Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарындагы айрым көчөлөрдү жана орто билим берүү мектептерди атоо, аталыштарын өзгөртүү жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталууда.

Ош шаарындагы айрым көчөлөрдү жана орто билим берүү мектептерди атоо, аталыштарын өзгөртүү жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталууда.

30 апрель 2026, Четверг
0
0
Урматтуу Ош шаарынын тургундары!
 
 
Ош шаарынын мэриясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде Ош шаарындагы айрым көчөлөрдү жана орто билим берүү мектептерди атоо, аталыштарын өзгөртүү жөнүндө маселе Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталууда.
Кыргыз Республикасынын ““Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык,физикалык-географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүзөгө ашырылат.
Ошондуктан урматтуу шаар тургундары, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз.
Байланыш тел: (0554) 424-777.
 
Буйрутмачы: Ош шаарынын мэриясы.
 
Коомдук талкууга коюлуучу материалдардын курамы:
 
- Ош шаарындагы айрым географиялык объекттерди атоо жөнүндө токтом долбоор 2 баракта;
 
 
 
  
Долбоор
 
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXI СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
 
Т  О  К  Т  О  М
 
2026-жылдын ___–майы                    №                                          Ош шаары                                                                   
 
 
Ош шаарындагы айрым географиялык
объекттерди атоо жөнүндө
 
 
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын     34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Ош шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиясынын 2026-жылдын 9-мартындагы №Пр.9/107, 2026-жылдын 17-мартындагы №Пр.9/120, 2026-жылдын           20-февралындагы №Пр.9/85 протоколдорун карап жана талкуулап,             Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын 14-апрелиндеги №77 чечимин эске алып,       Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
 
1. Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн айылынын түндүк-батыш тарабында жайгашкан аты жок көчөгө Аданбай Берикбаевдин ысымы ыйгарылсын.
 
2. Ош шаарынын В.Чкалов көчөсү Усенбек Ниязбековдун ысымы менен кайра аталсын.
 
3. Төмөнкүлөргө макулдук берилсин:
– Ош шаарынын №1  Федченко атындагы жалпы билим берүү мектебин Насирдин Исановдун ысымы менен кайра атоого;
– Ош шаарынын №4 С.Киров атындагы жалпы билим берүү мектебин Султан Ибраимовдун ысымы менен кайра атоого;
– Ош шаарынын №8 жалпы билим берүү мектебине Молдо Нияздын (Эрназар уулу) ысымын ыйгарууга;
– Ош шаарынын №9 Рудаки атындагы жалпы билим берүү мектебин Сооронбай Жусуевдин ысымы менен кайра атоого; 
– Ош шаарынын №16 Кыргызстандын 40 жылдыгы атындагы жалпы билим берүү мектебин Жусуп Абдырахмановдун ысымы менен кайра атоого;
– Ош шаарынын №19 Шевченко атындагы жалпы билим берүү мектебин Рысбай Абдыкадыровдун ысымы менен кайра атоого;
– Ош шаарынын №25 Т.Омурзаков атындагы жалпы билим берүү мектебин Барсбек Кагандын ысымы менен кайра атоого;
– Ош шаарынын №27 XXIV Партсъезд жалпы билим берүү мектебин Азамат Мырзакуловдун ысымы менен кайра атоого;
– Ош шаарынын №39 Октябрдын 70 жылдыгы  жалпы билим берүү мектебин Түгөлбай Сыдыкбековдун ысымы менен кайра атоого;
– Ош шаарынын №44 жалпы билим берүү мектебине Жусуп Мамайдын ысымын ыйгарууга;
– Ош шаарынын №49 жалпы билим берүү мектебине Касым Тыныстановдун ысымын ыйгарууга;
– Ош шаарынын №70 жалпы билим берүү мектебине Ишеналы Арабаевдин ысымын ыйгарууга макулдук берүү.
 
4. Ош шаарынын мэриясына (Ж.Акаев) ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн мектептерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кароосуна сунуш берүү жагы милдеттендирилсин.
 
5.Объекттердин аталыштары жазылган көрнөктөрдү даярдоого             жана орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен табуу жана каржылоо Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгына(К.Абдыкадыров), аларды даярдоо жана орнотуу Ош шаарынын       мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Токтогон уулу Ж.) милдеттендирилсин.
 
6.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалына (А.Мокеев), Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Каныбек уулу) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.
 
7.Ушул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
 
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
 
9.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө  кырдаалдар маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына        (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
 
 
Ош шаардык Кеңешинин
төрагасы                                                                                     Б.Т.Баетов
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)