Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу уланууда

Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын шайлоочулар менен жолугушуусу уланууда

08 декабрь 2023, Пятница
320
0


                Бүгүн, 8-декабрь күнү Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту. 

           Жолугушууну Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Назылбеков Салман Сатыгулович ачып, шаардык Кеңештин жыл ичинде аткарган иштерине токтолуп, чогулуштун катышуучуларына кеңири маалымат берди.

           Шаар тургундары тарабынан суу, тазалык, свет, оңдоп-түзөөнү талап кылган жолдор, газ түтүктөрү, билим берүү мекемелеринин жетишсиздиги, жол жээгине чыгып кеткен курулуштар жана жылуулук жөнүндө ар тараптуу көйгөйлөр айтылып, алар боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери жеринде жооп беришти.

           Эл өкүлдөрү шаар тургундарынын көйгөйлүү маселелери боюнча суроолоруна жеринде жооп беришип, сунуш-талаптарын кабыл алышты.

           Ошондой эле, 2024-жылы аткарылуучу иш-планга киргизе турган бир канча орчундуу маселелер кат жүзүндө берилди. 

            Белгилей кетсек, кийинки жолугушуу 2023-жылдын 11-декабрында №6 “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында саат 15:00дө өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)