртынан (урналарды ичинен да) жуулат, эски кыртыштан тазаланат, нитросыр менен кол же компрессордук орнотмонун тапанча-чачкычынын жардамы менен сырдалат, андан кийин ордуна коюлат.
  7. Гүл вазондорун жана урналарды дайыма жакшы тышкы көрүнүштө жана санитардык-гигиеналык абалда күтүү үчүн төмөнкүлөр зарыл:

гүл вазондорун жана урналардын сынгандарын өз убагында алып салуу жана бузулган бөлүктөрүн оңдоп туруу;

сырткы жактарын нымдуу чүпүрөк менен тактарын жана кирлерин кетире сүртүү;

кокусунан пайда болгон таштандыларды, гүлдөп бүткөн сабактарын же гүлдөрүн, куураган жалбырактарды жыйноо жана алып салуу.

  1. Жайкы мезгилде чакан архитектуралык формалардын бардыгы дайыма кароодон өткөрүлүп турат, аларды өз убагында оңдоо жана алып салуу, ошондой эле жуугуч каражаттарды колдонуу менен бир нече ирет жууп- тазалоо иштери жүргүзүлүп турат.
  2. Спорт аянтчаларын, балдар аянтчаларын, ареналарды ж.б. жасалгалоо үчүн колдонулуучу чакан архитектуралык формаларга өзгөчө көңүл бурулууга тийиш. Алар дайыма оң абалда болууга, бардык курамдары бири-бирине бекем жана ишенимдүү бириктирилип турууга тийиш.
  3. Жашылдандырылган аймактагы чырактарга электр энергиясын берип турган кабелдер адистештирилген уюм тарабынан дайыма контролго алынууга муктаж болот.

 
  1. Сөңгөктүк тосмолорду (металл же чоюн торлорун) мезгил-мезгили менен көтөрүп, оңдоп, эски катмарын тазалап жана сырдап туруу керек.
  2. Жашылдандырылган аймактардагы декоративдүү сейил бак скульптурасы, монументалдык скульптура, беседкалар, бастырмалар, трельяждар оң жана таза абалда болууга тийиш.
  3. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир айлык мөөнөттө чакан архитектуралык формаларга архитектуралык-техникалык корутунду берилет.
  4. Аялдамаларды уюштурууда жана орнотууда колдонуудагы КЧжЭ жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын төмөнкү талаптарын жетекчиликке алуу керек, ошондой эле,

Платформага (аянтчага) тоскоолдуксуз жетүүнү милдеттүү түрдө сактоо: платформанын вертикалдуу белгилери менен чектеш транзиттик каттамдын айырмасы болгон учурда уруксат берилген маанилердин чегинде пандустарды жана тепкичтерди уюштуруу керек;

аялдама пунктунун аталышы, коомдук транспорттун каттамдарынын номерлери, алардын графиги жана интервалдары көрсөтүлгөн интерактивдүү картасы камтылган маалымат тактасы болуусу керек;

жашоочулардын коопсуздугун камсыз кылууну контролдоо үчүн жарыктандыруу жана видеобайкоо камералары болуусу керек.


  1. Бак-дарактарды күтүү жана карап багуу, шаардык аймакты жашылдандыруу

  2. Бак-дарактарды күтүү жана карап багуу.
  3. Шаардын абасы жана кыртыш чөйрөсү жашылдандыруу үчүн өсүмдүктөрдүн тукум куучулук биологиялык касиеттери калыптанган табигый шарттардан кескин айырмаланып тургандыктан, бак-дарактарды күтүүгө жана карап багууга өзгөчө көңүл буруу зарыл.
  4. Бак-дарактарды күтүү ушул Эрежелер жана бак-дарактарды күтүүнүн ченемдик-өндүрүштүк регламенти менен жөнгө салынат.
  5. Жашылдандыруу объекттерин күтүү - бул өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган жумуштардын комплекси:

учурдагы оңдоо;

бактарды жана бадалдарды, гүлдөрдү карап багуу боюнча жумуштар - өсүмдүктөрдү азыктандыруу, сугаруу, жумшартуу, отоо, зыянкечтерден, илдеттерден жана отоо чөптөрдөн коргоо, жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөрдү калкалоо (бардык катарлаш жумуштарды аткаруу менен), жер семирткичтерди, таштандыларды жүктөө жана түшүрүү, куураган жана авариялык бактарды кыюу ж.б.;

көк майсаңдарды карап багуу боюнча жумуштар – тырмоо, жумшартуу, азыктандыруу, сугаруу, отоо, таштандыларды жана түшкөн жалбырактарды жыйноо, топурак төгүү, көк майсаңдын жээктериндеги чөптөрдү кыркуу, өсүп кеткен чөптөрдү оруу, уу-химикаттар жана гербициддер менен тазалоо;


 

бактардын чуңкурларына (тешиктерине) металл торлорду көтөрүү жана төшөө;

көк майсаң жээктерин тазалоо жана жуу; гүл бакчаларды жана бакчаларды тосуу;

гүлзарларды жана гүл вазондорду карап багуу боюнча жумуштар - уруктарды себүү, көчөттөрдү жана тамырларды отургузуу, өсүмдүктөрдү сугаруу, жумшартуу, отоо, азыктандыруу, коргоо, таштандыларды чогултуу жана башка тиешелүү жумуштар;

компенсациялык жашылдандыруу.

  1. Бак-дарактарды талаптагыдай күтүү жана сакталышын камсыздоо жоопкерчилиги төмөнкүлөргө жүктөлөт:
    1. Жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймактарда - сейил бактарда, гүл бакчаларда, бульварларда, шаардык көчөлөрдө жашылдандыруу иштери Ош шаарынын мэриясынын жашылдандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органына.
    2. Чектелген пайдалануудагы жашылдандырылган аймактарда:

Турак-жай кичи райондордо жана квартал ичиндеги аймактарда – муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктарга, үй жана кварталдык комитеттерге, турак жай ээлеринин шериктештиктерине, турак жай-курулуш кооперативдерине, имараттарды ижарага алуучулга жана жер участокторунун ээлерине;

жарандык, өндүрүштүк курулуштардын чектериндеги, калкты тейлөөчү ишканалардын жана саламаттык сактоо, илим, маданият, билим берүү уюмдарынын аймактарында - бул уюмдардын жетекчилерине.

  1. Атайын багыттагы жашылдандырылган аймактарда - санитардык- коргоо, сууну коргоо, өрткө каршы жана башка зоналары бар уюмдардын жана ишканалардын жетекчилерине; темир жолдордун, көрүстөндөрдүн, питомниктердин боюндагы ж.б. аймактарда - бул ишканалардын жетекчилерине.
  2. Жеке турак жай курулуш аймактарында – жер участокторунун ээлерине.
  3. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын, чарба жүргүзүүчү субъекттердин аймактарында - бул субъекттердин жетекчилерине.
  4. Курулушка бөлүнгөн аймактарда - жер участоктору бөлүнүп берилген жеке жана юридикалык жактарга, ал эми курулуш жумуштары башталгандан тартып – подряддык уюмдардын жетекчилерине дагы.
  5. Жанаша жайгашкан аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн жоопкерчилик менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактарга жүктөлөт. Жанаша аймакты жашылдандыруу Ош шаарынын мэриясынын жашылдандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашылат.
  6. Бак-дарактарды сугаруу.
  7. Бактар жана башка бак-дарактар, өзгөчө шаардын көчөлөрүндөгү бак- дарактар үзгүлтүксүз сугарылып турууга муктаж, ал топурактын тамыр катмарындадайымаоптималдуунымдуулуктукамсызкылуугатийиш.

 

Дарактар топурактын нымдуулугу жалпы нымдуулуктун 60 пайызы толук нымдуулукта болгондо жакшы өсөт.

  1. Сугаруунун ченемдери жана мезгилдүүлүгү аба-ырайынын шарттарынан, топурактын механикалык курамынан жана анын нымдуулугунан, бактардын түрлөрүнүн нымдуулукту жакшы көрүү даражасынан жана кургакка чыдамдуулугунан, тамыр тутумунун жайгашуу тереңдигинен жана кеңдигинен көз каранды. Орто эсеп менен бактарды сугаруу жеңил механикалык курамдагы топуракта 1 чарчы метр сөңгөктүк чуңкурга 30 литр эсебинде жана оор механикалык курамдагы кыртышта - 50 литр эсебинде жүргүзүлөт; кумдуу жана жарым кумдак жерлерде сугаруунун мезгилдүүлүгү топурактуу жана чопо топурактуу кыртыштарга караганда жогору болууга тийиш.
  2. Кургакчыл климат шарттарында бак-дарактардын бардык түрлөрү үчүн сугаруу мезгилдүүлүгү, бактардын жана бадалдардын жаш өзгөчөлүгүнө карбастан, май айынан баштап октябрь айын кошуп алганга чейин 4-7 күндө бир жолудан кем эмес болушу керек.
  3. Температура +30° С жана андан жогору болгон шарттарда гүлзарларды сугаруу күн сайын эрте менен 8.00гө чейин жана кечки саат 20.00дөн кийин жүргүзүлөт.
  4. Тешиктердин үстүндөгү торчолору бар бак-дарактарды сугаруу ал торчолор алынгандан кийин жүргүзүлөт. Сугаруу аяктагандан жана чуңкурлар көмүлгөндөн кийин торчолор кайра ордуна коюлууга тийиш.
  5. Көк майсаңдын тилкесине отургузулган бак-дарактарды сугаруу, сугат суу түтүк орнотмосун, сугаруучу машиналарды жана мотопомпаны колдонуу менен жайылган бутактардагы, чуңкурдагы тамыр проекциясы боюнча жүзөгө ашырылат. Сугарылгандан кийин кабаттын пайда болушуна жол бербөө жана отоо чөптөрдүн чыгышын алдын алуу үчүн 2-3 см тереңдикте жумшартып казып коюу зарыл.
  6. Көк майсаңда тобу менен же жалгыз өсүп турган бактар жана бадалдар, гүл бакчалар, бакчалар жана сейил бактар үчүн арыктардан сугат суусун коё берүү менен жалпы сугаруу эң ыңгайлуу (алгылыктуу) ыкма болуп эсептелет.
  7. Бак-дарактарды ирригациялык тармактардан сугарууну уюштуруу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, бак-дарактардын баланс кармоочусу сугат суу түтүктөрүн жабдуу менен же көрсөтүлгөн жумуштарды аткаруу үчүн (адистештирилген) атайын техниканы тартуу менен бак-дарактарды үзгүлтүксүз сугарууну уюштурууга милдеттүү.
  8. Кургакчыл жылдарда бактарды күзгү жана жазгы нымдуулугун нормадан 3 эсес ашык жүргүзүү зарыл.
  9. Бактардын бутактарынын жана жалбырактарынын чаңдарын жууп кетирүү жана нымдоо үчүн сугарып тазалоочу машиналардан сууну чачуу жолу менен бактарды жамгыр түрүндө чачыратып сугаруу керек.

Вегетациялык мезгилде жалбырактуу бактар үчүн 5-6, ийне жалбырактар үчүн - 8-10 жолу чачуу зарыл.

  1. Саат 7.00дөн 17.00гө чейин сугат жүргүзүүчү Ош шаарынын мэриясынын жашылдандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынан

 

тышкары, жашылдандыруу объекттериндеги бак-дарактарды сугаруу баланс кармоочулар же подряддык уюмдар тарабынан эртең мененки убакта саат 8.00-9.00дөн кеч эмес же кечки мезгилде саат 18.00-19.00дөн кийин жүргүзүлөт.

  1. Ош шаарынын мэриясынын суу чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын уруксатысыз суу менен камсыз кылуучу системасынан ичүүчү суу менен бак-дарактарды сугарууга тыюу салынат.
  2. Бактардын шак-бутактарын кыюу, «бадал» тосмолорду тегиздөө.
  3. Шаардагы бак-дарактарды туура күтүү боюнча негизги иш-чаралардын бири болуп жайылган бутактарды кыюу эсептелет, аны атайын даярдалган (үйрөтүлгөн) бригадалар жүргүзүшөт. Бутоонун (кыюунун) төмөнкүдөй түрлөрү болот: санитардык, жашартуучу жана формага салуучу.
  4. Жайылган бутактарды санитардык кыюу картаң, ооруган, кургап бараткан жана жабыркаган бутактарды, ошондой эле шагынын ичине өсүп калган же бири-бирине жакындап калган бутактарды алып салууга багытталат. Борбордук сөңгөктөн тик өйдө же тигинен өсүп калган жаш бутактар да сынып калбашы жана сөңгөктө жаралар пайда болбошу үчүн милдеттүү түрдө алып салынууга тийиш (пирамидалык формадан тышкары).
  5. Санитардык кыюуну жыл сайын вегетациялык мезгил ичинде жүргүзүү керек. Бирок бир эле убакта көп бутактарды бутап салуу максатка ылайыксыз, ошондуктан аларды акырындык менен жылына 1-2 бутактан бутаган жакшы.
  6. Ооруган жана кургап калган бутактарды кыюу жандуу жерине чейин жүргүзүлөт, мында бутактар, алар негизделген шакекчеге чейин түбүнөн алынат, ал эми жаш бутактар - ага тийишпестен, «тышкы» бүчүрүнөн кыркылат.
  7. Формага салып кыюу бутакка көрсөтүлгөн форманы берүү жана аны сактоо, өсүмдүктөрдүн бийиктигин тегиздөө, скелеттик бутактарынын тегиз жайгашуусуна жетишүү жана жол белгилеринин, светофорлордун ж.б. даана көрүнүп туруусун камсыз кылуу максатында жүргүзүлөт.
  8. Бактарды жана бадалдарды формага салып кыюу бак-дарактардын жанданып өсө баштаган мезгилинде (апрель-май айларында) жүргүзүлбөйт.
  9. Кыюу жүргүзүүдө өсүмдүктөрдүн түрүнүн жана биологиялык өзгөчөлүктөрүн: бутак формасын, жашы боюнча анын өзгөрүү мүнөзүн, бутоону көтөрө алуу жөндөмүн, уйкудагы бүчүрлөрдүн ойгонуу мүмкүнчүлүгүн эске алуу зарыл.
  10. Бутоодон кийин дарактын кесилген жерин бакча чайыры менен же майлуу боёк менен дарылоо керек.
  11. Муниципалдык, айылдык аймактык башкармалыктардын аймагындагы өскөн бутактарды кыюу, авариялык бак-дарактарды кыюу, ошондой эле ташып чыгаруу баланс кармоочунун эсебинен жүргүзүлөт.
  12. Ош шаарынын муниципалдык менчигинде турган бак-дарактарды кыюунун, бузуунун жана кайра отургузуунун, сугаруунун тартиби, ошондой эле бак-дарактарды бузуу, кайра отургузуу жана жок кылуу учурундагы сугарууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу Ош шаардык кеңеши тарабынан бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

 
  1. Эркин өскөн бирючина бадалдарын кыюу системалуу жүргүзүлбөйт. Мындай бадал тосмолордун эски куурап калган жана жалбырактары ачылган абалдагы ашыкча коюланып кеткен бутактары кыркылат. Эркин өсүүчү бадал тосмолор эки-үч жылда бир жолу эс алуу мезгилинде суюлтулат.
  2. Жалгыз же топтолгон бадалдар дайыма кыркыла бербейт. Гүл бүчүрлөрү тегиз жайгашкан же былтыркы жылдын бутактарынын үстүңкү бөлүгүндө топтолгон бадалдар кыркылбайт. Бул бадалдардын гүлдөп бүткөн гүл топтору гана, зарыл болсо байланган мөмөсү кыркылат.
  3. Учурдагы жылда өскөн жаш бутактарында гүл бүчүрлөрү бар бадалдардын жана жайдын ортосунда же экинчи жарымында гүлдөгөн бадалдардын бутактары жазында (өскөнгө чейин) же кеч күздө анын түрүнө жана сортуна жараша 1/2 - 1/3 узундукта кыскартылат.
  4. Бактарды жана бадалдарды терең жашартуучу бутоо тиешелүү кызматтардан уруксат алгандан кийин гана жүргүзүлүшү мүмкүн.
  5. Бардык кыркылган жыгач материалдар (бактар, бутактар, бадалдар) жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан атайын бөлүнгөн жерлерде актыларга ылайык сакталууга тийиш.
  6. Кыркылган жыгач материалдарын чогултуу үчүн адистештирилген жер санитардык, өрт коопсуздугунун нормаларына жана зыянкечтердин таралышын болтурбоочу талаптарга ылайык келиши керек. Санитардык дарылоо адистердин (фитопатолог, энтомолог) сунуштарына ылайык үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек.
  7. Сакталган материалдарды эсепке алуу, инвентаризациялоо жана бак- дарактардын зыянкечтерин аныктоо үчүн адистер тарабынан туруктуу текшерүү жүргүзүлөт.
  8. Макулдашылган долбоору жок инженердик коммуникацияларда бак- дарактарды жана бадалдарды өстүрүүдө тармактык эксплуатациялоочу адистештирилген уюм инженердик коммункациялардагы авариялык абалды жоюу учурунда бак-дарактарды кыюуга жана бузууга укуктуу. Бузулган бак- дарактардын ордун толтуруунун баасы алынбайт.
  9. Көк майсаңдарды күтүү:
    1. Көк майсаңдарды туура күтүү бул аэрация, чөптөрдү чабуу, четтерин кесүү, отоо чөптөрдөн арылтуу, кошумча тоют берүү, сугаруу, күзүндө түшкөн жалбырактардан тазалоо жана оңдоо болуп саналат.
    2. Көк майсаңдарды кыркуу көк майсандардын баланс кармоочусу же (келишим менен) подряддык уюмдар тарабынан мезгил-мезгили менен чөп катмарынын бийиктиги 15-20 см жеткенде 7-10 см бийиктикке чейин жүргүзүлөт. Чабылган чөп 3 сутканын ичинде алынышы керек.
    3. Кар эриген мезгилде кар жааган убакта бакча жолдорун жана тротуарларды тазалоодон келип чыккан кардын үймөктөрүн жумшартуу жүргүзүлөт. Кар эригенден кийин жана жер кургагандан кийин партердик көк майсаңдарда чөптөрдү учтуу (курч) тырмооктор менен эки багытта тырмоону жүргүзүү, көк майсаңдарда топтолгон жалбырактарды алуу, топурактын аба алмашуусун жакшыртуу үчүн топуракты майдалап талкалоо керек.

 
  1. Жөнөкөй көк майсаңдарда жалбыракты объекттин маанилүүлүгүнө жараша туурасы 10-25 метрге чейинки тилкеде интенсивдүү кыймыл менен көчөлөдүн жана сейил бак жолдорун бойлой гана тырмап жыйноо зарыл. Жолдордон алыс токой бакчаларында жана сейил бактардын чоң көк майсаңдарында, массивдерде жана топтордо жалбыракты тырмоо жана ташып чыгаруу сунушталбайт, анткени бул органикалык заттардын жок болушуна, топурактын жакырлануусуна жана ашыкча эмгек жана материалдык чыгымдарга алып келет. Жалбыракты өрттөөгө катуу тыюу салынат, анткени ал компостолгондон (жер астына көмүлүп, нымдаштырылып жер семирткич жасалат) кийин баалуу жана өсүмдүктөргө тез сиңүүчү органикалык жер семирткич болуп эсептелет.
  2. Өнөр жай калдыктарынан аба жана кыртыш аябай көп булганган аймактарда жалбыракты тырмоо жана таштанды таштоочу жайга ташып чыгаруу зарыл.
  3. Зыянкечтерге жана ооруларга чалдыккан бактар өскөн жерлерде жалбырактарды түшкөндөн кийин тырмоо жана жок кылуу үчүн ташып чыгаруу зарыл.
  4. Көк майсаңдарда отоо чөптөрүн жок кылуу, аны чабуу жана отоо менен жүргүзүлөт. Кол менен отоо катый элек жаш көк майсаңдарда жүргүзүлөт.
  5. Отоо чөптөр гүлдөп, уруктанга чейин өскөн сайын отолот.
  6. Гүлзарларды күтүү.
  7. Кышында көп жылдык гүлзарларды өсүмдүктөрдүн түшкөн жалбырактары менен жабуу жүргүзүлөт. Жабуу алдында өсүмдүктөрдүн жерден 6-12 см бийиктикте болгон бардык бутактары жана жалбырактары кыркылат. Жабуу катмарынын калыңдыгы – 15-30 см түзөт.

Жабуу суук түшкөнгө чейин жүргүзүлөт.

  1. Декоративдүү-жалбырактуу төшөлүүчү өсүмдүктөр сүрөтүнүн тактыгын сактоо үчүн бир сезондо эки жолудан кем эмес кыркылып турат.
  2. Пияз сымал жана жемиш тамырлуу гүл өсүмдүктөрдү мезгил-мезгили менен казып алуу сунушталат: нарцисстер - 4-5 жылдан кийин, сциллдер, мускарлар, крокустар - 5-6 жылдан кийин, жоогазындар, гиацинттер, гладиолустар, монтбрециялар – жыл сайын.
  3. Гүлзарлардагы жана көк майсаңдардагы куурап калган жана көрктүүлүгүн жоготкон гүлдөр, жаңы өсүмдүктөрдү отургузуу менен тезинен алынууга тийиш.
  4. Жолдорду жана аймактарды күтүү.
  5. Жолдорду жана аймактарды күтүү таштандыларды шыпыруу, чогултуу, карды тазалоо, тайгалак учурда кум себүү жана башка жумуштардан турат. Жолдорду жана аймактарды шыпырууну кыймыл аз кезде эртең менен жүргүзүү керек. Жөө жүргүнчүлөр кыймылы көбөйгөн объекттердеги, ошондой эле мемориалдык, тарыхый жана башка жерлердеги бакча жана сейил бак жолдору белгиленген режим боюнча күн сайын шыпырылууга жана зарыл учурда жуулуп турууга тийиш.

 
  1. Кышында бакча жана сейил бак жолдору жана аймактары тоңуп калган учурда, алар кум же башка тайгалакка каршы материалдар себилип тазаланышы керек.
  2. Бакча жана сейил бак жолдорну жана аймактарын кардан тазалап туруу зарыл. Кар катып калганга чейин жумшак кезинде күрөлөт. Кыймыл көп болгон жолдордогу кар, ар бир кар жааган сайын күрөлөт.
  3. Зарыл учурларда жолдорду оңдоо жумуштары жүргүзүлөт. Топурак жолдорду бойлото четтери (көк майсандын) кыркылат, дөңдөрүн алуу жана чуңкурларын толтуруу, суу чачуу (нымдоо), 2 смге чейин катмарга кум себүү жана таптоо (ныктоо) (үч жолудан) менен жолдун бетин пландоо жүргүзүлөт.
  4. Плита менен капталган жолдордо бузулган плиталарды алмаштыруу, негизин тегиздөө жана ныктоо (тыгыздоо), чөптөрүн алып салуу керек.
  5. Жашылдандырылган аймактын абалына көзөмөл жүргүзүү боюнча көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы, муниципалдык жана айылдык аймактык башкармалыктар, үй жана кварталдык комитеттер, өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, экологиялык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка ыйгарым укуктуу органдар жүзөгө ашырат.
  6. Аймактарды жашылдандырууга даярдоо.
  7. Аймактарды даярдоо иштери бузула турган курулмалардын (имараттардын), дүмүрлөрдүн, курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан жана башкалардан тазалоодон, жыйноочу жерлерди белгилөөдөн, өсүмдүктөрдүн кыртышын уратуудан жана аны алуудан, ошондой эле бул же башка аймакты жашылдандыруу үчүн андан ары пайдаланылуучу өсүмдүктөрдү көчүрүп отургузуу үчүн жерлерди аныктоодон баштоо керек. Жер алдындагы курулмаларды, дубалдарды жана пайдубалдарды ажыратууда пайда болгон чуңкурларды кумдуу жана чопо аралаш топурактар менен толтуруу зарыл. Жер кыртышынын ылдый чөгүп кетпеши үчүн органикалык таштанды жана башка кандайдыр бир химиялык өндүрүштөгү калдыктар менен төшөөгө уруксат берилбейт.
  8. Майда органикалык таштандыларды (таарындылар, кырындылар) себилген топурактар менен аралаштырууга болот.
  9. Учурдагы бактарды сактоо үчүн кыртыштык төшөлмөнүн деңгээлин жогорулатуу зарыл болгон учурда, сөңгөктүн айланасына кургак кудук жана дренаждык тутум орнотуу керек; өсүмдүктөрдү сактоо деңгээлин төмөндөтүүдө терраса тутумун жана тирегич дубалдарды же бактын тамырынын өйдө жагын көмбөстөн, бузулуулардан тамырды сактаган (анча чоң эмес бийиктикте) бактын жер катмарын толтуруу зарыл.
  10. Сакталуучу бак-дарактардын зоналарына топуракты толтурууда же түшүрүүдө бактардын чуңкурчасы жана чөйчөкчөлөрү бактын сөңгөгүнүн алдындагы жер бетинен бутактын диаметринен 0,5 өлчөмдөн кем эмес жана 30 см ашык эмес болууга тийиш.

 
  1. Аймактарды куураган жана абалы начар бактардан тазалоо жер- жерлеринде бактарды бөлүү менен (же четке кулатылган бактарды бөлүү менен) жана сөңгөктөрдү андан ары ташып чыгаруу менен аткарылышы мүмкүн.
  2. Дүмүрлөрдү алып салуу дүмүрдү жулуп салуу жана талкалоо менен жүргүзүлүшү керек.
  3. Көчүрүп отургузуу үчүн аныкталган бактарды жана бадалдарды бак- дарактарды көчүрүп отургузуу эрежелерине ылайык казып алуу жана аларды ушул же башка объектти жашылдандыруу үчүн колдонуу зарыл.
  4. Аймактарды жашылдандыруу, аларды курулуш материалдарынын калдыктарынан, таштандылардан тазаланып, жер алдындагы коммуникациялар жана курулмалар, жолдор, өтмөктөр, тротуарлар төшөлүп, аянтчалар жана тосмолор орнотулуп бүткөндөн кийин гана аткарылат.
  5. Курулуш аянтчасында өсүмдүктөр кыртышын даярдоо жана аны андан ары пайдалануу тийиштүү КЧжЭ (курулуш ченемдери жана эрежелери) менен жөнгө салынат.
  6. Аймактарды жашылдандыруу үчүн пайдаланылуучу өсүмдүктөр кыртышы, анын жер кыртышынын тереңдигинде жайгашкан жердин үстүңкү катмарын алып салуу жолу менен даярдалат.
  7. Жумуштарды арзандатуу максатында кышында тоңгон топурагы менен ири көлөмдөгү отургузулуучу материалдарды отургузууга арналган чуңкурларды күзүндө же кыштын башында ээриген же бир аз тоңгон топурактарда даярдоо сунушталат.

Чуңкурлар жана траншеялар казылгандан кийин, капталдары жана түбү тегизделет жана тазаланат, тамыр системасын көмүү үчүн жанына кошумча топурак (кору) коюлат. Жашыл тосмолор үчүн траншеялар 3/4 көлөмгө топурак менен көмүлөт, калган топурак жакын жерде сакталат.

  1. Отургузулуучу материалдарга жана өсүмдүктөр топурагына карата талаптар.
  2. Питомниктерден алынган отургузулуучу материалдар сапаты жана параметри боюнча мамлекеттик стандартта жана ушул Эрежелерде белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
  3. Токой бакчаларында жана токой чарбаларында (токой маданиятында) отургузулуучу материалды тандап алууга тыюу салынат.
  4. Шаарда начар өрчүгөн, көрксүз бутактары менен (бир беткей, ийилген ж.б.), жаралары бар, бутактары жана сөңгөгү сынган, ошондой эле зыянкечтер жана илдеттер менен жабыркаган бактарды жана бадалдарды ташып келүүгө жана отургузууга катуу тыюу салынат.
  5. Бак-дарактарды оңдоо, реконструкциялоо жана реставрациялоо үчүн стандарт менен (КЧжЭ III-10-75) каралган чоң параметрдеги өсүмдүктөр пайдаланылышы мүмкүн.
  6. Гүлзарларды, көк майсаңдарды жашылдандыруу үчүн, көчөттөрдү отургузуу үчүн, оранжереяларда жана питомниктерде отургузулуучу материалдарды өстүрүү үчүн пайдаланылуучу өсүмдүк топурагы экологиялык абалын,зыянкечтердинличинкаларынынжанабактериялык,грибоктук

 

оорулардын жок экендигине карата баалоо үчүн талдоодон өткөрүлүүгө тийиш.

  1. Республиканын башка областтарынан жана чет өлкөлөрдөн көчөттөрдүн партиясын ташып келүүдө, өсүмдүктөрдүн ар бир партиясы химиялаштыруу, коргоо жана карантин чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын карантиндик фитосанитардык тастыктамасы (сертификаты) менен коштолушу керек.
  2. Ош шаарындагы питомниктерде отургузулуучу материалдарды сатып алууда, шаардын жашылдандыруу объекттерине зыянкечтердин, оорулардын жана отоо чөптөрдүн карантиндик жана башка коркунучтуу түрлөрүнө жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен бекитилген Кыргыз Республикасынын карантиндик фитосанитардык эрежелерин сактоо зарыл.
  3. Бактарды жана бадалдарды отургузуу.
  4. Аймакты (же объекттерди) жашылдандыруу боюнча жумуштар адистештирилген ишканалар жана уюмдар тарабынан, же алардын контролу алдында агротехника эрежелерин, КЧжЭни сактоо менен, Башкы пландын же белгиленген тартипте инженердик инфраструктура тармактарынын ээлери менен макулдашылган долбоордук-сметалык документтердин негизинде өсүмдүктөр табигый жалбыраксыз абалда (жалбырактары түшкөн көрүнүштө) же өсүмдүк организминин физиологиялык процессинин жигерденүүсүнүн төмөнкү абалында турган эң оптималдуу мөөнөттөрдө жүргүзүлөт.
  5. Жабык тамыр тутумундагы көчөттөрдү отургузуу боюнча жумуштар иш графигине жараша 25° С жогору эмес жана 15° С төмөн эмес аба температурасында жылдын бардык мезгилинде жүргүзүлүшү мүмкүн.
  6. Гибриддик теректин, ясень жалбырактуу клёндун, бай теректин, кайыңдын, эмендин ири өлчөмдөгү бактары көчүрүлүп отургузулбайт.
  7. Ири өлчөмдөгү бактарды көчүрүп отургузуу Ош шаарынын мэриясынын жашылдандыруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы жана айлана чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш.
  8. Шаарда жемиш берүү убагында аймакты булгаган же гүлдөө убагында массалык аллергиялык реакцияларды пайда кылган теректердин ургаачы экземплярларын жана башка өсүмдүктөрдү отургузууга жол берилбейт.
  9. Бактарды жана бадалдарды колдонуудагы курулуш эрежелерге жана ченемдерге ылайык отургузуу керек, тактап айтканда, имараттын дубалдарынан жана ар кандай курулмалардан өсүмдүктөрдү отургузуучу жерге чейин аралыктар көзөмөлдөнөт. Мында жол кесилиш зоналарында үч бурчтуу көрүнүштү камсыз кылуу үчүн 0,5 метрден ашык бийиктиктеги бактарды жана бадалдарды отургузууга тыюу салынат. Колдонуудагы курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык инженердик инфраструктура тармактарында жана алардын коргоо зоналарында бактарды жана бадалдарды отургузууга, көк майсаңдарды орнотууга тыюу салынат.
  10. Бактарды жана бадалдарды көчүрүп отургузуу орду инженердик коммуникациялардын ээлери менен макулдашылууга тийиш.

 
  1. Тигинен жашылдандыруу үчүн колдонулуучу конструкциялар көп жылга чыдамдуу, өрткө туруктуу материалдардан жасалышы керек. Конструкция фасадга бекитилген жерлерде жашылдандырылуучу объекттин тышкы тосмолорунун коопсуздугу камсыз кылынууга тийиш.
  2. Кампалардын, өндүрүш жана турак жай имараттарынын чатырындагы жашылдандырылган жана көрктөндүрүлгөн объекттерди түзүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылууга тийиш.


1-таблица

Курулмалардан өсүмдүктөрдү отургузганга чейинки аралык



Курулма элементи

Аралыгы метр менен чейин

бак

бадал

Имараттын жана курулманын тышкы дубалы

5,0

1,5

Троллейбус линиялары

5,0

3,0

Тротуарлардын жана бакча жолчолорунун

кыркалары

0,7

0,5

Көчөлөрдүн транспорт өтүүчү бөлүгүнүн чети, жол боюнун бекемделген тилкесинин жээги

жана арыктын кыркасы (жээги)

2,0

1,0

Жарыктандыруу тармагынын, троллейбустардын таяныч мамылары, галереялардын жана эстакадалардын

колонналары

4,0

-

2 метрге чейинки бийиктиктеги тосмолор

2,0

1,0

2 метрден ашык бийиктиктеги тосмолор

4,0

1,0

Терассалардын жантаймаларынын этеги жана

башкалар

1,0

0,5

Тирегич дубалдардын этеги же ички чеги

3,0

1,0

Жер алдындагы коммуникациялар, канализация,

газ түтүгү

1,5

-

Каналдын дубалынан жылуулук тармактары

2,0

1,0

Суу түтүк, дренаж

2,0

1,0

Күч берүүчү кабель жана байланыш кабели

(түтүктүн тышкы дубалынан)

2,0

0,7

Түтүктөр менен корголгон жер алдындагы

коммуникация тармактарынан (дубалдан)

1,0

0,5


Эскертүү: Келтирилген ченемдер шагынын диаметри 5 метрден ашпаган бактарга тийиштүү жана шагы чоң диаметрдеги бактар үчүн чоңойтулууга тийиш.


 
  1. Негизги көчөлөрдү бойлой отургузулган бактардын жана бадалдардын ортосундагы аралыктар 2-таблицага ылайык долбоор менен аныкталат.

2-таблица

Негизги көчөлөрдөгү бактардын жана бадалдардын ортосундагы болжолдуу аралыктар


Көк майсаң

Бактардын жана бадалдардын ортосундагы аралык

м.

Бактарды бир катар менен отургузуу

5-6

Бактарды эки катар менен отургузуу

7-8

Бадалдарды бир катар менен отургузуу:


Бийиктерди (1,8 метрден)

0,5-1

орточо жана кыскаларды

0,3-0,4

Тобу менен отургузуу:


бактарды

5-7

бадалдарды

0,3

Эскертүү: Бадалдарды көп катар отургузууда тилкенин туурасын өсүмдүктөрдүн ар бир кошумча катары үчүн 1,5-2 метрге чоңойтуу керек.

  1. Тоголоктолгон топурагы менен өсүмдүктөрдү жүктөө жана түшүрүү боюнча жумуштарды техникалык коопсуздук боюнча даярдыктан өткөн жана ушул жумуштун түрүнө атайын уруксаты бар бакча жумушчулары аткарууга тийиш.
  2. Бактарды жана бадалдарды отургузуу жана алып салуу боюнча жумуштардын алкагында бак-дарактардын санын тактоо максатында жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы жокко чыгарылган жана жаңы отургузулган көчөттөрдү эске алуу менен жылдын жыйынтыктары боюнча маалыматты муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына берүүгө тийиш.
  3. Бактардын жана бадалдардын өсүү мүмкүнчүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тийиштүү акт түзүлөт.
  4. Жаңы бак-дарактарды отургузуу, өзгөчө турак жай имараттарына жанаша жайгашкан аймактарда КЧжЭге жана ушул Эрежелердин талаптарына ылайык белгиленген тартипте долбоор боюнча жүргүзүлүүгө тийиш.
  5. Коммуналдык инфраструктуралык тармактарда жана турак жайларга жанаша корголгон аймактарда, бул тармактардын ээлеринин макулдугусуз, бактарды, бадалдарды жана туруктуу сугат системасы бар көк майсаңдарды отургузууга тыюу салынат.
  6. Көк майсаңдарды отургузуу.
  7. Көк майсаңдар жолдордун транспорт өтүүчү бөлүгүнөн ылдый жагына орнотулуп, толугу менен даярдалган, тегизделип пландаштырылган үстүңкү

 

катмарга төшөлүп, жалпак курулмалардан суунун өзүнчө агымын жана көк майсаңдагы жер астындагы агымын камсыздагандан кийин, түбүн 0,05-0,06 пайыз эңкейишти сактоо менен отургузулат. Үстүңкү катмардын калыңдыгы кадимки партер жана мавритандык көк майсаңдар үчүн – 20 см, спорттук газондор үчүн – 25 см болот.

  1. Партер жана спорттук көк майсаңдарды отургузууда керексиз өсүмдүктөрдүн жана башкалардын жоон тамырларын тазалоо үчүн жерди кылдаттык менен электен өткөрүү же гербициддер менен тазалоо милдеттүү түрдө жүргүзүлөт.


  1. Жашылдандырылган аймактардын бак-дарактарын коргоо

  2. Шаар аймагында жана шаардын чет жакасында жайгашкан бардык бак-дарактар, менчигинин түрүнө карабастан, Ош шаарынын бирдиктүү жашыл фондун түзүшөт жана корголууга тийиш.
  3. Жашылдандырылган аймактардын бак-дарактарын коргоо – бул учурда турган бак-дарактарды сактоого, калыбына келтирүүгө жана абалын жакшыртууга багытталган административдик-укуктук, уюштуруу-чарбалык, экономикалык, архитектуралык-пландоо жана агротехникалык иш- чаралардын тутуму.
  4. Бак-дарактарды коргоо шаардын ар бир тургунунун милдеттүү парзы болуп эсептелет. Сейил бактарга, гүл бакчаларга жана эс алуунун башка жерлерине баруучу бардык жарандар тазалыкты, тартипти сактоого милдеттүү. Бак-дарактарга этияттык менен мамиле жасап, тийиштүү органдарга эреже бузуучуларга каршы күрөштө көмөк көрсөтүүлөрү зарыл.
  5. Менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, өз аймактарында бак-дарактары бар жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле ушул Эрежелердин 185-пунктуна ылайык бак-дарактарды талаптагыдай күтүү жана сакталышын камсыздоо үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн жеке жана юридикалык жактар төмөнкүлөргө милдеттүү:

учурдагы бак-дарактарды жабыркоодон жана жок кылуудан толук сакталышын, өсүмдүктөрдүн зыянкечтерден, ооруулардан жана отоо чөптөрдөн коргоо иш-чараларын жүргүзүүнү камсыздоого;

ушул Эрежелерге жана башка ченемдик документтерге ылайык өз күчтөрү менен же жашылдандыруу боюнча адистештирилген ишканаларды бул жумуштарды аткарууга тартуу менен бак-дарактарды өз убагында квалификациялуу күтүүнү жана реконструкциялоо (капиталдык оңдоо) боюнча жумуштарды жүргүзүүнү камсыздоого;

бак-дарактар өсүп турган аймактарда тиричилик жана өнөр жай калдыктары, курулуш таштандылары, агынды суулар жана өсүмдүктөр үчүн зыяндуу башка заттар менен булганууга жол бербөөгө;

жайкы убакта жана кургакчыл аба-ырайында көк майсаңдарды, гүлзарларды, бактарды жана бадалдарды сугарууга;


 

көк майсаңдарды тебелегенге жана аларга курулуш материалдарын, кумду, таштандыларды, карды, муз сыныктарын ж.б. үйүүгө жол бербөөгө;

бак-дарактарды жана бадалдарды жаңы отургузууну, жолдордун тармагын өзгөртүү менен кайра курууну жана инженердик кызматтар менен белгиленген тартипте макулдашылган долбоорлор боюнча агротехникалык шарттарды так сактоо менен гана жүргүзүүгө;

бардык учурларда бакдарактарды жана бадалдарды күтүү жана оңдоо процессинде жүргүзүлүүчү кыюу жана кайра отургузуу ушул Эрежелердин жана технологиялык регламенттердин талаптарына ылайык жүзөгө ашырууга; жашылдандырылган    аймактарда   суу   көлмөлөрү   болсо,                                     аларды          таза кармоону жана 7 жылда бир жолудан кем эмес капиталдык тазалоону

жүргүзүүгө;

жылдык сметаларда бак-дарактарды күтүүгө каражаттарды бөлүүнү камсыз кылууга.

  1. Жашылдандырылган аймактарда төмөнкүлөргө тыюу салынат:

бак-дарактарды уруксат берилген кыркуу же кыюу учурларынан тышкары бак-дарактарга зыян келтирүүгө жана жок кылууга;

тиешелүү кызматтардын макулдугусуз бак-дарактарды, бадалдарды өзүм билемдик менен кыюуга жана отургузууга, огороддорду жана көк майсаңдарды отургузууга;

бактарды, сейил бак жолдорун тазалоодон алынган таза карды кошпогондо, таштандыларды, кар жана муздун үймөктөрүн пайда кылууга;

көк майсаңдарга шыпырындыларды жана башка булганыч нерселерди ыргытууга;

жалбырактар көп түшүп жаткан мезгилде жалбырактарды өрттөөгө, аларды лотокторго шыпырып таштоого, аларды бактардын жана бадалдардын сөңгөктөрүнө төгүүгө (аларды көчөлөргө чачпастан, үймөктөп чогултуп, компостирлөө үчүн атайын бөлүнгөн жерге алып салуу же таштанды жайына ташып чыгаруу максатка ылайык);

от жагууга жана өрт коопсуздук эрежелерин бузууга;

бак-дарактарга гамактарды, селкинчектерди, кирлерди кургатуу үчүн жиптерди илүүгө, бактардын шактарына мыктарды, илгичтерди кагууга, бактарга жарнамалык щиттерди, кулактандырууларды, номер белгилерин, көрсөткүчтөрдү, электр өткөргүчтөрүн, лампалардын электр чубалгыларын, желек жиптерин, тикенектүү зымды жана бак-дарактарга зыян келтирүүчү башка тосмолорду бекитүүгө;

бактардын ширесин, чайырын сыгып алууга, бутактарын кыюуга, оюп жазууга жана башка механикалык жабыркатууга;

белгиленген эрежелер боюнча макулдашуусуз инженердик коммуникацияларды төшөө үчүн казууларды жүргүзүүгө;

көк майсаңдарда, жашылдандырылган аймактарда жана бак-дарактары бар башка участоктордо транспорттук каражаттардын жана жеке мобилдик каражаттардын кирүүсү жана токтоп туруусуна;

көк майсаңдарга курулуш материалдарын жана таштандыларды таштоого;


 

гүлдөрдү жулууга жана бактардын жана бадалдардын бутактарын сындырууга;

балдар, спорт, медицина мекемелеринин, мектептердин, коомдук тамактануу жайларынын, дарыялардын, көлдөрдүн жана суу сактагычтардын суу коргоо зоналарынын аймактарында, жакынкы суу менен камсыздоо булактарынын биринчи жана экинчи санитардык коргоо зоналарынын аймактарында, турак жай имараттарына жана аба соргуч түзүлүштөрүнө түздөн-түз жакын жерде ар кандай пестициддерди колдонууга;

сейил бактардагы, гүл бакчалардагы, бульварлардагы, көчөлөрдөгү жана короо аймактарындагы бактардын, өзгөчө кайыңдардын жана ийне жалбырактуулардын шактарын актоого жана сырдоого.

  1. Бактардын сөңгөктөрүн чыланган акиташ же атайын курамдар менен актоо санитардык талаптар күчөтүлгөн айрым участоктордо (коомдук дааратканалардын, таштанды жана тиричилик калдыктарын чогултулуучу жайлардын, химиялык жана тамак-аш өнөр жай ишканаларынын жанына) гана жол берилет.
  2. Бактардын бутактарынын электр зымдарына тийбеши керек, светофорлорду, жол белгилерин, көчө көрсөткүчтөрүн жана үйлөрдүн номерлерин тосуп калышына жол берилбейт.
  3. Электр өткөргүч линияларынын коргоо зонасында (1 метр радиуста), ошондой эле көчө көрсөткүчтөрүн жана үйлөрдүн номер белгилерин тосуп калган жайларда бутактарды өз убагында бутоону бак-дарактардын баланс кармоочулары камсыздайт. Бутактарды бутоо электр өткөргүч линияларынын ээлери менен макулдашылган график боюнча жана өңдүрүштүк иштин технологиясын сактоо менен алардын контролу алдында жүргүзүлөт.
  4. Бактарды мыйзамсыз кыйгандык же жабыркаткандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зыянды өндүрүп алуу чаралары көрүлөт.


  1. Ар кандай багыттагы объекттерди долбоорлоодо жана курууда бак-дарактарды сактоону камсыз кылуу

  2. Азыркы жашылдандырылган аймактарды жаңыдан куруу, реконструкциялоо, реставрациялоо жана капиталдык оңдоо, ошондой эле компенсациялык жашылдандыруу боюнча бардык жумуштар белгиленген тартипте иштелип чыккан, макулдашылган жана бекитилген долбоорлоо документтер боюнча жүргүзүлөт.
  3. Имараттарды, курулмаларды, чоң көчолөрдү, инженердик коммуникацияларды куруу долбоорлорун иштеп чыгууда долбоорлоо уюмдары алынуучу бактардын санын көрсөтүү менен топографиялык негизде бактардын так сүрөтүн көрсөтүүгө тийиш (эгер бактар жок болсо, бул тууралуу планда түшүнүк берилет), мында учурда турган бак-дарактар максималдуу сакталышы керек. Жер алдындагы коммуникациялар мүмкүн болушунча бош жаткан зоналарга орнотулушу же бул максаттар үчүн техникалык тилкелер каралышы зарыл.

 
  1. Башкы пландын негизинде жалпы пайдалануудагы бак-дарактардын аймагы үчүн каралган аймакта курулуштарды куруу Жер пайдалануу жана курулуш эрежелерине жана шаар куруу документтерине ылайык ишке ашырылат.
  2. Шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган жер участогун курулуш үчүн тандоо актысын тариздөөдө бак- дарактарды, бактардын жана бадалдардын баалуу нускаларын максималдуу сактап калуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктайт.
  3. Курулуш иштерин жүргүзүүдө курулуш жана башка уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

аймактын юридикалык ээси менен бак-дарактар зонасында курулуш жумуштарын баштоону макулдашууга жана аны жумуштардын аякташы жөнүндө 10 суткадан кечиктирбестен билдирүүгө;

долбоорлоо документтеринде каралбаган дарак-бадал өсүмдүктөрүн жок кылууга, бактардын жана бадалдардын тамыр моюнчаларына жана сөңгөктөрүнө топурак төгүүгө жол бербөөгө, аларды сактоо боюнча чараларды көрүүгө: тосмолоо, төмөнкү жана жоон бутактарды жарым- жартылай бутоо, бактардын шактарын этияттап таңуу, бадалдардын жыгачтарын сугарууну милдеттүү камсыздоо менен байлоо. Кесилбей турган бактар бийиктиги 2 метр щиттер менен тосулушу керек. Щиттер бактын шагынан 0,5 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылууга тийиш;

шаардык өтмөктөрдү, аянттарды, короолорду, тротуарларды ж.б. төшөөдө жана асфальттоодо, кийин темирбетон торчосун же башка нерсени орнотуу менен бактын айланасына диаметри 2 метрден кем эмес эркин мейкиндикти калтырууга;

бак-дарактар турган райондо жолдорду, тротуарларды, троллейбустук линияларды жана башка курулмаларды реконструкциялоодо жана курууда төмөндөтүү же жогорулатуу үчүн тике белгилерди 5 сантиметрден ашык өзгөртүүгө жол бербөөгө. Тамыр тутумуна топурак төгүү же ачуу аргасыз болгон учурларда, долбоорлордо жана сметаларда бактардын өсүшүнүн ченемдүү шарттарын сактоо үчүн тийиштүү орнотмолор каралат;

көк майсаңдарда, гүлзарларда, ошондой эле бактарга 2,5 метр, бадалдарга 1,5 метр жакын аралыкта курулуш материалдарын үймөктөөгө жана транспорт жана автомобилдер токтоочу жайларды уюштурууга жол бербөөгө. Күйүүчү материалдарды чогултуу бактардан жана бадалдардан 10 метрден жакын эмес аралыкта жүргүзүлөт;

көтөрмө крандарды орнотуу үчүн кирме жолдорду жана орундарды бак- дарактардан тышкары жайгаштырууга жана бактардын белгиленген тосмолорун бузбоого;

бактардын жана бадалдардын тамыр тутуму зонасындагы иштерди тамыр тутумуна зыян келтирбестен, негизги скелеттик тамырлардан төмөн (жердин үстүңкү катмарынан 1,5 метрден кем эмес) жүргүзүүгө;

жаңы курулуштун бардык участокторунда жер кыртышынын үстүңкү катмарын сактоого жана көк майсаңдарды орнотууда же үзүлгөн үстүңкү катмарды ушул аймакты же жаңы аймактарды жашылдандырууда пайдалануу


 

үчүн жашылдандыруу ишканаларына өткөрүп берүү, андан ары пайдалануу үчүн курулуш аянтчасынын чет жагын бойлото үйүп алууга;

  1. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу инженердик инфраструктура тармактарын, ошондой эле инженердик коммуникацияларды эксплуатациялоочу адистештирилген уюмдар жолдорду оңдоо жана (же) реконструкциялоо боюнча жумуштарды жүргүзүүдө, бул тармактарда же алардын коргоо зоналарында түздөн түз турган бактарды жана бадалдарды алып салуу зарылчылыгы болгон учурда, бузулуучу бак- дарактардын калыбына келтирүүчү наркы алынбайт.


  1. Жашылдандырылган аймактарды инвентаризациялоо

  2. Шаар аймагында бак-дарактардын абалы жана саны жөнүндө анык маалыматтарды алуу үчүн жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан жыл сайын муниципалдык менчикте турган бак-дарактарды инвентаризациялоо жүргүзүлөт. Инвентаризациянын жыйынтыктары муниципалдык мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына берилет.
  3. Бак-дарактарды инвентаризациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт: шаарда бак-дарактардын саны боюнча так маалыматтарды алуу, аларды күтүүнү                каржылоо             үчүн                абалын               аныктоо    жана    жерлердин             тийиштүү

категориясына киргизүү, коргоо статусун жана тейлөө режимин аныктоо;

бак-дарактардын санын, категориясын жана тибин аныктоо менен бактардын жана бадалдардын түрлүк курамын (бактын паспорту), өсүмдүктөрдүн курагын, диаметрин (бактар үчүн), абалын, ошондой эле көк майсаңдардын жана гүлзарлардын аянттарын электрондук картага киргизүү менен белгилөө;

жашылдандырылган аймактарды күтүү, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо боюнча иштерди жөнгө салуу;

болгон өзгөрүүлөрдү өз убагында каттоо;

жашылдандырылган аймактардын жер пайдалануучуларын аныктоо жана алардын сакталышы жана абалы үчүн жооптуу уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды белгилөө;

жашылдандырылган аймактардын стационардык инженердик- архитектуралык курулмаларынын жана жабдууларынын (фонтандар, эстеликтер, скульптуралар ж.б.) болушун жана таандыктуулугун белгилөө;

шаардын жашылдандырылган аймактарын сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу;

статистикалык отчёттуулук жана шаардын жашыл чарбасын өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын иштеп чыгуу.

  1. Шаар аймагында жайгашкан, белгиленген чек аралары бар жана жооптуу жер пайдалануучуларга (мекемелерге, уюмдарга, ишканаларга же жеке адамдарга) пайдаланууга (ээлик кылууга, ижарага) берилген бардык жашылдандырылган аймактар инвентаризацияланууга тийиш.

 
  1. Жашылдандырылган аймактарда жайгашкан курулуштар жана жер үстүндөгү курулмалар аларды чыгаруу же сактоо жөнүндө тийиштүү чечимдерин кабыл алуу үчүн паспорттоштурулуучу жашылдандырылган аймактын функцияларына курулуштардын жана курулмалардын функционалдык багытынын ылайык келишин баалоо менен паспортто эске алынат.
  2. Жер участоктору менен бүтүмдөрдү каттоодо, жер участокторуна укуктарды өткөрүп берүүдө, юридикалык жана жеке жактардын укукка каршы иш-аракеттери менен бак-дарактарга олуттуу зыян келтирилген учурда, ошондой эле курулуш үчүн жерди бөлүп берүүнү тариздөөдө пландан тышкары инвентаризациялоо жүргүзүлөт.
  3. Пландан тышкаркы инвентаризациялоону жүргүзүү жана бак- дарактардын категориясына жараша өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттери төмөнкүлөргө жүктөлөт:

жер участокторун пайдалануу, ээлик кылуу, тескөө укугу өткөн жооптуу жер пайдалануучуларга;

авариялык жана башка өзгөчө кырдаалдардын же укукка каршы аракеттердин натыйжасында бак-дарактарга зыян келтирилген учурда муниципалдык мүлктү башкаруу маселеси боюнча Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына, жашылдандыруу чөйрөсүндөгү Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына.

  1. Жашылдандырылган аймакты паспорттоштурууда чакан архитектуралык формалардын, имараттардын, курулмалардын жана гидротехникалык курулмалардын бар болушу белгиленет; алар жөнүндө кыскача билдирүүлөр жана тигил же бул курулмаларды реконструкциялоо же объекттин аймагынан чыгаруу зарылчылыгы тууралуу маалыматтар келтирилет.


  1. Ош шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги

  2. Ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык тартиптик, административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилиги белгиленет.
  3. Менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан юридикалык жана жеке жактар ушул Эрежелерди бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик тартышат.
  4. Юридикалык жана жеке жактардын имараттарына көрнөктөрдү, кулактандырууларды, прейскуранттарды жана адепсиз сөздөрдү камтыган тексттер менен башка көрсөтмөлүү маалыматтарды жайгаштыргандыгы үчүн, ошондой эле шаардык, айыл жериндеги калктуу конуштарда адепсиз сөздөрдү камтыган тексттер менен тышкы жарнаманы жайгаштыргандыгы, ошондой эле калктуу конуштарда жайгаштыруу үчүн белгиленбеген жерлерге кулактандырууларды, баракчаларды, плакаттарды жана башка маалыматтык

 

билдирүүлөрдү чаптагандыгы, илгендиги үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.

  1. Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы жерлерин: жертөлөлөрүн, жарым жертөлөлөрүн, кургатуучу жайларын, чатырларынын астын, чатырларын, тепкич клеткаларын, лифттерин, подьезддерди, үй алдындагы аймактарды санитардык жактан күтүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 110-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
  2. Юридикалык жана жеке жактар көп батирлүү турак үйлөрдүн жалпы мүлк элементтерин: жертөлөлөрүн, жарым жер төлөөлөрүн, кургатуучу жайларын, чатырларынын астын, чатырларын, тепкич клеткаларын, лифттерин, подьезддерин, инженердик жабдууларын, үй алдындагы аймактарды өзүм билемдик менен пайдалангандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 111-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
  3. Юридикалык жана жеке жактар калктуу конуштагы аймакты көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы, ошондой эле ошол аймакта тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 114-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
  4. Юридикалык жана жеке жактар белгиленбеген жерлерге турмуш- тиричиликтик, өндүрүштүк, өнөр жай таштандыларын жана медициналык калдыктарды таштагандыгы, таштандыларды, турмуш-тиричиликтик катуу, өндүрүштүк, өнөр жай калдыктарын жана башка предметтерди өрттөгөндүгү, ошондой эле жалбырактарды өрттөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
  5. Юридикалык жана жеке жактар суу менен камсыздоонун адистештирилген уюмдарынын уруксатысыз суу түтүктөрүнөн ичүүчү суу менен бак-дарактарды сугаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 119-беренесине ылайык жоопкерчилик тартышат.
  6. Дарактарды жана бадалдарды алардын өсүүсүн токтото турган деңгээлге чейин мыйзамсыз кыйгандыгы же зыянга учураткандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (303-беренесинежана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

 
  1. Юридикалык жана жеке жактар жолду, көчөнү бузгандыгы, көчөнүн же жолдун өтүүчү бөлүгүн булгоонун алдын алууга карата чараларды көрбөгөндүгү, жолдун өтүүчү бөлүгүндөгү оңдоо-курулуш иштеринин натыйжасында бузулган жолдун же көчөнүн элементтерин калыбына келтирүү эрежелерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 177-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

Юридикалык жана жеке жактар Ош шаарынын аймагындагы жолдорду, тротуарларды же грунт жолдорду уруксатысыз жүргүзүлгөн жер казуу же курулуш иштеринин натыйжасында бузган учурда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, Ош шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринин жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык, бузулган тилкелерди өз эсебинен калыбына келтирүүгө милдеттүү жана жоопкерчиликке тартылышат. Эгерде бул талаптар аткарылбаса, Ош шаарынын муниципалдык кызматтары жолдорду жана тротуарларды өз каражаттарынын эсебинен калыбына келтирип, кеткен чыгымдарды бузган тараптан өндүрүп алууга укуктуу.

Мындан тышкары, уруксат берүүчү документтерсиз же тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдугусуз жолдордо жана көчөлөрдө ар кандай иштерди жүргүзүүгө тыюу салынат.

  1. Юридикалык жана жеке жактар участок айдоо, көчөттөрдү кыйып же зыянга учуратуу, чөптөрдү же топурактарды казуу, өз алдынча кирүүчү жолдорду куруу же бөлүүчү тилкени бузуу, канализациялык, өндүрүштүк, дренаждык жана саркынды сууларды дренаждык курулмаларга жана автожолдун тилкесиндеги коруктарга агызганы үчүн, тиешелүү органдардын макулдугусуз соода түйүндөрүнүн, тамак-аш түйүндөрүнүн, тейлөө пункттарынын же жарнама такталарын, паннолорду, афишгаларды, плакаттарды, баннерлерди, көрнөктөрдү, плакаттарды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү кургандыгы же уюштургандыгы үчүн, жолго, көчөгө, курулушка же уюмга тоскоолдуктарды жараткандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 179-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
  2. Юридикалык жана жеке жактар жолдун транспорт жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузгандыгы, жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чараларды көрбөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 180-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.

 
  1. Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жерлерди пайдалануу эрежелерин, анын ичинде жерлерди пайдалануунун жаратылышты коргоо режиминин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 239-беренесине жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
  2. Юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер мунапысынын объекттерине туура келген жерлерди кошпогондо, жерге жайгаштыруу долбоорлорунун жоболорун бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 242-беренесинин 1-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын башка колдонуудагы башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчиликке тартылышат.
  3. Келишимдик жана кепилдик милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн курулуш субъектиси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык административдик, жарандык-укуктук жана кылмыш жоопкерчилигин тартат.
  4. Жоопкерчилик чараларын колдонуу бузуучуну колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, ал тарабынан келтирилген материалдык залалдын ордун толтуруу жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине ылайык жол берилген бузууларды четтетүү милдетинен бошотпойт.



Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Сиздердин пикирлериңиздер биз үчүн маанилүү. Байланыш тел: 03222 5-55-12. 0552 02 10 72.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)