Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-03-07
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарындагы айрым географиялык объекттерди атоо жөнүндө

Ош шаарындагы айрым географиялык объекттерди атоо жөнүндө

03 июнь 2026, Среда
12
0

Урматтуу Ош шаарынын тургундары!



Ош шаарынын мэриясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде, Ош шаарындагы Т.Касымбеков проспектиси менен И.Раззаков проспектисин бириктирген ички көчөнү Чоң-Алай көчөсү деп атоо, Төлөйкөн айылынын Ж.Мамытов көчөсү, №32 дарегинде жайгашкан жаңыдан курулган жалпы билим берүү мектебине Чекир Базаровдун ысымын ыйгаруу жөнүндөгү маселе Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунушталууда.

Кыргыз Республикасынын ““Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарына ылайык, физикалык-географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүзөгө ашырылат.

Ошондуктан урматтуу шаар тургундары, аталган маселе боюнча сиздерден сын-сунуштарды, пикирлерди күтөбүз.

Байланыш тел: (0554) 424-777.


Буйрутмачы: Ош шаарынын мэриясы.


Коомдук талкууга коюлуучу материалдардын курамы:


Ош шаарындагы айрым географиялык объекттерди атоо жөнүндө токтом долбоор 2 баракта;





















Долбоор


ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН XXI СЕССИЯСЫ

(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)


Т  О   К  Т  О  М


2026-жылдын ___–июну                           №                                              Ош шаары                                                                    



Ош шаарындагы айрым географиялык

объекттерди атоо жөнүндө



Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын     34-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-мартындагы №149 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында географиялык объекттерди атоо, кайра атоо, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоо тартиби жөнүндө” Жобого ылайыкОш шаарынын мэриясынын алдындагы географиялык жана мамлекеттик маанидеги обьекттерди атоо жана аталыштарын өзгөртүү боюнча атуулдардан, жамааттардан келип түшкөн кайрылууларды, арыздарды кароо боюнча комиссиясынын 2026-жылдын 1-июнундагы №Пр.9/243, 2026-жылдын 3-июнундагы №Пр.9/249 протоколдорун карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2026-жылдын ___-июнундагы №___ чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:


1. Ош шаарынын Т.Касымбеков проспектиси менен И.Раззаков проспектисин бириктирген ички көчө Чоң-Алай көчөсү деп аталсын.


2. Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Ж.Мамытов көчөсүнүн №32 дарегинде жайгашкан жаңы курулган жалпы билим берүү мектебине Чекир Базаровдун ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.


3. Ош шаарынын мэриясына (Ж.Акаев) ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жалпы билим берүү мектебин атоо боюнча Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кароосуна сунуш берүү жагы тапшырылсын.


4.Объекттердин аталыштары жазылган көрнөктөрдү даярдоого              жана орнотууга кеткен чыгымдарды жергиликтүү бюджеттин эсебинен  табуу жана каржылоо Ош шаарынын мэриясынын финансы башкармалыгына (К.Абдыкадыров), аларды даярдоо жана орнотуу Ош шаарынын        мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына (Токтогон уулу Ж.) милдеттендирилсин.


5.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош филиалына (А.Мокеев), Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына (А.Каныбек уулу) учеттук-инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү милдеттендирилсин.


6.Ушул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын, жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.


7. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.


8.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология жана өзгөчө  кырдаалдар маселелери  боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына         (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.



Ош шаардык

Кеңешинин төрагасы                                                                          Б.Т.Баетов

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)