Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Шаардык Кеңештин депутаттары калаа жашоочулары менен жолугушту

Шаардык Кеңештин депутаттары калаа жашоочулары менен жолугушту

07 декабрь 2022, Среда
442
0

    Бүгүн, 7-декабрда Ош шаардык Кеңешинин  №93 токтомуна ылайык, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын эли-шайлоочулар менен жолугушуп, шайлоочулардын ой-пикирлерин жана сунуштарын угушуп, суроолорго жооп беришти. Жергиликтүү тургундардан жол тыгындары, ресторан, таза суу, тротуар, базар, тазалык, свет, курулуштар, жылуулук жөнүндө ар тараптуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп беришти. 

Жолугушууга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

  Жыйынтыгында 2023-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчурдуу маселелер кат жүзүндө берилди.

   Эске сала кетсек, кийинки жолугушуу 2022-жылдын 8-декабрында Амир –Темур муниципалдык аймактык башкармалыгында  саат 14:00дө өтөт.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)