Ош шаарына караштуу Жапалак, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыктарынын аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин жана үлүштүк сугат айдоо жерлерине сугат сууну жеткирүү кызмат акысынын баасы
Ош шаарына караштуу Жапалак, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак айылдык
аймактык башкармалыктарынын аймагында жайгашкан айыл чарба
багытындагы мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин жана үлүштүк
сугат айдоо жерлерине сугат сууну жеткирүү кызмат акысынын баасын
кароо маселесин коомдук талкууга чыгаруу жөнүндө
Урматтуу Ош шаарынын тургундары !
Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясы жана “Ош шаарынын мэриясынын агрардык чарба” муниципалдык ишканасы тарабынан Ош шаарына караштуу Жапалак, Төлөйкөн, Кызыл-Кыштак айылдык аймактык
башкармалыктарынын аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун сугат айдоо жерлерин жана үлүштүк сугат айдоо жерлерин сугат суу менен камсыздоо үчүн 1 гектар сугат айдоо жерине суу жеткирүү кызматынын баасын 2500 сом өлчөмүндө бекитүү маселеси сунушталууда.
Аталган сумма төмөндөгүдөй эсептердин негизинде келип чыгууда:
Ош шаарынын мэриясына караштуу сугат айдоо жерлер жалпысы 3600 гектарды түзөт.
- 3600 га сугат айдоо жерине орточо эсеп менен алып эгиндерге сугат суу сезонунда төрт жолу суу берилгенде бир гектар эгинди бир жолу сугарууда 1200м3 суу сарпталат. - Эгинди бир жолу сугарууда 3600* 1200=4 320 000 м3 суу керектелет. - Сугат суу сезонунда орточо эсеп менен эгиндер төрт жолу сугарылганда 3600 * 4800м3 =17 280 000м3 суу керектелет.- 2026-жылга керектелүүчү сууну алуу үчүн Ош облустук жана Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыктары менен түзүлгөн келишимдин негизинде берилет.- 2026-жылга сугат сууга болгон төлөм: 17 280 000м3 х 0,15 тыйын = 2 592 000 сомду түзөт. - 0,15 тыйын 1м3 суунун акысы жылдын экинчи жана үчүнчү кварталдарына бекитилген баа. Жылдын экинчи жана үчүнчү кварталдарына 1м3сугат суунун акысы 0,15 тыйын, жылдын биринчи жана төртүнчү кварталдарына 1м3 сугат суунун акысы 0,05 тыйын болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 16-фералындагы №9 Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызматтардын тарифтеринин прейскурантын макулдашуу жөнүндө буйругунун негизинде эсептелип чыгарылган.
- Ош облустук жана Кара-Суу райондук суу чарба башкармалыктарынан сатып алынуучу сугат сууга болгон төлөм 2 592 000 сом;- Ички канал арыктарды чаап тазалоого, бетон арыктарды оңдоп курууга, суу тосмолорун (шлюз) алмаштырууга ж.б чыгымдарга 2026-жылга 1 838 000 сом.- Ош шаарынын мэриясына караштуу сугат айдоо жерлерине сугат сууну жеткирүү кызматынын эмгек акыларына (мураптардын эмгек акылары) 4 064 000 сом;- Атайын техниканы күтүүгө (эксковатор, жүк ташуучу Хово үлгүсүндөгү унаа) 350 000сом;- транспорттук чыгымдарга (мураптардын транспорттук чыгымдарына) 165000 сом; Жалпы чыгым 9 000 000 сомду түздү 9 000 000 / 3600 = 2500 сом бир гектар сугат айдоо жерине бир жылдык сугат сууну жетикирүү кызматынын баасы.
Тарифке суу чарба ишканасынан сууну сатып алуу акысы кошо эсептелген.
Ошондуктан ушул маселе боюнча урматтуу шаардыктар сиздерден сын-сунуш, пикирлерди күтөбүз. Сиздердин пикирлериңиздер биз үчүн маанилүү. Байланыш тел: 0555 59 74 59. 0778 45 17 27.

Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:
27 январь 2026, Вторник
“Ош шамы” гезитинин редакциясынын гезиттин редакциялык жана курьердик жеткирүү бааларын жогорулатуу маселесин коомдук талкууга чыгаруу жөнүндө Урматтуу Ош шаарынын тургундары ! Ош шаардык Кеңешинин кароосуна Ош шаарынын мэриясы тарабынан, Ош шаарыны
Пикирлер (0)